«АЙ ЧЫККАН МААЛДА КЕЛ...»

«Досторум, мен ал убакты эзип, эргип чечмелегенимди айып этпегиле. Улуу дүйнөнүн тогошкон ыйык жери – аял менен эркектин бири-бирине жан берген керемет учуру деп түшүнөм» деп билдириптир айтылуу жазуучубуз Асанбек Стамов. Айтса айтпаса төгүнбү деп, бул жолу биз да калемгерлердин «эрошиңгилдеринен» таштайлы дедик.

АСАНБЕК СТАМОВ, «ЧҮЙ БАЯНЫ»
«...Төшөк салып бергенден кийин Арууке чечинип жаткан Дыйканбектин жанына келип, эрдинен өптү да, «уктай кой» деп сырдуу жылмая бөлмөсүн көздөй басты.
Ууздай саргыч тарткан айдын шооласы үйдүн ичин шам жаккандай жаркыратып, Дыйканбек көзүн жумуп канчалык аракеттенсе да уйкусу келбей чабалактады. Ансайын Дыйканбектин жүрөгү зырп деп, кыялы чабыттайт. Бир таттуу, ысык нерсе алкымын кысат. Көөдөнү ысыйт. Тулку бою чымырап, ысууланган Дыйканбек шейшепти тээп салып, көмкөрөсүнөн түштү. Ушул кезде Аруукенин добушу чыкты. Дыйканбек дем албай тыңшап калды. Кыязы, ал терезени ачкан боюнча дымып калды окшойт. Дыйканбек жүрөгү элире, турмакчы болуп барып, бирок сыйкырлап койгондой башын көтөрө албай, жүрөгү өрттөнүп бараткандай ысуулады. Акыры эшик ачылып, Аруукенин калтыраган, жумшак үнү чыкты.
– Ойгоо жатасыңбы?
Жооп күтпөстөн жигиттин жанына басып келди. Ордунан тура калган Дыйканбек Аруукени билектен ала кучагына бекем кысып, таманы турган жер чайпала түштү. Экөө бирде алдан тайып, элирген сезимдерин башкарганга кудурети жетпей, жалындаган дилдерин бири-бирине кошуп жиберишти. Дыйканбек Аруукени таптак көтөрүп өзүнүн керебетине алып барды. Ал каршылык көрсөтпөй, Дыйканбектен жароокер өтүндү, «анан шоктончу болбо, жаным».
Түн мурдагыдан да жоошуп, дирилдеген жалбырактардын добушунан башка үн жок. Дыйканбектин ысык сөздөрү кызды арбап, алдан тайган Арууке үргүлөй түштү. Чоктой ысык эрдинен дембе-дем сүйгөн сайын Арууке бошоп, ого бетер эргип, ого бетер камыгып, ал ошол убакта кыз затына таандык сезимин башкарууга күчү жетпей шалдайды. Жигиттин аракетине эч бир каршылык кылбай, бул алоолонгон сезимдин ары жагынан дагы бир сырдуу, таттуу үмүттү күттү. Бирок күтүүнүн чеги жоктой, кыз айласы куруган үн менен жалооруп жиберди «жаным, ай, кыйнабачы...» Бул зор эргүү менен айтылган сөздүн тереңинде капалануу жок эле. Ошондон кийин жигиттин колу, тулку бою олдоксон калтырай, көзү тумандай түштү да, эсинен биротоло танып, оозунан ысык жалын чыга, анан да асман жер бириге айлангөчөк атып, өзү да анын бир тамчысы сыяктуу эрип, сонун дүйнөнү көздөй сапар тартып баратканын сезди.
Түн ортосу болсо керек, короз кыйкырды. Арууке уйпаланган чачын оңдой оор үшкүрдү. Дыйканбек анын эрдинен өптү. Аябай чаңкап келип, бир кеседен кымызды тартып жибергенден кийин эси оой түшкөн адамдай шалдайды...»

ӨСКӨН ДАНИКЕЕВ,«КӨКӨЙ КЕСТИ»
«...Так ошол учурда Гүлшан уучундагы карды акырек ылдый Мураттын көкүрөгүнө жаба чача, «шыңк» эте бир күлүп ары жөнөдү. Мурат эмнегедир эргип кеткенсиди. Көптөн бери минтип ойноп-күлүп көңүл ачкан күн болду беле?.. Мына эми анын соңунан түшмөкчү болгондо туура жактан Дарыйка чыкты. Жоолугу мойнуна артылып, күрмөсү бүчүлөнбөгөн бойдон жүрөт, делбектеп. Мурат бура тарта аны качыра берди. Дарыйка өөдө, кепе тарапты карай беттеди. Кар калың эле да, жакшы эле алыстайын деген, жок, канткен менен эркек да, анын үстүнө шыйрактуу неме эмеспи, Мурат ирмемде жетип барды. Ийининен капшыра бура тартты эле Дарыйка кетенчиктеп барып жыгылып кетти. Энтигип, эки бети албырып кеткен. Мурат кар чапчып акырек, мойнуна уйпалай салды. Дарыйка адеп бир эки ирет «ай... ай-й!» деп чаңырып алды да, анан унчукпай калды. Көздөрү жайнап, эриндери дир-дир...
Эмне үчүндүр Мураттын күрөө тамыры лукулдап, каны башына тээп чыкты, аялды аймалап, сүйгүсү келип кетти. Мына бул кар – ак олпок, үстүндөгү асман, айланадагы аска-тоолор – көгүлжүн шайы жууркан, көшөгө сымал көрүндү. Көөнүндө бул сезимден башка эч нерсе жок. Ал тургай арыда эки колун бооруна алып аларды карап турган Сакинайды да көзүнө илгидей эмес...
Аялзаты – сезгич, Мураттын азыркы абалын билип жатпайбы Дарыйка. Канчалык кумары жанып, өзү дүрт эткени араң турса да, «кой, Мурат, жинди болбочу» деди энтиге. «Ай чыккан маалда үйгө барам. Уктуңбу, ай чыккан маалда...»

МЕҢДИ МАМАЗАРИРОВА, «ТУРУМТАЙ»
«...Экөө көшөгөгө киргенде укмуш көрүнүшкө кабылышты. Текчеде турган фонардын алсыз жарыгы сыртынан тийип, көшөгөнүн ичин айтып бүткүс шаңга, көгүлтүр нурга бөлөп туруптур.
– Кандай керемет,- деди келин башындагы жоолугун алып, суналган чачтарын коё берди. – Карасаң, Чоро, жаңыдан таң атып келе жаткансып көгүш буурул нур чачырайт. Эми ушул түндү, сен кетер алдындагы буурул түндү унутпайлы, ээ?
Жигит келинчегине жылмая, сүйкүмдүү тиктеди.
– Каныш... Мен өзүм, баягыдай өзүм чечиндирейин...
– Өзүң бил, туйгунум.
Келин көзүн жумуп, күйөөсүнүн ар бир кыймылына моюн сунуп жата берди. Не бир ширин сөздөрүн төкпөдү ал түнү Чоро. Көмөкөйүнөн чыккан жылуу илеп менен жанды куйкалаган сөздөр жарынын өнө боюн көлкүлдөттү. Күлкүлөрү күмүштөй шыңгырап, алышып, жулмалаша жыргалга бата беришти. «Аман-эсен келсең, береним, ушул үйгө толтура бала төрөп, артыңдан ээрчитип коёмун». Чоро алигиче бала тууралуу ойлонбоптур, бул кызык да, таттуу да сезим экен. Алар кайра кучакташа бири-бирине таттуу сөздөрдү арнашып, көңүлдөрүнөн дүйнөнүн бир четин жалмап келе жаткан алааматты да унутушту. Так ушул мүнөттө ыйык нурдун, ыйык сезимдин, аңкыган жыттын касиетинен, бир бүтүнгө айланган эрди-катындын ысык махабатынан түйүлдүк түйүлүп, тукуму, мурасчысы жаралып жатканын билишкен эмес...»

Астра Айдарова
erotica@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
jonokoi_myrza
2013-02-24 14:14:31
kandai soonun chygarmalar
0
Bandit_bala
2013-03-05 01:31:19
En sonun jazypsyz Astra eje!
0
aiba91kg
2013-03-15 01:15:07
bashunda super infonu ushul beti uchun gana alchumun
0
honey005
2013-04-15 13:53:25
жазып турууз Астра эже !! Ишинизге ийгилик !!!
0
med_bek
2013-05-18 18:23:48
ооо кайп го
0
admin_superstan
2013-06-19 09:39:49
Dzhoma, интимдик кызмат издөө же сунуш кылуу сыяктуу коомдук адепке туура келбеген ар түрдүү шектүү билдирүүлөргө тыюу салынат.
Азырынча эскертүү!
0
kana.sp
2013-07-28 12:13:20
"Чуй дастандары"эн сонун чыгарма
0
uluk2014
2014-01-13 16:36:24
окусан каалап кетесинго
0
uluk2014
2014-01-13 17:01:16
uluk2014 , bul men AJARA
0
ow-tu
2014-01-13 23:04:16
эн соонун чыгарма
0
Rashinboy
2014-09-17 00:37:00
Ай чыккан маалда үйүңө барам. Уктуңбу, ай чыккан маалда.:)))
0
Kuzya-ss
2015-01-19 16:20:16
укмуш го
0
Adik01219
2015-05-22 02:03:20
Дагы жазгыла
0
insap
2017-06-16 12:19:20
Ак никенин ширин балына жуурулган төшөк оюну не деген даамдуу да, адамды өзүнө тарткыч! Шайтандын азгырышна жолукпастан, адал жар болуп ак тамактан аймалашып, ак мамактан кармалашып, еринден жана тилден езилише сорушуп, еч кандай психикалык кысымсыз жайбаракат, кумарларна кучакташып, кыштардай кыналышып, денедеги ар бир кан тамырдын түбүнөчө таза сүйүүнүн өрттүү канын агыза еротикалык мамилеге бара алышса, ошол мамиледен адал сүйүүнүн түйүлдүгүн түйүп ала алышса... Бул еки жыныстын өмүрүндөгү тү
0
insap
2017-06-16 12:22:19
бөлүк мактанууга тийиштүү, шаттанууга тийиштүү ең улуу ары майнаптуу жумуш болору шексиз.
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан