Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда “Супер-Инфо” гезитиндеги “Өкмөт жооп берет” рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg сайтына кирип, “Суперстандагы” “Өкмөт жооп берет” бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Соболдоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-27
Бул ирет Социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Соцфондго байланыштуу суроолорго орун бердик.
«АЙЛЫГЫМДАН КАРМАЛГАН АКЧА КАЙДА ЖУМШАЛАТ?»
– 3 жылдан бери жеке менчик ишканалардын биринде иштейм. Ай сайын айлыгым банкка которулат. Анын канча бир өлчөмү салыкка деп кармалат. Ошол кармалган акчалар кайсы максатта, эмнеге жумшаларын билгим келет. Бул тууралуу маалымат берип коюуңуздарды өтүнөм.
Самат Арыкбаев, Бишкек шаары
– Өлкөбүздө иштеп жаткан ар бир адам мамлекеттик кызматта же жеке ишкерлик менен алек болгонуна карабастан, камсыздандыруу төлөмүн төлөп турууга милдеттүү. Бул төлөм ал адамдын алган айлыгынын 10 пайызын түзөт. 10 пайыздын 8 пайызы пенсиялык фондго келип түшө турган болсо, калган 2 пайызы ошол адамдын жеке эсебине, чогултулуучу фондго багытталат. Эгерде жарандын банкта өздүк эсеби жок болсо, ошондой эле төлөмдү продукцияны реализация кылуудан түшкөн каражаттын эсебинен төлөй турган болсо, камсыздандыруу төлөмдөрү ар бир айдын онуна чейин Социалдык фонддун эсебине төгүлүп турушу кажет.
Ал эми бардык аракет банк аркылуу жүргүзүлсө, анда ар бир айдын он бешине чейин төлөөгө мүмкүнчүлүк болот. Андан соң бардык төлөмдөр РСК банкы аркылуу Социалдык фонддун эсебине келип түшөт. Ошондой эле ар бир мекеме же ишкана ай сайын ар бир кызматкерине өзүнчө социалдык камсыздандыруу боюнча эсеп-чот документин берүүгө тийиш. Ал документтер аркылуу Соцфонд мекемелердин кызматкеринин кайсы айда канча айлык алганын жана камсыздандыруу төлөмү толук төлөнгөнүн же төлөнбөгөнүн текшерип турат. Акыры келип бул маалыматтар ал жарандын пенсиясынын көлөмүн бекитүүгө колдонулат. Мындай төлөмдөрдөн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, 1-2-топтогу майыптар жана 16 жашка чейинки өспүрүмдөр гана бошотулган. Андыктан ар бир жаран өз карылыгын камсыз кылууну колго алуусу керек.
Суроого КРнын Социалдык фондунун Киреше башкармалыгынын башчысы Нуржан Урустамова жооп берди.
«ДЕКРЕТТИК ӨРГҮҮГӨ КАНТИП ЧЫГАМ?»
– Декреттик өргүүгө чыга албай жүрөм. Каттоом Нарын шаарында. Өзүм Ат-Башыда жашайм. Чыгайын десем, “күйөөңдүн наамында жериңер бар экен” дешти. Өз наамымда катталган жер жок. Кантип чыксам болот?
Аида Айдакеева, Ат-Башы району
Убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук, төрөт боюнча жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнөт:
• иш берүүчү менен эмгек келишимин түзгөн адамдарга;
• жеке ишкерлерге;
• дыйкан (фермер) чарбаларынын (мындан ары ДФЧ) мүчөлөрүнө.
Жөлөкпулдарды алууга укук төмөнкүдөй:
• кызматкерлер үчүн эмгек келишими түзүлгөн күндөн тартып жөлөкпул дайындалат жана эмгек келишими аяктаган күнү токтотулат;
• жеке ишкерлер салык төлөгөн, патент алган же салык келишимин түзгөн айдан тарта жөлөкпул чектелет жана алардын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганда токтотулат;
• ДФЧнын мүчөлөрү жер тилкесине жеке менчик укугу белгиленген учурдан тартып чыгышат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө Социалдык коргоо башкармалыктары тарабынан төмөнкүлөргө дайындалат жана төлөнөт:
• жумушсуздун расмий статусу бар, иш менен камсыз кылуу кызматында эсепте турган адамдарга бардык жумушчу күндөр үчүн;
• юридикалык жакты түзбөстөн патенттин негизинде же салык келишиминин негизинде иштеген жеке ишкерлерге 11-жумуш күнүнөн тартып;
• юридикалык жакты түзбөгөн, анын ичинде жер үлүшүн ижарага тапшырган ДФЧнын мүчөлөрүнө 11-жумуш күнүнөн тартып.
Эгер ДФЧга мүчө болгон, бир аймактан башка жакка көчкөн айым жер тилкесине ээ болсо жана мурдагы жашаган жери боюнча жер салыгын төлөсө, анда жаңы жашаган жери боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укуктуу. Эгерде сиз ДФЧнын мүчөсү болсоңуз же ата-энеңиздин жер тилкеси бар болсо, салык төлөп, патентте ДФЧ мүчөсү деген статусуңуз болсо, ушунун негизинде жөлөкпул чектелмек.
Суроого Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Зайнап Исакова жооп берди.