ЖӨЛӨКПУЛДУ «ЖЕГЕНДЕР» ЖАЗАЛАНДЫ

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин аудит кызматы Кара-Суу райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жумушун текшерүү учурунда орой мыйзам бузуулар орун алып келгенин аныктап чыкты. Министрликтин маалыматына ылайык, аталган райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын айрым кызматкерлери «Кыргызпочтасынын» кызматкерлери менен ич ара келишип алып, тиешелүү адамдарга берилүүчү жөлөкпул менен акчалай компенсацияны өздөрүнө жаздыртып, тымызын чөнтөккө салып жүрүшкөн.
Окуяга байланыштуу Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов: «Бул мыйзам бузууга тиешеси бар Кара-Суу райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жумушунан айдалды. Ал эми жетекчилигине сөгүш жарыяланды. Окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, бүгүнкү күнгө карата мамлекетке келтирилген чыгым кайтарылууда. Тилекке каршы, бул сыяктуу көрүнүштөр башка башкармалыктарда да жок деп айта албайм»,- деди. Ошондой эле Кылычбек мырза текшерүү иштери күчөтүлөрүн баса белгилеп өттү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rostov-on-Don
2012-11-29 20:13:15
Азаматсыз!
0
jipara86
2012-11-29 22:46:04
Жакшы текшериниз ар бир почтадан чыгат.
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан