КЕЛ, ҮЙЛӨНӨБҮЗ!

Акыркы кездерде кайсы каналга гана койбо, ток-шоулордун заманы болуп калды. Мындай берүүлөрдүн убакыт-саатын күтүп, калтырбай көргөн телекөрүүчүлөр бар. Дал ошондой көпчүлүк айымдардын сүйүктүү берүүлөрүнүн бири – «Кел, үйлөнөбүз!» теледолбоору.

ЖАЛГЫЗДЫК – ГЛОБАЛДУУ КӨЙГӨЙЛӨРДҮН БИРИ
Окумуштуулардын айтуусу боюнча, табигый кырсык, глобалдык жылуулук көйгөйлөрү менен катар эле жалгыздыкты да адамзаттын эң башкы оор маселелеринин катарына кошсо болот. Анткени дүйнөдө жалгыз бой адамдардын саны жыл санап арбып барат. Себебин окумуштуулар адамдардын бири-бирине болгон чыдамы азайып, ар бир индивид өзү каалагандай жашагысы келгендиги менен түшүндүрүшөт.
Айрым өлкөлөрдө кыздар карьерасын жолуна салып, анан турмушка чыгууну каалаганын айтышса, кээ бир өлкөдөгү эркектер үй-бүлө түйшүгүн моюнга алуудан, жоопкерчиликтен чочулап үйлөнүүгө шаша беришпейт. Ушул көйгөйдү чечүүгө аз да болсо салымын кошуп, жалгыз бой адамдарды табыштырып, алардын баш кошуусуна өбөлгө түзгөн Орусиянын Биринчи телеканалында «Кел, үйлөнөбүз!» аттуу берүү ачылган. Эмесе, кеп дал ошол берүү тууралуу болсун.

ТААНЫШУУНУН АЯГЫ ҮЛПӨТ ТОЮ МЕНЕН БҮТӨРҮНӨ КЕПИЛДИК БЕРИЛБЕЙТ
Берүүнү калтырбай көргөн айрым телекөрүүчүлөр аталган берүүдөгү каармандарды жалданган актёрлор деп күмөн санашат. Бул берүүгө байланыштуу форумдарда «бул жөн эле оюн, шоу» деген кызуу талкуулар, кайым айтышуулар токтобой келет. Аларга жооп кылып «Кел, үйлөнөбүз!» долбоорунун жаратуучулары эч кандай оюн же уюштурулган шоу эместигин, каармандарды атайын өздөрү толтурган анкеталарынын негизинде ага максималдуу төп келген адамды издеп табышарын айтышат. "Таанышуунун аягы үлпөт тою менен бүтөрүнө кепилдик бере албайбыз, аны табышкан эки түгөй чечет",- дешет алар.

ДОЛБООРДУН ЭРЕЖЕЛЕРИ
Телеберүүнүн максаты – жалгыз бой адамдарга экинчи түгөйүн таап берүү. Долбоордун ар бир чыгарылышында үйлөнчү мырза же турмушка чыккысы келген айым өзүнүн жүрөгүн багындырууну каалаган 3 талапкердин бирөөсүн тандайт. Тандоого чейин каарман кезек-кезеги менен талапкерлер менен жолугуп сүйлөшүп, анын атайын даярдап келген өнөрлөрүнө күбө болот. Талапкерлер берүүнүн сайтынан жүздөгөн каармандардын арасынан дал ошол мырзаны же айымды сүрөтүн көрүп жактырып, тандоо турунан өтүшөт. Каарманына жагыш үчүн ырдап, бийлеп, күтүлбөгөн сюрприздерди жасап, кыскасы, өзүнүн ой чабытына жараша каарманды таң калтырууга бүт аракетин жумшаш керек. Ал ортодо жуучулардын ролун аткарган алпаруучулар Василиса Володина, Лариса Гузеева, Роза Сябитова эки жашты жакындан тааныштыруу максатында суроолорду берип, бири-бирин билүүгө өбөлгө түзүп беришет.

«СҮЙҮҮ – СЕЗИМ,А ҮЙ-БҮЛӨ – БҮТҮМ»
Долбоордун продюсери Наталья Никонова: «Телевидение акыркы жылдары адамдарга иш жүзүндө жардам берүүгө умтулууда. Биздин берүүнүн катышуучулары тагдырын түптөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Баса белгилеп кетейин, бир гана мүмкүнчүлүк, анткени долбоордогу таанышуулар – чоң жолдун башталышы»,- дейт. Ортомчу жеңенин ролундагы алпаруучулар Роза Сябитова менен сүйүү боюнча астролог Василиса Володина да каарманга чечим чыгарууда жардам берип отурушат. Алардын принциптери: «Сүйүү – сезим, а үй-бүлө – бүтүм».

БЕРҮҮНҮН ЖАРАТУУЧУЛАРЫ ОРУСТАР
Долбоор телеберүүлөрдү ойлоп табуучу «Красный квадрат» компаниясында иштелип чыккан. Башка көптөгөн чет өлкөлүк ток-шоулордун көчүрмөсү болгон берүүлөрдөн айырмаланып бул долбоор орустардын продуктусу болуп эсептелет. Орусиянын жакынкы кошуналары «Кел, үйлөнөбүз!» долбоорунун форматындагы берүүнү орустардын уруксаты менен өз өлкөлөрүндө көрсөтө башташкан. Алардын катарында Казакстандын КТК, Украинанын СТБ, Беларустун ОНТ каналдары бар. Долбоор 2011-жылы эң популярдуу ток-шоулордун ичинен 3-орунду ээлеген. Ал эми анын алпаруучусу Лариса Гузеева 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча 25 эң популярдуу телеалпаруучулардын катарына кирген.

ЖЫЛДЫЗДАР ДА ТҮГӨЙҮН ИЗДЕШЕТ
Берүүгө атактуулар да келип, түгөйлөрүн издешет. Бул бир чети берүүнүн рейтингин көтөрсө, экинчи четинен ар бир көрөрманга атактуулардын жашоосундагы кызыктуу маалыматтарды берет. Долбоорго «Фабрика» тобунун солисти Катя Ли, ырчылар Виктория Дайнеко, Алексей Воробьёв, Сергей Зверев, Данко, Шура, алпаруучулар Ольга Бузова, Виктория Боня, балерина Анастасия Волочкова өңдүү жылдыздар катышкан. Бирок бири да долбоордо тандаган адамга баш кошкон эмес.

БЕРҮҮДӨГҮ ЧЫР
«Кел, үйлөнөбүз!» берүүсүндө порно-жылдыз Карина Барби менен орустардын Памела Андерсону атыккан модель Олеся Малибу мушташып кетишкен. Себеби эки блондинка бири-биринин көз карашы менен макул болбой, кызуу талкуудан чыр чыгып, Олеся чыдабай студияны таштап кетип бараткан. Карина артынан барып каршылашын чачтан алган. Көпчүлүк бул окуяны атайын түзүлгөн сценарий боюнча ишке ашкан деп айтышат.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Адам
2012-12-03 15:34:16
Мындай долбоорлор дүйнөдө толуп жатат. Орустар алардан алган.
0
sultan.kg
2012-12-03 23:06:17
Мындай телеберүүлөрдүн жардамы менен турмуш кургандарга жашап кетет деген 100 пайыз кепилдик жок!!
0
zamko
2012-12-04 00:21:50
ii koichu kziksiz go orustardin turktordun bir programmasi bar serezniy program
0
clever777
2012-12-04 12:22:16
эмнеси болсо да аябай жакшы корсотуу кызыгып кором

0
SatiNur
2012-12-04 14:41:21
мага жагат бизде деле корсотушсо жакшы болот эле жалан эле саясатты корсото беришпей
0
Seit89
2012-12-04 15:01:39
кайдагы нерсе биздин менталиттетке туура келбейт.
0
Jamalym
2012-12-05 04:16:10
Мага жагат,айрыкча Лариса Гузееванын алып барганы жагат
0
aika2009
2012-12-05 14:08:32
мне кыласынар мен мисалы москвадамын алар атайын акча берип атып куйоорман катары чакырышат экен да спектакль катары аткара беришет экен тообо бунун баары шоу экен эч ким эч ким м-н уйлонбой экен !!!!!! кто хочет стать миллионером да ушундай жонокой адамдарга уткан акчасын берет а ырчыларга уткан акчаларын бербейт алар озу учун катышышат экен!!!
0
Rostov-on-Don
2012-12-09 22:46:27
aika2009, Бул атайын спектакль эмес чындап эле болот.
0
Uzakova.Z.A
2017-05-23 15:16:42
Чындап эле ошондой болот атайын спектакль эмес деп ьурат го
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан