Добуш берчү күн – 25-ноябрь жакындаган сайын партиялар арасында компроматтар тиреши күч алды. Мындан сырткары шайлоочулар тизмесинин тегерегиндеги чырлар, басмаканада табылган ашыкча бюллетендер жана башка маселелер шайлоо күнү ар кандай чагымчыларга түрткү болушу мүмкүндүгү айтылууда.
АШЫКЧА БЮЛЛЕТЕНДЕР КИМГЕ?
Боршайком салтка айланып калгандай мамлекеттик «Учкун» басмаканасында эмес, быйыл бюллетендер боюнча тендер өткөрүп, «Континент» басмаканасын тандаган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, бул басмакананын жетекчилери УМККнын коррупцияга каршы кызматында кылмыш иштери боюнча тергөөдөн өтүшүүдө. «Эмне үчүн быйыл бюллетендер «Учкун» мамлекеттик басмаканасында басылган жок?» деген суроо дагы жоопсуз калууда. 9-ноябрда «Континенттен» БШКнын аппарат кызматкерлери башка эле документтерди издеп жатып, 1936 даана ашык басылган бюллетендерди таап алышкан. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов окуя дыкат иликтенерин убада кылганы менен, шайлоого аттанган партиялар арасында «ашыкча бюллетендер добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо үчүн даярдалган» деген шектенүүлөрдү пайда кылды. Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын тизмеси шайлоого 3 күн калганда такталып бүтөт, ага чейин шайлоочулардын саны көбөйүп кетиши мүмкүн. Андыктан БШК табылган ашыкча бюллетендерди жок кылбоону суранууда. Бул ар шайлоо сайын боло берчү көрүнүш экенин да белгилешүүдө.
ШАЙЛООЧУЛАР ТИЗМЕСИНДЕГИ АЙЛАМПА
21-ноябрдагы республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев шайлоо күнү шайлоочулардын тизмесинде көйгөй болорун ачык эле мойнуна алды. Бишкектин тегерек-четинде 48 жаңы конуш бар, анда 260 миңдей жаран жашаса, алардын 32 пайызы, тактап айтканда, 85 миңден ашыгы шаарда катталган эмес. Чиновниктер тизмеге кирбей калган шайлоочулар добуш берүү күнү «жарандык милдетибизди аткарабыз» деп талап кылып, чагым уюштурулушу мүмкүндүгүн айтышууда. Бирок күч органдары 25-ноябрда коопсуздукту катуу көзөмөлгө аларын билдиришти. Ал күнү өлкө боюнча 5 миңден ашык милиция кызматкерлери тартипти сактаса, андан сырткары элдик кошуундун 9 миңге жакын өкүлдөрү күзөткө чыгышмакчы.
ШАРТТЫ БУЗГАНДАР «ОЮНДАН» ЧЫГАРЫЛАТ
Үгүт кампаниясы башталгандан бери БШК «Республикага» 4 жолу эскертүү берди. Акыркысы Транспортчулар партиясынын кайрылуусунун негизинде болду. Алар БШКга «республикачылардын» ат майданда өткөргөн үгүт иштеринде элге акча таратканы тартылган видеотасманы беришкен. БШК азыркы учурга чейин «Республика» партиясына эскертүү берүү менен гана чектелип келе жатат. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов партияны жарыштан четтетип салууга азырынча олуттуу негиз жок деп эсептейт. Башкы прокуратура болсо үгүт башталгандан бери мыйзам бузуулар боюнча 14 акт түздү. Мисалы, Нарын облусунун Эмгек-Талаа айылынын айыл башчысы жергиликтүү кеңешке талапкер болуп туруп, ушул кезге чейин кызматында кала берген.
Шайлоого каттоодон өткөн 23 партиянын баары барары анык болду. Анткени 22-ноябрдан кийин, тактап айтканда, шайлоого 3 күн калганда БШК кайсы бир партияны өнөктүктөн четтете албайт.