Малик Борбашев: «БАЛДАРЫМ ЖОЛУМДУ ЖОЛДОЙТ ДЕП ИШЕНЕМ»

Малик Борбашев... Бул ысым кезинде кыргыз спортунун сыймыгы эле. Кол кабын мыкка илип койгонуна 8 жылдан ашса да, анын укмуштуу жеңиштери күйөрмандарынын эсинде бүгүн да сакталуу. Андыктан конокко кикбокс боюнча багынтпаган чокулары калбаган, “Гермес-профинин” эң “жёсткий” экс-өкүлү, айтылуу Малик Борбашевди чакырдык. Маликтин спорттогу алгачкы кадамдары, карьерасындагы урунттуу учурлары, азыр эмне менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат төмөндө.

– Спортчу болушуңуз каныңызданбы же?..
– Бала чагымдан эле чоң аталарымдын балбан болгондорун угуп, сыймыктанчумун. Ал мезгилде көчмөн жашоодо жылкы тийүү деген адат болгон эмеспи. Эгер уурдалган малдын дайыны билинсе, эки тараптын балбандары ортого чыгып күрөшчү экен. Кууп келген элдин өкүлү жеңишке жетишсе, жылкыларын кайтарып алчу. Менин чоң атам да кезинде казак туугандардын 9 балбанын жеңип, уурдалган малды кайтарып алыптыр. Андыктан спортко болгон шык каныбызда бар десем жаңылышпайм.
– Чоң спортко кантип аралашып калды­ңыз эле?
– Аскерден келгенден кийин Токмокто зер, асем буюмдарын сатып иштеп жүрдүм. Досторумдун сунушу менен ушу-саньда боюнча Бишкектин ачык чемпиондугуна катыштым. Бул эл аралык ири мелдеште чемпион аталдым. Анан мени Александр Хусаинович менен тааныштырышты. Ал мени жактырып, «Гермес-профиге» чакырды. Ошентип, чоң спортко кадам таштадым.
– Акыркы мезгилде ата мекендик кикбоксчулар сиздердин убактагыдай жеңиштер менен мактана алышпайт. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Балким, бул каржылоого байланыштуу, мүмкүн, мыкты машыктыруучу жетишпейт. Мен бир нерсени баса белгилеп кетким келип турат. Анда биздин жеңүүчүлүк духубуз күчтүү болчу. Чет өлкөгө мелдештерге баратканда ар бирибиздин баштыгыбызда туубуз боло турган. Мелдештин алдында атаандаштарыбыздын өз ара: “Сенин жолуң болбой калды. Кыргыз менен мушташат экенсиң”,- деген сөздөрүн угуп калчубуз. Ушулар эле көп нерседен кабар берип турбайбы.
– Сиздин карьераңызда эле эмес, чоң спорттогу сейрек кездешүүчү ошол кайгылуу окуя тууралуу сурабасам болбос. Сиз менен болгон беттештен кийин Ридон Бугаре аттуу спортчу каза тапкан. Ал тууралуу өзүңүздөн уксак...
– Ошондо Лос-Анжелесте ири мелдештердин сериясы башталган. Профессионалдар арасында 75 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугу үчүн франциялык Ридон Бугаре (теги марокколук) менен мушташарым белгилүү болгон. Беттештин алдында Александр Хусаиновичке: “Ал менин кумирим. 1995-жылы Киевде өткөн Дүйнө чемпиондугунда ага аябай суктангам”,- десем: “Анда аны менен мушташууга даярсыңбы?”- деди. Буга: “Эгер жеңилип калсам өкүнбөйм. Аны менен мушташкандын өзү эле мен үчүн көп нерсени билдирет”,- деп жооп бергеним эсимде.
Биринчи беттеште жеңилип, экинчи жолу 4-раундда нокаут менен жеңип алгам. Натыйжада, чечүүчү беттеш тууралуу сүйлөшүүлөр башталды. Лос-Анжелестеги ошондогу экөөбүздүн тирешүүбүз былчылдашкан беттештерден болгон. Ага атактуу, таанымал адамдар күбө болушуп, эң көп кол чабуулар да биздин беттешке арналган.
Ошентип, чечүүчү беттештин 11-раундунда калыс менин анык үстөмдүгүмдү эске алып, мушташты токтотууга аргасыз болгон. Атаандашым беттештен кийин чечинүүчү жайдан эсин жоготуп, ошол бойдон өзүнө келбей каза болуптур. Сотмедэкспертиза көрсөткөндөй, ага мелдештен мурда жаракатына байланыштуу бир нече айга мушташууга тыюу салынган экен. Ал жаңы үйлөнүп, акча керек болгондуктан, рингге чыгууга аргасыз болуптур. Ошол мелдештен кийин дүйнөдөгү эң таанымал адамдардын бири болуп калганымды айтпасам да түшүнүктүү. Ал жагынан батыштын ММКкаларына кеп жок эмеспи.
– Ошол окуядан кийин Америкага кайра барган жоксузбу?
– Кийинчерээк Ридон Бугаренин урматына атайын мелдеш уюштурулду. Ал 1998-жылдын 24-мартына белгиленип, уюштуруучулар бизди да чакырышты. Албетте, биз Бугаренин жаркын элесине урматыбызды билдирип сапар алдык. Ал жакка баргандан кийин америкалык тараптын коопсуздук кызматкерлери менин жана командалаштарымдын өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын кабарлашты. Алар Бугаренин биртуугандары өч алмакчы болуп жаткандыгын айтышты.
Айтор, күчөтүлгөн тартип сакчылары менен эки күн жүргөндөн кийин Александр Хусаинович тиешелүү адамдарды таап, Бугаренин биртуугандары менен жолугушмакчы болдук. Башында алар бизди агрессивдүү тосуп алышканы менен, кийинчерээк сүйлөшө башташты. Биз көңүл айттык. Акыры өз ара түшүнүштүк. Мелдеш болуп жаткан сарайга биртуугандары менен чогуу киргенибиз эле маанилүү окуя болду. Спортто да адамдык мамилелер жогору турат эмеспи.
– Карьераңыздагы эң оор өткөн беттеш деп кайсы мушташты эсептейсиз?
– Негизи, андай беттештер көп болгон. Ошентсе да таиланддык мушкерге каршы чыгып, «Дүйнө чемпиону» наамымды коргогон беттешимди бөлүп көрсөтөм. Ошондо сол тиземен жаракат алып, операция жасатыш керек болсо да, мушташууга туура келген. Беттеш 12 раундга созулуп, жеңип чыгып, чемпиондук наамымды коргоп калгам.
– Кепти жеке жашооңузга бурсак. Жан шеригиңизди кантип тапкансыз?
– Келинчегим Индира менен бир айылдан болобуз, бир класста окуганбыз. Аны 6-класстан бери жакшы билем. Таанышкандан бери ушул күнгө чейин жыл сайын жазында өзүбүздүн тоо боорунда ачылган гүлдөрдү терип берем. Башында дос катары сүйлөшүп жүрдүк. Мен окууга спорт интернатына кетип, аскерде экенимде да мамилебиз үзүлгөн жок. Анан 21 жашымда үйлөнүү сунушун киргизип, экөөбүз үйлөнүп алдык. Индира – менин жашоомдогу жан шеригим, башкы колдоочум. Башкысы, балдарымдын энеси.
– Балдарыңыздын ичинен спортчу болом дегендери барбы?
– Экөөбүздүн тарбиялап жаткан 3 уулубуз бар. Улуусу Хан-Теңир – 15, Эльбрус – 13 жана Аль-Халик 11 жашта. Эми азыр алар жаш. Келечекте ким болорун өзүлөрү чечишет.
Ошентсе да балдарымдын жок дегенде бирөөсү менин жолумду жолдооруна ишенем.Өзгөчө кенжелеринен күтөм.
Учурда кайсы чөйрөдөсүз?
– Учурда өзүм бала чагымдан көнүп чоңойгон, көңүлүмө жаккан иш менен алекмин. Токмокто турганыбыз менен, айылда мал кармап, жер иштетип дегендей. Жакында 2 гектар жерге күн карама эккен элем, чыгып калды. Мындан тышкары, 1 гектар жерде алма жана 1 гектарда жүзүм багым бар. Негизи, спортко чейин дыйканчылык менен алектенип баштагам. Кийинчерээк экөөнү айкалыштырып жүрдүм.
Жакында борборго жумуш боюнча Спорт агенттигине барып келдим. Азыр Чүй райондук спорт бөлүмүнө документтеримди тапшырдым.
Мына ушундай, окурман. Кезинде кыргыздын туусун желбиретип, гимнин Азия эле эмес, Европа менен Американын элин тик тургузуп, урматтатып жүргөн спортчу учурда карапайым күн кечирип, колуна кетмен алып, дыйканчылык менен алектенет.

Жеке анкетасы

Туулган жылы – 1972-жыл, 12-май
Туулган жери – Чүй районуна караштуу Совет айылы
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 75 килограмм
Лакап аты – Малыш
Спорттогу жетишкендиктери –
Кикбокстун эркин мушташ түрү боюнча Дүйнөнүн 2 жолку жана профессионалдар арасында
Евразиянын 2 жолку чемпиону (1996, 1997-жылдар)
Үйбүлөлүк абалы – Үйбүлөлүү,
3 уулдун атасы
Билими – Токмоктогу Айыл
чарба академиясынын экономика бөлүмүн бүтүргөн
Жашаган жери – Токмок шары

Кызыктуу фактылар

Бокс сүйүү­чүлөр арасында 1995-жылы казакстандык Эрмахан Ибраевди жеңип алган. Кийинчерээк казак спортчусу Олимпиадада чемпион аталган.

Иниси Кенжебек Борбашев да убагында “Гермес-профиде” машыгып жүргөнүн баары эле биле бербейт. Ал агасы менен Канат Сыдыгалиевдин көлөкөсүндө калып кеткен. Ошентсе да 2001-жылы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болуп, «Эл аралык класстагы спорт чебери» наамына ээ болгон.

Малыш деген лакап атын клубдашы Арсен Акылбеков ыйгарган. Ал Маликти советтик “ХХ кылымдын каракчылары” тасмасындагы каракчыга сырткы келбети менен кыймыл-аракетин окшоштуруп, ушинтип атап койгон. Бул каармандын образын белгилүү актёр Талгат Нигматулин жараткан.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 342, 22-29-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан