Эркектердин төшөк жаатында айымдардан жашырган бир катар сырлары бар. Ачыкка чыгарып айткысы келбегени менен, бул ыкмаларды колдонууну жактырышат. Эмесе, эркектердин сырлары сиздер үчүн, айымдар...
1. «Зордуктоо сымал» ыкма
Эркектердин маанайы жакшы болгон учурда гана секстин мындай түрүн каалашат. Айымын акыштатып, ар кандай одоно ыкма менен кумарга батырганда өзүн кудум арстан сымал сезип, ырахат алат.
2. «Супер сезимталдуу» ыкма
Эркек өзүнүн эрогендүү зоналарын айымы жакшы ажырата билип, ал жерлерди назик өпкүлөп, эркелетип туруусун каалайт. Мындай учурда мырзалар «лаззаттын жетинчи» кабатына көтөрүлгөндөй сезимде болушат.
3. «Чектен ашкан» ыкма
Эркектердин көбү тыюу салынган, мисалы, маданий жайларда, лифтте, саунада ж.б. жерлерде түрдүү ыкмаларды колдонуу менен кумарга батууну жактырат. Мындай жерлерде болгон төшөк ырахаты көпкө эсинде сакталат.
4. «Ар түрдүү кесипти аркалаган» ыкма
«Айымым бирде кыска юбка кийген катчы кызга айланып, бирде жылаңач денесине ак халат жамынып медикке айланып тосуп турса... Же денесине жармашкан кооз көйнөк кийген Барби куурчакка айланып, иштен келгенимде алдымдан жылмая тосуп алса»,- деп кыялданат.
5. «Чакырган» ыкма
Төшөктө ачык-айрым болуп, тартынчаактык адатты унутта калтырган айымды баркташат. «Айым көзү менен кылгыра тиктеп: «Жаным, кел, тез-тезден ишти баштайбыз...»,- деп алгач өзү сунуштап чакырып турса» деп кыялданышат.
6. «Каршылык көрсөтүүчү» ыкма
Айрым эркектер айымынын төшөктө кылыктанып, назданып, калптан каршылык көрсөтүп туруусун каалашат. Мына ушундай учурда гана оюндун жеңүүчүсүнө айлангандай сезимге кабылышып, өздөрүн жакшы сезишет.
Сатиралык аңгеме
«Колун нымдоо үчүн эле салат»
Айнаш мектепти бүтөрү менен Макен аттуу айылдашына турмушка чыгат. Арадан бир ай өтүп-өтпөй апасыныкына келип, күйөөсүнө нааразы экендигин айтат.
– Апа, эмнегедир күйөөм экөөбүз төшөктө бири-бирибизди түшүнүшпөй кыйналып жатабыз. Эмне кылышым керек?- дейт.
Анда апасы:
– Кызым, эми мен силердин ортоңордогу мамилени көрмөйүнчө кеңеш бере албайм го. Ал үчүн силердикине барып, өз көзүм менен көрүшүм керек,- деп жооп берет.
Күндөрдүн биринде шарты чыгып, эне кызынын үйүнө барып түнөйт. Түн ортосунда аял эшиктин тешигинен кызы менен күйөө баласынын диванда жылаңач жатканын даана көрөт. Күйөө бала бир колу менен китеп окуп жатканына карабай экинчи колу менен кызынын төшүн, андан соң жан жерин, акырында «алигисине» да жетип сыйпалап баштайт. Муну көрүп дүүлүгүп кеткен кайнене чалынып-чулунуп бөлмөсүнө жөнөйт. Эртең менен эрте турган Айнаш апасына кайрылып:
– Апа, көрдүңбү?- дейт.
– Ооба, кызым, көрдүм. Баары жайында экен.
– Эмнени көрдүң?
– Ой, ботом, ал сол колу менен төшүңдү, анан ылдыйлатып келип «алигиңди» сыйпалап жатканда уялып кетип калдым. Андан аркысын көрбөдүм.
– Апа, кандай түшүнбөгөн немесиң?! Ал менин «алигимди» сыйпалаганын сыйпалайт. Бирок колун нымдап алган соң китебинин экинчи бетин барактап ачып, китебин кайра улантып окуп жатпайбы. Дүүлүгүп чыксам да дайым эле аны күтө берип уктап калганымды сезбей калам,- деген экен кызы бышактап.
Астра Айдарова
erotika@super.kg