– Турмуш курганыма 6 жыл болгондо үй-бүлөдө чырлар көбөйүп, күйөөм экөөбүз ажырашуу маселесин козгогон элек. Себеби күйөөм үй-бүлөнү бакпай, бизге көңүл бөлбөй калган. Ошентип кыйналып жүргөн убакта мен башка бир мырза менен таанышып, мамиле түздүм. Анткени мени колдоор эч ким жок, мээримди да, жардамды да башкалардан күтүп калган кезим эле. Ошентип, ал таанышым мага моралдык да, материалдык да жардам берип жүрдү. Бирок күйөөм экөөбүз биротоло ажырашпадык. Учурда күйөөм оңолуп, жашоого көз карашы аз да болсо өзгөргөн. Бирок экинчи адамым менен дагы деле мамилемди үзбөй келатам. Андыктан көөдөнүмдү эки анжы ой кыйнап келет. Келечекте кимиси менен бир болсом?
Күйөөм экөөбүздүн ортобузда бир уул, бир кызыбыз бар. Жашым 38ге келип калды. Балдарга карап күйөөм менен калайын дейм, бирок көңүлдөшүмдүн мага кылган жакшылыктарын эстеп, аны да кыйып кете албай жүрөм. Кимисин тандасам? Кеп-кеңешиңиздерди берүүңүздөрдү суранам.
Эркайым, Бишкек шаары.
Суроого «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берет:
– Сиздин алдыңызда чоң тандоо турат. Сиз үчүн кимиси биринчи орунда? Күйөөңүзбү же жардам берип жүргөн адамыңызбы?
Күйөөңүз учурда оңолуп калса, демек, ал адам менен муздап калган мамилени кайра жандантууга аракет кылып көрүү керек. Анткени ал кандай болгон күндө да балдарыңыздын атасы. Балдарга өз ата-энесинин мээрими керек. Андыктан күйөөңүздүн да келечек жашоо үчүн орду чоң экенин билиңиз.
Ал эми экинчи адамыңыз боюнча төмөнкү суроого жооп издеңиз. Ал адам сиз үчүн ким? Балким, кыйналып жүргөндө жардам бергендиги үчүн ага карыздармын деп мамилени үзө албай жүргөндүрсүз? Бул туура эмес. Себеби жардам берүү убактылуу гана нерсе. Бирөө жардам берсе, аны Кудай жиберди деп түшүнүшүбүз керек да, ал адамга ыраазычылык билдирип, көңүлүн алып коюу жетиштүү. Эгер ушул суроону өзүңүзгө берип, чын эле жардам берип жүргөндүгү үчүн мамилени үзө албай жүрөм десеңиз, мында эч кандай сүйүү жок. Болгону, анын алдында карыздармын деп сезесиз. Эгер чын эле бул нерселер үчүн эмес, чындап сүйөм десеңиз, анда ошол адамыңызды тандасаңыз адашпайсыз. Себеби адам каалоосуна карап бүгүн тандап, ал тандоосу менен келечегин түзөт.
Эми барактын эки жагына экөөнүн атын жазыңыз да, алгач алардын жакшы сапаттарын жазып чыгыңыз. Андан кийин жаман жактарын жазыңыз. Эми эсептеп көрүңүз. Кимисинин жакшы сапаттары көп да, кимисиники аз. Кимисинин жаман жактары көп жана кимисиники аз? Бул математикалык эреже да сиз үчүн чоң жардам берет.