ЮСУПОВ ТҮРМӨДӨ ОТУРУП СОТТОРДУ БАШКАРЧУ БЕЛЕ?

Бул аптада Абдулла Юсуповго байланыштуу дагы бир окуянын изи ачыкка чыкты. 2011-жылдын октябрынан 2012-жылдын март айына чейин аны менен бир камерада отурган Нургазы Бакаевдин ИИМдин тергөөчүсүнө берген көрсөтмөсү көрсөтүлдү. Ал: «Юсупов «Ата Журттун» депутаттары түрмөгө келип турганын, президенттик шайлоо учурунда эгерде Камчыбек Ташиев президент болсо, СИЗОдон чыгарыларын айтып берчү. Камерада чогуу отурган Азамат Өмүралиевди «Асылбек Текебаев мени Июнь окуясына аралаштырган деп айт» деп сабаган. Анын ордуна Өмүралиевдин иши боюнча сот менен сүйлөшүп берерин айткан. Атүгүл камерада отуруп алып соттун телефонуна чалган. Юсупов «шеф, шеф» деп кайрылып, Акжолов деген милиция кызматкерине дамамат чалып, отчёт да берип турчу. Бир жолу мага да «Текебаев, Шер жана Төлөгөновго каршы көрсөтмө бере алган балдарды топто» деген. Эгерде анын сөзүн аткарсам, акча берем деп айткан»,- деп суракта билдирген.
Ошондой эле Нургазы Бакаев анын сөзүн ошол учурда камерада отурган эки адам тастыктап бере аларын айткан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
AskatMoskow
2012-11-26 20:04:00
блин везде братва и чиновники рулят :-[
0
анарбек
2012-11-26 23:06:44
озбекти кошпосо не болмок дейм да
+1
Sunnatilla
2012-11-27 02:13:09
анарбек, ошода
0
admin_AGAT
2012-11-27 15:38:27
Knt - 20 күнгө банга!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
konya
2012-11-28 10:24:58
бугунку бийликтин бардык бутактарында криминалдарга байланышып чырмалышкан адамдар отурат, мамлекетибиздин келечеги кандай болот....
0
admin_AGAT
2012-11-28 19:12:19
logopet,
Сизге эскертүү!
Сайтта жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
Rostov-on-Don
2012-11-29 17:20:38
Акыл мамлекетти башкарат ,бирок акыл кучко таянат.
0
manas1987
2012-12-02 04:00:44
бул кайдагы жунду эмне чыгардынар токойду муну уккан окуган озбектер бир эрдемсип алары турган иш кыргызстанды кыргыз адамы рулить этсе жакшыда
0
admin_media
2012-12-03 12:43:46
femida, сайтта коомдук адепке туура келбеген жана ошондой эле бирөөнүн кадыр - баркына терс таасирин тийгизген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! 30 күнгө бан!
0
uluubek
2013-06-10 05:43:16
ушул каарман юсупов жонундо дагы кандай акыркы маалыматтар бар ачык чындыкты айтып койгондой

0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан