МАМЛЕКЕТТИН ИЧКИ КАРЫЗЫ КӨБӨЙДҮ...

  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Ата Журт» партиясынын 3 депутатын дагы бир айга, 3-ЯНВАРГА ЧЕЙИН камакта калтырды.
  • «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2012-жылдын 3 кварталында Кыргызстандын бюджетине 92,2 МИЛЛИОН доллар каражат төктү.
  • 26-ноябрда 1000 ДОЛЛАР пара алып жаткан жеринен ТИМдин «Кыргыздипсервис» мекемесининин кызматкери кармалды.
  • 27-ноябрда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү КЭТРИН ЭШТОН Кыргызстанга иш сапары менен келди.
  • 2011-2012-жылдары мамлекеттин ички карызы 40 ПАЙЫЗГА көбөйдү.
  • Кыргызстан Кытайдан жол оңдоо үчүн 129,8 МИЛЛИОН доллар насыя алат.
  • Оппозициянын 28-ноябрга белгиленген митинги элдин чогулбай калганына байланыштуу өтпөй калды. Бул тууралуу «Элдик патриоттор» кыймылынын төрагасы НУРЛАН МОТУЕВ билдирди.
  • Германия Кыргызстанга 26 МИЛЛИОН ЕВРО бөлөт. Бул каражат саламаттыкты сактоо, чакан насыя системин өнүктүрүү жана коммуналдык инфраструктураны жакшыртууга сарпталат.
  • 27-ноябрда премьер-министр өкмөттүн жыйынында карала турган маселеге кайдигер мамиле жасагандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министри ДИНАРА САГЫНБАЕВАГА сөгүш жарыялады.
  • Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылында картошкадан УН ЧЫГАРГАН ЗАВОД курулат.
  • Ош облусунда чакан электрстанцияларда оңдоо иштерине байланыштуу жарыкты үнөмдөө 2-ДЕКАБРГА чейин созулат.
  • Борбор калаада жер тилкесин алууга кезекте тургандардын саны 6805 адамды түзөт.

Самат Баялы
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан