КӨЗ ЖООСУН АЛГАН БАТКЕН КИЛЕМДЕРИ

Өрүгү жана айгүл гүлү менен Кыргызстанга даңкталган Баткен облусу килеми менен да таанымал. Мындай килемди токуу сырларын билүү үчүн Баткен районуна караштуу Рават айылынын жана Лейлек районундагы Ак-Терек айылынын чеберлери менен баарлашып келдик.

«КӨБҮНЧӨ КИЛЕМДЕР КОЙДУН ЖҮНҮНӨН ТАБИГЫЙ ӨҢДӨ ЖАСАЛАТ»
Рават айылынын тургундарынан сураштырганыбызда чебер Гүлмира айымдын үйүндө килем токулуп жаткандыгын айтышты. Гүлмира эжеге келген максатыбызды айтканыбызда килем токуунун сырларын жана ага кетүүчү каражаттар тууралуу кеп кылып берди.

– Сиздерде килемдин кандай түрлөрү токулат?
– Баткен килеми улуттук оокатыбыз болгон соң ушуну жоготуп албай, келечек муундарга өткөрүп берүү, мындан ары өркүндөтүү, эл арасына жайылтуу – биздин максаттарыбыздын бири. Килем токуу бизде кеңири жайылган өнөр болгондуктан, мындан бир аз жылдар мурдараак эле килем токуганды билбеген кыз-келиндерди катуу уяткарышчу. Кыздын себине да килемди сөзсүз кошуп беребиз. Килем токуу өтө көп эмгекти талап кылган кол өнөрчүлүккө кирет. Көбүнчө килемдер койдун жүнүнөн табигый өңдө жасалат. Ал эми ар кандай түстөрдү берүүгө кадимки анардын, пияздын кабыктарынан, кызгалдактын желекчелеринен алынган табигый боёктор жардамга келет. Ар бир килемге кооздук, керемет көрүнүштү тартуулап турган гүлдөрдү, түркүн көчөттөрдү, дегеле кооздуктарды берүү үчүн алгач алардын үлгүсү кагаз бетине түшүрүлөт.
Бизде негизинен жүл (түктүү) жана араби килеми токулат. Араби килеми түксүз болот жана токмок менен согулат. Ага өзүнчө көчөт салынат. Килем жеңил, бир эсептен бышык жана кооз. Маалыматтарда араби килеми "араб килеми" деген сөздөн чыгып, эл оозунда "араби килем" аталып кеткен.
Жүл килеми килем жасоонун эң оор түрү десек болот, анткени колго токулат. Муну токуу үчүн төмөнкүдөй каражаттар керектелет:
Койдун жүнү – Аны тазалап жууп, ийрип, керектүү түскө боёп алабыз.
Аштама – Килемдин төрт тарабына бири-бирине ашталып коюлуучу жыгачтар.
Эриш – Килемдин астыңкы бөлүгүн бекем кармап туруучу пахтадан жасалган жип.
Аркак – Килемдин токулган ар бир катарын бекемдөө үчүн колдонулуучу узун жиптер.
Күзүк – Токулуучу 2 жипти кайчылаш кылып кармап турган темир түтүк.
Чалыш – Жыгачтан жасалат, күзүктүн артындагы жипти бөлүп турат.
Токмок – Жиптерди бышыктап согуучу каражат, жыгачтан жана темирден жасалат.
Бычак, кайчы – Токулгандан кийинки ашыкча жиптерди кыркуу үчүн колдонулат.
Ача таяк – Чалышты жылдыруучу каражат. Жыгачтан жана темирден жасалат.
Килем соктурган адам чеберлерге 2 маал тамак берип, колдорун кесип алган учурда вазелин менен майлап, аларга иштөөгө толук шарт түзүп берүүсү зарыл. Килем 10-15 күндө токулуп бүтөт.

– Килемдерди сиздер өзүңүздөр колдонуу үчүн токуйсуздарбы же сатуу үчүнбү?
– Ар кандай учурлар болот. Бирок көбүнчө эле буюртма алабыз жана алар каалагандай кылып токуп беребиз.

– Килемди канчага токуйсуздар?
– Эгер кардар килемге кетүүчү бардык каражаттарды өзү алып келсе, анда кызмат акыны гана, тагыраак айтканда, 4 чебер 2000 сомдон алабыз. Ал эми бардык керектелүүчү каражаттарды биз алып сого турган болсок, анда кеткен каражатты эсептеп, ага чеберлердин кызмат акысын кошкондо базардагы эле килемдердин баасындай 25-30 миң сомдон болуп калат.
Бизде көбүнчө 4 аял биригип, бригада түзүп иштешет.

– Бир килемге канча килограмм жүн кетет?
– 1 килемге орточо эсеп менен 40 килограмм ийрилген жүн жип кетет. Килем токулуп бүткөндө аны тегиздеп, түздөп, кооздоп, четтерин жана үстүнкү беттерин кыркышат. Анын 5-9 килограммы кыркындысына чыгып кетет.

«БИЗДЕГИ КИЛЕМДЕР 100 ЖЫЛГА ЧЕЙИН КЫЗМАТ КЫЛАТ»
Эми Лейлек районуна караштуу Ак-Терек айылын көздөй сапар алдык. Ал айылда Айткүл деген айымдын килем токуп жаткандыгы тууралуу угуп, үйүнө бардык. Лейлекте деле килем жогоруда Гүлмира айткандай эле токулат экен. Биз чебер Айткүл эже менен маектештик.
– Мен килемди көп жылдан бери токуп келем. Бирок бул биздин негизги жумушубуз эмес. Биз, пенсия курагындагы аялдар зериккен учурда сатуу үчүн эмес, өзүбүз колдонуу үчүн килем токуйбуз. 1-2 жыл мурда боёк кошулбай токулган 2 килемимди Бишкекке көргөзмөгө алып кетишкен эле. Көргөзмөдө "алардын бирөөсүн өзүбүздөн чыккан ырчы Саламат Садыкова алам деп жатат" дегенде, сатпайм деген жаным сүйүнүп эле "бере бергиле" дедим. Ал эми экинчисин бир депутат алыптыр. Ошентип, алар мага ар бирине 35 миң сомдон 70 миң сом акча алып келип беришти.
Эми килемди жасоонун жолдорун айтсам. Алгач койдун жүнү жууп-тазаланып, колго тытылат. Ийикке ийрип жип кылып, анан кайра бири-бирине кошуп ийрип, кийин кабаттайбыз. Даяр болгон жипти чыйратып туруп, боёкко салган соң кургатып алабыз. Сокконго 3-4 аялдын жардамы керек. 15-20 күн талбай эмгектенүү кажет. Биздин мындай килемдер 50-100 жылга чейин кызмат кыла алат. Килемдин оюулары ар бир учурдун талабы менен кооздолуп жасаларын көрүп-билип жүрөм.

«КИЛЕМ ТОКУГАНДА АЛЛЕРГИЯ БОЛУП, КӨЗ НУРУБУЗ ДА КЕТЕТ»
Биз чебер Мээриниса эжени да кепке тарттык
.
– Килем токуп үй-бүлөнү багууга болобу? Бул жумуштун  кандай кыйынчылыктары бар?
– Биз апаларыбыздан калган өнөр менен жан багып келебиз. Мен 35 жылдан бери килем согуп, 5 баламды чоңойтуп, эрезеге жеткирдим. Бирок килем согуунун кыйынчылыктары да бар. Мисалы, белди, бутту алат, башкача айтканда, ар дайым жерге отуруп иштегендиктен, бел ооруп, буттар талыйт. Көз нуру кетет. Колдор жошолонуп кесилет. Килем токуганда чаң көп чыккандыктан, аллергия болобуз. Бөйрөктөрүбүзгө да оордук келет.

Жүл, араби килемдери Баткендин жана Лейлектин базарларында 20-30 миң сомго чейин сатылат. Килем кимдир бирөөнүн негизги жан багуучу жумушу болсо, а башка бирөөгө бул жөн гана эрмек кылуучу өнөрү болуп саналат.

Бегайым
Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kurbanalieva1991
2012-12-10 14:28:37
Sonun go.Leilegim menen syimyktanam)
0
STARS-BOYS88
2013-06-08 23:27:26
Kurbanalieva1991, саламатсынарбы,мен килем заказ кылайын дедим эле,ата-эненин солокотун тушуртуп жазатса болот деп уктум эле,мумкун болсо жооп жазып койсонор...
0
TolonturCN
2012-12-11 20:02:05
Эл ичи, өнөр кенчи дейт, элимде ар тармактуу өнөр ээлери көбөйө берсин, өнөр кесип, илим билимден жок болсо кара жумушка жан кор болот.
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан