Учурда көчөдөн кадам сайын курсагы, далысы, буттары көрүнгөн кыска юбка, топик, көйнөк кийген кыргыз кыздары кезигет. Бул, албетте, моданын тизгининде бара жаткан көрүнүш. Ошентсе да «мыдай кийинүү шариятка жана салтыбызга туура келеби?» деген суроону азын-оолак талдап көрөлү деп чечтик.
“Кыздардын денесин көрсөтүп кийинүүсү шариятка туура келеби?” деген суроого Кыргызстан Мусулмандар дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн башчысы Чубак Жалилов мындай деп жооп берет:
– Шарият боюнча балакатка жеткен кыз (9-15 жаш) эл көзүнө көрүнө баштаганда аврат жерлеринин баарын жаап, эч кимге көрсөтпөшү парз болуп саналат. “Аврат” деген «уяттуу жер» дегенди түшүндүрөт. Шариятта аялдын жүзүнөн жана манжаларынан башка жеринин баары уяттуу болуп эсептелинет. Мусулманчылыкка баш койгон айрым аялдар баштан аяк жабык кийингени менен, кулагын көрсөтүп жоолук салынып алып жатышпайбы, бул туура эмес. 9 жашкажашка чейинки кыздар каалаганындай жүрүүгө болот. Айтылган жашка чейинкилер, мисалы, 7-8 жашар болуп туруп деле ислам кийимдерин кием десе ага уруксат берилет. Аялзатынын мындай кийимин көпчүлүк хиджаб деп түшүнөт. Негизи, хиджаб паранжасы менен болот. Ал эми исламда паранжа жамынуу парздардын катарына кирбейт. Ошондуктан мусулман аялдардын кийимин ислам кийимдери деп коюу туура. Шарият боюнча аялдардын кийинүүсүнүн бир нече шарттары бар:
1. Кийимдин багалек, жеңдерине, этегине шуру-мончок тагылып кооздолбошу керек.
2. Дене-мүчө даана көрүнгөн жука кийим болбошу шарт.
3. Кийим денеге жабышпай, кенен болууга тийиш.
4. Кийимге адамдардын көңүлүн бура тургандай атырды ашыкча себүү туура келбейт.
5. Эркектердин жана шарияттан алыс жүргөн аялдардын кийимин (мисалы, кыска юбка, көйнөк, топик, майка) кийбөө кажет.
6. Башкалардан өтө айырмаланган (өтө бийик такалуу бут кийим, жылтырак көйнөк) кийим кийүү шариятка туура келбейт.
7. Дене-мүчөсүн толук жабуу абзел.
8. Кийимдердин өңү ар кандай түстө боло беришине жол берилген. Ошентсе да шариятта аялдар үчүн күңүрт, каралжын түстөрга артыкчылык берилет.
9. Бетти жаап жүрүү милдеттүү парздардын катарына кошулбайт.
10. Кенен шымдын сыртынан сөзсүз тизеге чейин көйнөк кийүү туура.
11. Денеге чыпталышкан шым кийүүнү каалагандар сыртынан кызыл ашыкка жеткен көйнөк кийүүсү керек.
Эң негизгиси, мусулман айымдардын кийими таза жана жөнөкөй болуусу шарт.
Мусулман аялдары көчөдө жогорудагыдай кийимдерди кийип жүрүүлөрү абзел болгону менен, үйдө жолдошунун маңдайында каалагандай жүрүүгө уруксат берилген.
Ал эми эркектер үчүн кыздарга караганда талап азыраак. Аларга көчөдөн деле кыска шым, жеңи жок кийим кийип жүрүүгө жол берилген. Баш кийимди кааласа киет, каалабаса кийбейт дегендей. Болгону, сары, кызыл сыяктуу ачык түстөгү кийимдер эркектерге ылайыксыз. Эркектер ак түстөгү кийимдерге басым жасоосу зарыл.
«Ушул эле көрүнүш кыргыз элинин каада-салтына туура келеби?» деген суроого тарыхчы-этнограф Бердигул Темирбаев төмөндөгүлөрдү айтып берет:
– Кыргыз элинин улуттук кийими илгертен сакталып келет. Ар түрдүү оюн-зоок кечелерде, аш-тойлордо кыздарыбыз жашоо-шартынын деңгээлине ылайык кош этек көйнөк, саймаланган чыптама, топуларды кийишкен. Ошондой эле байбичелер, карыялар, жигиттер аш-той көркүн кооздолуп тигилген чепкен, саймалуу белдемчи, жайкалган элечектери менен ачышкан. Ал эми той-топурга барбаган күндөрү жумуш кылганга ыңгайлуу деп жеңил кийимдерди кийишкен. Бүгүнкү күндөгүдөй бир да кыз денесин көрсөтүп ачык кийинген эмес. Учурда кыздар гана эмес, айрым жигиттер да бели көрүнгөн кыска көйнөк кийип жүрүшөт. Бул элибиздин салтына таптакыр туура келбейт. Кыздардын шым кийгени да салтыбызга жат көрүнүштөрдүн бири.
Жогоруда айтылгандай, кыздарыбыздын мындай кийинүүсү шариятта да, салтта да жок экен. Батышты туурап мода кууганыбыз менен, биз кыргыз экенибиздин унутпасак дегибиз келет.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg