Жер жер болуп, суу суу болуп жаңы жаралган кезде, кууса кармаган, атса жазбаган Тоотай аттуу ашынган мерген жашаптыр. Ал кийик калтырбай кырып, тоодо да, ойдо да аты чыгат. Тоотайды тоготпогон, алыстан жыт алган үч аркар гана бар эле.
Күндөрдүн биринде Тоотай атын минип, куралын асынып, шыбакка жашынып, ошол үч аркардын изине түшөт. Бир маалда көздөгөн аркарларын көрүп, тайганын агытып, мылтыгын шыкаалап отура калат. Аңгыча үч аркар да жыт алып, Тоотайды көрөр замат дыр коюп, алда кайда качып жөнөшөт. Тоотай тайганын айдактап, алардын артынан калбай кууп келе берет. Айласы кетип, алдан тайган аркарлар эмне кылышарын билбей, асманды карап «бизди куткара көргүлө, айланайын Ай, жылдыздар!» деп ыйлап жиберишет. Ошондо үч аркарга канат бүтүп, асманга көтөрүлүшөт. Ызаланган мерген алардын артынан кууп аска-зоого чыгып, андан ары барарга жол таппай ызырынат. «Буларды атмайынча жаным тынбайт» дегенсип асканын үстүнөн түшпөй, мылтыгын октоп алып асманды мээлеп отура берет.
Түн киргенде баягы үч аркар Тоотайдан коркконунан ары учуп, бери учуп жашынып жүрүп, акыры жылдызга айланып кетишет. Аркарларды күтүп отура берип Тоотай мерген кара ташка айланган экен. Ал эми Үч аркар жылдызы азыркыга чейин Тоотайдан коргонуш үчүн тынымсыз орун алмаштырып, түнү бою оошуп турат.
Салтанат Мукасова
balakai@super.kg