«СУПЕР-ИНФОГО» ЫРААЗЫЧЫЛЫК
Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер бар.
– «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамаатына чоң ыраазычылыгымды билдиргим келет. Себеби сиздердин «Издейм сени» рубрикаңыздар аркылуу аталаш бир тууганым 1992-жылы Ош шаарында туулган Чыңгыз Салайдиновду таптым. Сиздерге чоң рахмат.
Элеонора Кошиева, Москва шаары.
«ДОСУМ МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫМ ҮЗҮЛДҮ»
– Мен Нарын шаарынын тургуну, досум Нурбек Омокеевди издейм. Нурбек экөөбүз 2010-жылдан бери телефонумду жоготуп алганыма байланыштуу жолуга элекпиз. Балким, гезиттен окуп, байланышар деген үмүт менен сиздерге кайрылып отурам.
Таластан Эркин Борбиев.Тел.: 0779 205060
«КУРБУМДУ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– Мен 1967-жылы туулган Ысык-Көл обулусунун Бөкөнбаев айылынан келген Сайрагүл деген кыз менен 1988-1989-жылдары Бишкектеги камвол-нооту комбинатында (ККСК) чогуу иштегем. Чогуу жашаганбыз. Сайрагүл ошол жылдары турмушка чыгып, ошондон бери ага жолуга албай калдым. Издеп, бирок таба албай, акыры сиздерге кайрылып көрөйүн деп чечтим.
Шайло Искакова.Тел.: 0557 447763
«КУРБУМА ОКУУНУ БҮТКӨНДӨН БЕРИ ЖОЛУГА ЭЛЕКМИН»
– Курбум Кубатбекова Токтокан Нуркуловнаны издейм. 1973-жылы мединститутка тапшырып, ошол жерде чогуу окуганбыз. Окууну бүткөндөн бери ага жолуга элекмин. Балким, Токтокан окуп калар деген үмүт менен сиздердин редакцияга кайрылып отурам.
Курбусу Роза.Тел.: 0550 755885
«ИНИМ ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛДУ»
– Иним Бакиров Жумамүдүн Мусаевичти издеп келем. Ал 1966-жылы 8-апрелде Кеминде төрөлгөн. Бишкек шаарында жашап жүрүп эле 7-8 жылдан бери дайынсыз. Балким, Казакстанга иштегени барып, документи жок чыга албай жатабы деп да ойлойм. Эгер инимди көргөн-билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды суранам.
Эжеси Айнагүл.Тел.: 0773 307370, 0543 819177, 0773 629348, 0772 161356.
«БАКТЫГҮЛ, НУРГҮЛ, БАЙЛАНЫШКЫЛА»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жамааты. Мен 1987-жылы туулган курбум Бактыгүлдү жана анын сиңдиси Нургүлдү издеп келем. Бактыгүл Өзбекстандын Алты-Арык айылына турмушка чыккан. Ошондон бери байланыша албадык. Бактыгүл, Нургүл, эгер ушул катты окуп калсаңар, мага сөзсүз байланышкыла.
Гүлзина. Тел.: +79826038197
«КАЙДАСЫҢ, ГРУППАЛАШЫМ?»
– Ош облусунун Кара-Суу районунун Виноградное айылында 1957-жылы туулган Солпиев Рысбекти издейбиз. Ал Алматы облусунун Талды-Коргон шаарындагы Айыл чарба техникумунда 1978-1981-жылдары окуган. Группалаштар чогулсакпы дегенбиз.
Группалашы Дана Уулбаева.Тел.: +77052772678
«КУРСТАШЫБЫЗДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Бейшеке айылында 1967-жылы туулган курсташ кызыбыз Айжамал Бекназарованы издейбиз. Айжамал 1981-жылы Кызыл-Кыядагы медучилищени бүтүргөн.
Курсташтары Өктөм, Зуура, Тургунай. Тел.: 0778 872001
«БИР ТУУГАНЫМДЫН КЫЗЫН КӨРГҮМ КЕЛЕТ»
– Иним Ишенбай көп жыл мурун каза болгон. Артында Надира аттуу жалгыз кызы калган эле. Иним каза болгон соң келиним Канышай кызы Надираны ээрчитип Алайга төркүнүнө кеткен. Канышай болжол менен 1978-жылы төрөлгөн болуш керек. Эгер бул катты окуп калса, байланышат деп үмүттөнөм.
Нарын шаарынан эжеси Шакен.Тел.: 0700 355353
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26
Асхат Субанбеков
koom@super.kg