СУПЕР СУЛУУ-2012

Жакында жаңы жыл.Жыл соңунда артка кылчайып, баарыбыз өткөн жылга жыйынтык чыгарат эмеспизби. Ошол жыйынтык чыгаруучу маал да келди. «Супер-Инфо» гезити жылдын мыктыларын аныктоого арналган концертке кызуу даярдык көрүп жаткан учуру. Концерттин өзгөчөлүгү, 2 жылдан бери «Супер сулуу» сынагы менен коштолуп келатканында. Баш байге кыштын кыраан чилдесинде экзотикалык жылуу өлкөгө эс алып келүүгө жолдомо. Ошол байге үчүн ат салышып келаткан кыргыздын кымча бел сулууларынын эң чырайлуусун тандоо мезгили келди. 7-8-декабрь күнү Спорт Ордосунда өтчү концертте «Супер сулуу-2012» сынагынын жеңүүчүсү аныкталат.
Сынактын жыйынтыгын чыгарууга чейин дагы бир кадам, сулуулардын бикиничен сүрөттөрү. «Супер сулуу-2012» сынагына катышкан 22 кыздын ичинен финалчылар аныкталып, бийкечтердин бикини менен сүрөтүн сиздерге тартуулайбыз. Эмне үчүн бикини? Ушинтип сүрөткө түшүү кыргыздын кыздарына жарашабы? Бизге ушундай суроолор көп берилет. Биздин бул аракетибиз, сулуулук сынактарына катышып жаткан кыргыз кыздарына дүйнөлүк масштабга чыгууга тажрыйба берүү. Бикиничен чыгуу дүйнөлүк деңгээлдеги сулуулар сынагынын ар биринде негизги тапшырмалардын бири. Эгер Кыргызстандан чыккан сулуу «Дүйнө сулуусу» же «Аалам периси» аталса, анда ар бир кыргыз сыймыктануу менен кол чабары турган иш.
Бул бийкечтер калган өнөрлөрүн сиздер үчүн супер концертте тартуулашмакчы. Кымбат баалуу асыл таштар менен кооздолгон таажы кийип, кыштын чилдесинде экзотикалык өлкөнүн бирине барып эс алып келүү бактысы кимге буюрат, аны чогуу аныктайлы.

– Эмне үчүн дал сен «Супер сулуу -2012» аталышың керек?
– Омар сага көз салып калды дейли...
– Максатыңа жетүү үчүн кандай курмандыкка барасың?

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
SOlJ_boy
2012-11-27 11:54:04
Igamberdieva Aida Ya Za Teb9 Boleu!Ti suuupeR uda4i!!!
+6
kumushai
2012-11-27 12:00:30
Гулназ сулуу кыз экен
-6
Adik1
2012-11-27 12:13:27
ИИИИй Аида чыккан тура суйом ушу кызды.супер сулуу наамыны татыктуу кыз.Аиданын номерин бергилечи пожалуйстаааа
+4
Chiko.kg
2012-11-27 21:04:57
Аида Гулнара Гулнас учоо таймашатго дейм менимче учоонор тен сулуу экенсинер мага Гулнара озгочо жакты ак жол.
0
jaina
2012-11-28 10:13:59
Chiko.kg, кайсы Гүлнараны айтып жатасыз? Гүлнара деген кыз жок, же Гүлназ, же Гүлнура болушу мүмкүн.
0
Jamalym
2012-11-27 21:44:50
Аида Игамбердиева,Гулнура Каныбек кызы жана Арслана Малиева татыктуу кыздар экен.Бирок бардык талаптарга жооп берген,мучо-бою келишкен бир гана Арслана экен.Буту туз,узун экен жана плечосун,боюн туз кармап тушкон.Гран-прини Арслана алат деп 100%кепилдик берем.
-2
konya
2012-11-28 09:16:12
Гузеля 100%
-3
admin_AGAT
2012-11-28 09:30:02
baksid - 30 күнгө банга!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
clever777
2012-11-29 11:39:05
Суроттон баары эле жакшынакай корунуп аткан. Видеодон коруп конулум тойгон жок. Мурунку сулууларга жетпейт экен. Не дейбиз эми ийгилик каалайм.
0
Periwa
2012-11-29 12:13:25
Aida skromnaya,milaya i krasivaya devuwka iznachalno za nee boleiu...Udachi tebe Aida!!!
+3
Love_kg
2012-11-29 15:26:44
Арслана, Гузелья, у Альбины красивые глаза!!!! молодцы девчонки я за Вас болею!!
-1
aelinaaa
2012-11-29 16:48:34
Арслананын мучо келбети жакшынакай экен.Аида да калышпайт.Не болсо да баарынарга ийгилик кыздар.
0
becko...
2012-11-30 11:50:07
Аида ж-а Арслана ничешшки экен!)))
+2
Alinka_jan
2012-11-30 12:53:15
А я за Аиду!!! Аида ты молодец и я верю в тебя!!!Она самая красивая!!!
+1
semirbedim
2012-12-02 09:54:09
Альбина да сулуу экен.
0
oma83
2012-12-07 20:31:12
Гузелянын жылмайганы кундун нуру чачылгандай экен!
+1
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан