САБИРОВ АКТАЛЫП, ЖАРДАМЧЫСЫ 6 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

Мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду актоо чечимин Биринчи Май райондук соту 21-ноябрда чыгарды. Сот процессинин жүрүшүндө экс-министрге тагылган айыптардын бири да тастыкталган эмес. Соттогу акыркы сөзүндө Равшан Сабиров: «Биз, жардамчым Тахир Мирзахмедов экөөбүз, министрликте орун алган коррупциялык схемалардын туткуну гана болуп калдык. Паракорчулук бул жерде мага чейин эле болсо керек. Мен өзүмө тагылган айыпты мойнума албайм жана мени актооңузду суранам»,- деди.
Ал эми экс-министрдин жардамчысы Тахир Мирзахмедовго тагылган айыптардын айрым бөлүктөрү далилденип, ал үй-мүлкүн конфискациялоо менен бирге 6 жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин экс-министрдин орун басары Гүлнара Дербишевага да ушундай айып менен кылмыш иши козголгон. Ал иш сотко өткөрүлө элек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
zilish_kg
2012-11-27 14:55:34
(Паракорчулук бул жерде мага чейин эле болсо керек. Мен өзүмө тагылган айыпты мойнума албайм жана мени актооўузду суранам»)актооӊузду суранам болбойт беле .....))
0
admin_AGAT
2012-11-27 15:26:07
zilish_kg - техникалык ката кеткен. Түзөтүлдү. Рахмат!
0
Apyz
2012-11-27 20:11:59
тажиктердин лидери акталып чыгыптырда.
0
Kymyzkyz
2012-11-29 14:39:02
Эч бир аткаминердин куноосун мойнуна алып закондун чегинде камалганын коро элекмин. Камалса да бийлик алмашса акталып чыга келет, же сот учурунда ооруп калышат, же псих боло коюшат. Сотторго, бийликтегилерге болгон ишеним калбай барат. Эгер сот туура эмес айып коюп соттогон болсо анда ошок соттун озуно кылмыш ишин козгоо к-к.
0
jipara86
2012-11-29 22:40:48
Азыркы убакта бардык жерде пара менен иш журуп жатат.Роддом,садик,мектеп,аэропортто(ош)ж.б
0
manas1987
2012-12-02 03:50:39
экоо келишим тузуп анысы отурумуш болотда 2 жыл отпой жанында иштеп калат
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан