КЫРГЫЗСТАН ГАЗГА КАЙРАДАН КАРЫЗ

25-ноябрда Казакстан Кыргызстанга берилчү газдын көлөмүн 500дөн 250 миң м3 га чейин азайтты. Анын айынан Бишкек, Токмок жана Кант шаарларында жер тамдар көгүлтүр отунсуз калышты. Алгач «Кыргызгаз» ишканасы мунун себебин Өзбекстанда аба ырайы сууктап, газ өндүрүү кыйындаганына байланыштырган. Кийин белгилүү болгондой, Кыргызстан Казакстанга 3 миллион 400 миң, ал эми «УзТрансГазга»
114 миң доллар карыз экен. Карыз «Бишкек жылуулук коммунэнерго», «Токмок жылуулук» жана «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканалары газдын акысын төлөбөгөнүнөн улам топтолгон. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик ишканаларга эки күндүн ичинде карыздан кутулуу тапшырмасын койгон. Энергетика министри Автандил Калманбетов көгүлтүр отундун көлөмү бир-эки күндүн ичинде мурдагы абалына келерин айтты.
Бул арада Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, анын ичинен Бишкек шаарынын бир катар райондорунда жарык маал-маалы менен өчүрүлүп, депутаттар «Энергетика министрлиги өчүрүүлөр аварияларга байланыштуу деп элдин башын айлантпасын» деп сынга алышууда. Эл өкүлдөрү электр жарыгын 12-14 саатка чейин чектөөлөр болуп жатканына нааразы болуп жатышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
novayariga
2012-12-06 16:01:59
Коррупцияны тыйсак ушуга окшогон нерселер болбойт беле...
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан