БАЛАМ - БАКТЫМ, БАЛАМ - БАЗАРЫМ!

Бүгүнкү балтыр бешик балапандар эртеңки эл келечеги эмеспи. Бизди ырга бөлөгөн ырчыларыбыздын мойтоңдоп үйүнөн тосчу балакайлары бал тили менен, мүмкүн, сизди да эргитер.


Замирди кызы “атан басы” деп урушат

Замирдин сулуу кызы Акбермет жакында үчкө чыгат. Ырчы кызын “топчу”, “пучуску” (эч кандай маани бербейт, бирок өзүнө жагат) «Аку» деген сөздөр менен эркелетет.
Азыр Замирдин топчу кызынын “р, з, с” тамгаларына тили так келбеген учуру. Атасынын эрке кызы өзүнүн каалаганын жасайт. Апасы урушса, атасы болушат. Ошондуктан атасын аябай жакшы көрөт.
Замир кызы жөнүндө: “Акунун эс-тутуму күчтүү. Бир айткан сөздү тез эле жаттап калат. Бир жолу жиниме тийгенде оозумдан кантип чыгып кеткенин билбейм, атаңдын башы деп жибергем. Эми мени бир нерсе болсо эле “атан басы” деп тилдей берет. Муну такыр койдура албай койдум. Анан мени менен ойногусу келгенде эле “атоу” деп жаныма келет, анан мен о-оу деп койсом боору эзилип күлөт. Бир жолу “пучускумдун” ойноп жатып үнү чыкпай калды. Акырын аңдып барсам, куурчагын “эмизип” отурган экен, ай деп жиберсем, “э-эй, ке-ет” деп ыйлап жиберди. Тобо, деп таң калгам. Кызыгы, кызымкам мурун жалаң эркек балдардын оюнчуктары менен ойночу эле, жакындан бери куурчак менен ойноп калды. Буюрса, сиңдилүү болот окшойт”.


Съездбектин сүрөтчү кызы

Съездбектин ата болгонуна 1 жыл 7 ай болду. Учурда кызы Даткайымдын бал тилине балкып турган чагы. Даткайым атасын эртең менен “ча-а-ай” деп чыңырып ойготсо, кечинде “тапитасыз” шоколадды ошентип айтат) үйүнө киргизбейт. Анан да Съездбектин үйүнөн койдун куйругу менен эт үзүлбөйт. Анткени кызы куйрук соруп жегенди жакшы көрөт. Жок болсо «эт» деп эрип калгыча ыйлайт. Кичинекей болсо да Даткайым нарындык экенин туят да, ботом. Анткени нарындыктарды этсиз элестетүү кыйын.
Ырчы кызын, “чупа-чупс, тосток, тося, айымка, айка” деп эркелетет. Съездбектин «тосясы» болочокто жазуучу болот окшойт. Анткени азыр эле апасынын артынан “айка-айка” (калем сапты айка деп айтат) деп ээрчип ыйлайт. Ырчынын үйүнө конокко барып калсаң Даткайымдын дубалга тарткан абстракттуу сүрөттөрүнө күбө болосуң.
“Мен жумуштан келгенче сагына түшөбү, айтор, жаныма келип, кучактап, өпкүлөп “папа, лю-лю, папа, лю-лю”(люблю) дей берет. Анан кантип эзилбейм (күлүп)?! Өзү жалгыз отуруп алып куурчагы менен акылдашып, шымын чечип “ший, ший дейм”(сий дегени) деп уруша берет. Анан да орустарды көрсө эле “да, да” деп кыйкыра бермей адаты бар”,-дейт ырчы.


Анжелика кызы үчүн түрдүү жаныбарга айланат

Анжеликанын кызы Айым бир жарым жашта. Апасы визажист болгондуктанбы, айтор, Айым косметиканы кантип колдонууну билет. Көз боёгуч менен көзүн, ооз боёгуч менен оозун боёйт. Анжелика кызы жөнүндө: “Бир жолу уктап жатсам жаныма келип ойготот. Көзүмдү ачсам эле чачы аппак. Коркконумдан чыңырып жиберсем ал да чочуп кетти. Уйкусураган жаным кантип ойгонгонумду билбейм. Карасам, кадимки эле бет майды толугу менен сыгып алып чачына жана бетине болушунча сүйкөп алган экен. Жууп жатып араң кетиргем.
Негизинен, кызымкамды, «бейби, айкоша, айыма» деп эркелетем. Анан да даараткананын эшигин кулптап коёбуз. Себеби унитаздын ичиндеги сууну булактан сузуп ичкендей ичип ит кылат. Камыр жуурусам чийки камырды жейт да, тамак жедирсең такыр оозуна тамак албайт. Айымка тамак жеген учурда үйгө келген адам жаныбарлар дүйнөсүнө кезигет. Жолдошум экөөбүз бардык жаныбарды туурап тамак беребиз. Бийлегенди жакшы көрөт. Менин көз айнегимди тагынып алып жыргап, секирип бийлей берет”,- деп баян­дайт.


Ынактын футболдук командасы

Ырчылардын арасынан эң бай ата – Ынак Осмоналиев. Себеби ал үч чүрөк кыздын атасы. Улуусу – Элес 9, сулуусу – Сумая 3, кенжеси – Айдай 1 жашта. Сумая накта атасынын кызы. Себеби улуусу өзү менен өзү. Ал эми кенжеси дайым апасынын жанында. Ортончусу болсо дайым атасынын машинасында. Апасы “жумуш кылып алайын бирөөсүн алчы” десе эле Ынак Сумаяны жетелеп чыгып кетет.
Кечинде ырчы босогону аттары менен бирөөсү бутун чечип, экинчиси костюмун алып чоң бөлмөнү көздөй жетелеп жөнөшөт. Анан кой-айга келбей үйдү чаңыта футбол ойношот.
Ынак кыздарын “күчүктөрүм, мени багуучуларым” деп эркелетет. Үчөө тең апасынын “жөтөлөсүңөр” деген сөзүн укпай уурданып бал муздак жешет. Негизи эле Ынак кыздарынын бардык каалоолорун аткарат. Аткарбай эле көрсүнчү... Айдайдын оюндагысын аткарбай койсо эч нерсени карабай чалкасынан түшөт. Башын жарып албасын деп корккон ырчы кызынын “илибой” каалоосун аткарат.


Жаныш балдарын бал муздак менен жоошутат

Жаныш учурда эки мырзаны тарбиялап турган кези. Улуусу Актан жакында 4кө чыгат, ал эми экинчиси Батырхан 2 жашта. Ырчынын балдары азыр укмуш тентек. Балдарын “куйют (курут), маё (бал муздак) алып келип берем” деп жоошутуп турган чагы. Батырханды “бал, таттуу кымызым” деп эркелетсе, улуусу тентек кылганда “ачуу кымызым” деп тилдейт.
Жаныш тентектери тууралуу: “Балдарым азыр о-о-ой сүрөтчү. Дубалга түрдүү жаныбарларды тартышат. Бир жолу сүрөт тартып жатканда апам “ай, эмне чийгилеп жатасың” деп Актанды урушса “чоң апа, крокодил тартып жатам” дептир. “Ай, аның мени жеп салат да” десе, “анда оозун байлап тартып коём” деп жооп бериптир. Кийин муну угуп, баарыбыз каткырып күлгөнбүз. Анан балдарым менен дүкөн кыдыргандан корком. Акчам жетпесин кайдан билсин, каалаганын көрсөтүп “алып бер” деп дүкөндү жаңырта ыйлашат.
Бир жолу балдарды калтырып конокко бармай болдук. Сөзүбүздү Актан угуп койгон экен. Бир маалда аны такыр таппай калдык. Издебеген жерибиз калган жок. Машинанын багажын ачык таштап койгонумду эстеп, ал жакты көздөй барып багажды ачсам, бүрүшүп жатып алып “мен да баяйянчы” деп коёт.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mile
2010-02-27 17:08:16
Эн сонун кудайым силерге уй-булоолук бакыт берсин,жаман коздордон сактасын! Камила Жалал-Абад шаары.
0
№ 342, 22-29-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан