ӨЗ ӨМҮРҮН КЫЙГАН ӨСПҮРҮМДӨР КӨБӨЙДҮ...

  • Орусия Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 25 МИЛЛИОН ДОЛЛАР грант  бөлөт.
  • 19-ноябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада кароосуз калган 5 КЫРГЫЗСТАНДЫК наристе мекенине кайтарылганын маалымдады.
  • Жыл башынан бери Кыргызстанда 2872 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 62 АДАМ каза тапты.
  • Камактагы депутат КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ УМККнын госпиталынан СИЗОсуна которулду.
  • 20-ноябрда Жогорку Сотко кайра шайланган 25 СУДЬЯГА кызматтык күбөлүктөр тапшырылды.
  • БОЛОТ АБАКИРОВ ЖАНА КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВ Ички иштер министринин орун басарлары болуп дайындалышты.
  • 20-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунда автокырсыктан 5 АДАМ каза тапты.
  • 2012-жылы Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыйгандардын саны 40 ПАЙЫЗГА өстү.
  • Өзбекстан электр энергия үчүн Кыргызстанга болгон 13 МИЛЛИАРД СОМ карызын толук төлөдү.
  • Мурдагы Ички иштер министри ЗАРЫЛБЕК РЫСАЛИЕВ Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Мурдагы президенттин администрация жетекчиси МЕДЕТ САДЫРКУЛОВДУН өлүмү боюнча 26-ноябрда сот өкүмү угузулат.
  • Вице-премьер КАМИЛА ТАЛИЕВА 21-22-ноябрь күндөрү Болгариядагы аймактык конференцияга катышып, Кыргызстандагы балдар үйлөрүн оптимизациялоо боюнча план кабыл алынарын жана балдарды асырап алуучу үй-бүлөлөр тууралуу токтом бекитилгенин айтып берди.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
manas1987
2012-12-02 03:44:13
чондор 25 милион долларга илешип калсам экен деп жатышыптырда швецаряга чалып шотума жакында акча барат деп.
0
Chyngyz_0489
2012-12-02 23:55:35
эки кун мурун радиодон орустардын диджейлери шылдындап жатат дейт кыргызстандын майорлору не голый журуптурбу дешип анткени биздин мвд гум помош сурашыптыр
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан