«Кумтөр»маселесин көтөрүп чыгып камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун тун уулу аскердик кызмат өтөп жатыптыр деген кеп уккан элек. Чын-бышыгын билүү максатында ал кызмат өтөп жаткан Улуттук гвардиянын курамындагы аскердик бөлүгүнө барып, Садыр уулу Дастан менен баарлаштык. Ал баарлашуубузду окурманга сунуштоону эп көрдүк.
– Дастан, айтсаң, аскерге эмне үчүн келдиң? Азыр депутаттын эмес, колунда бар адамдын балдары да аскерге келбейт го?
– Университетти бүткөндөн кийин атуулдук парзымды өтөп, армияга келейин деп ниет кылып жүргөм. Атам менен кеңешсем, «кийин кеч болуп калат. Азыр эле барганың оң»деди. Ойлонуп көрүп, атамдын айтканына макул болдум. Себеби жаш балдардан «старик»деген шылдың сөз уккум келген жок. Ленин райондук аскер комиссариатына барсам, ал жерден мени каттабай коюшуптур. Аскердик кызмат өтөйм деп каттоого туруп, кызмат өтөөгө келип калдым. Кудай буюрса,
Ата Журт алдындагы атуулдук милдетимди аткарып, мекенимди коргоп жатам.
– Аскердик кызмат өтөгөн кандай экен? Жоокерлер үйүн сагынып, куса болуп, көзүнө жаш алган күндөрү болот. Сенде андай сезимдер болгон жокпу?
– Пекинде окуп жүргөндө үйдү сагынып, Кыргызстан көз алдыма тартылчу. Азыр Кыргызстанда эле болгондуктанбы, андай кыйналуу, сагынуу деле боло элек. Анын үстүнө «увольнениеге»чыкканда үйгө барып турам.
– Кайсы окуу жайда окуйсуң?
– Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде 2-курста окуйм.
– Анан кандайча Пекинде окугансың?
– Пекиндин университетинен 2 жарым жыл тил курсунда окуп келгем.
– Анда кытай тилин жакшы билет турбайсыңбы?
– Ооба, жакшы билем. Бул жакта беш жыл кытай тилин окуганга караганда Пекинде окуган артык деп ошол жактан окудум. Анткени кытай тили дүйнөлүк тилге айланып бара жатат.
– Мектепти Бишкектен бүткөнсүңбү?
– Ооба, англис тилин да жакшы өздөштүргөм. Азыр англис, кытай, орус тилин кошкондо үч тилде эркин сүйлөйм.
– Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр? Биз билгенден чоңдордун балдары кыргыз тилинде жакшы сүйлөй алышпайт. А сен кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт экенсиң...
– Ар бир жаран өз эне тилинде сүйлөшү керек. Үйдө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Кээде ата-энем билбесе экен деген «секреттер»болгондо бир туугандарым менен англис тилинде сүйлөшө калабыз.
– Канча бир туугансың?
– 4 бир тууганмын. 2 иним, карындашым бар.
– Эки иниң да сага окшоп аскердик кызмат өтөйбү же аскерге баргандан кооптонушабы?
– Сөзсүз армияга барышат. Анткени атам «эркек болгондон кийин баарыңар армияга барышыңар керек»деген катуу талап койгон. Биздин үй-бүлө армияга баргандан арданбайт, кооптонбойт дагы. Тескерисинче, аскерде кызмат өтөгөндөргө урмат-сый менен мамиле кылышат. Кыскасы, аскердик кызмат өтөөнү атуулдук парзыбыз деп билебиз. Ошондуктан биздин үй-бүлөдөгү эркектердин баары армияга барышы керек деген принципти туу тутабыз. Атамдын Эркинбек аттуу каза болуп калган инисинин улуу баласы Ринат биздин колубузда. Менден кийинки иним экөө бир куракта. Атам «жашыңар жеткенде баарыңарды армияга жөнөтөм»деп жүрөт. Бизди атам мекенди сүйүүгө үйрөтүп тарбиялайт.
– «Аскерге келип бекер бир жыл убактымды короттум. Андан көрө университеттин дагы бир курсун бүтүрүп алсам болмок»деп өкүнгөн жоксуңбу?
– Аскердик кызмат өтөөгө кеткен бир жылдык убактыма өкүнбөйм. Тескерисинче, армияга келгениме сыймыктанам. Кудай буюрса, окуумду жазында барып улантам. 23 жашымда эле окууну бүтүп, дипломго ээ болом деп кыялданып жатам.
– Азыр армияга келгенден көптөр кооптонот. «Дедовщина»күч дешет. Таяк жеген күндөрүң болдубу? Ачыгын айтчы?
– Бул жактан мен «дедовщинаны»көрө алган жокмун. Баары мыйзам чегинде. Баарыбыз уставдын негизинде, темирдей катуу тартипте жашайбыз.
– Аскерге чиновниктердин балдары барбайт. Сенин аскердик кызмат өтөп жатканыңа офицерлер же досторуң «башына эмне күч келип бул жакка келди?»деп көзүнүн кыйыгы менен карашкан жокпу?
– Баары жакшы эле көз карашта. Тескерисинче, баарыбыз бири-бирибизге сый мамиледебиз. Башында депутаттын баласы да армияга келиптир дегенсип мени таңыркап карашчу. Азыр баарыбыз бир туугандай эле болуп калдык. Кээ бир досторум «мен сенин ордуңда болсом, армияга келбейт элем»деп күлүп калышат.
Бир досум окууну бүткөндөн кийин апасы «эми үйлөн, баланчанын кызын ал»десе, үйлөнгөндөн качып армияга келгенин айтып күлдүрөт. Кыскасы, армияга кызмат өтөгөнү ак жүрөк досторумдун саны көбөйдү. Кудай ошол досторумду кут кылсын деп кубанып отурам.
– Сенин кызмат өтөөң Улуттук гвардиянын 20 жылдыгына туш болду. Бул күн эмнеси менен эсиңде калды?
– Мен тарыхый даталуу учурда Улуттук гвардияда кызмат өтөп жатканыма сыймыктандым. Мына ошол майрамдын урматына атам жоокерлердин береткасына демөөрчү болуп берди. Кышкы кийимдерин да алып берем деп ниет кылып жаткан...
– Дастан, эгер ыңгайсыз болсо алдын ала кечирим сурайм. Атаңдын камалып калганын кандай кабылдадың?
– Атамды «Кумтөр»боюнча эле камап коюшту. Ал колунан келишинче «Кумтөрдөгү»канча жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан мафиянын бетин ачты. Жакында эле «увольнениеге»чыкканда УМККнын СИЗОсунан атама жолугуп келдим. Ал мага «менден кабатыр болбо. Андан көрө аскердик кызматыңды жакшы өтө. Күзөттө турганда уктап калба, сак жүр»деди. «Чындык мен тарапта. Азыр ийилгеним менен, акыры чындык жеңет. Кудайдын маңдайга жазганын көрөбүз»деп отурат. Атам руханий жактан күчтүү, анча-мынчага чүнчүп кетпеген киши. Мен анын жеңерине, баштаган иши аягына чыгарына ишенем. «Ак ийилет, бирок сынбайт»дейт эмеспи кыргызда.
– Дастан, аскердик кызматыңды ийгиликтүү өтөй беришиңе тилектешпиз.
Аида Сариева