ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

Адамдын жашоосунда бир ыйык нерсе – тукум улоо болсо керек. Азирет өзүнөн бала калбай турганына аялынын көңүлү үчүн макул болсо да, жүрөгү өрттөнүп кетер эле. Ата болуунун бактысын уулу Аскат менен жолугушкандан кийин түшүндү. Учакта отуруп уулун көк деңиздин үстүнөн алып кетип баратып бактысына сыйынды. Кудайга, ыйык күчтөргө табынып, көңүлү эргип отурду. Уктап калган баланын жүзүн кайра-кайра тиктейт. Колдорун кармалап, манжаларын ачып өзүнүкүнө салыштырды. Буттары, бетинин түзүлүшү, жылмайганы, деги эле баары өзүнө куюп койгондой окшош. Бир гана көздөрү апасыныкы! Баланын көздөрүн тиктеп туруп, анын апасы аргасыз эсине түшөт. Капкара каректери мөлтүрөй жылуу тигилген көздөрдү көргөндө жүрөгү бир сыздап алат.
Учак жерге конгондо бала көзүн ачты.
– Азирет байке, келдикпи?
– Келдик, азыр түшөбүз.
– Бизди тосуп алышабы?
– Биз өзүбүз эле барабыз.
Заңгыраган чоң үйдүн дарбазасына келгенде балакайдын көзү бакырая түштү.
– Вау, сиз ушул үйдө жашайсызбы?
– Эми сен да ушул үйдө жашайсың.
– А мени эч ким урушпайбы?
– Жок, тентегим, сени эмнеге бирөө урушат эле? Сен эч кимден коркпо, анткени мен ар дайым жаныңда болом. Айттым го, экөөбүз эми эч айрылышпас достордонбуз.
Үйгө чоочун баланын, болгондо да Бегимайдын баласынын келиши Алинанын дүйнөсүн дүрбөлөңгө салды да койду. Кечинде балдар уктагандан кийин өз бөлмөлөрүнө киргенде Азиретке бир тийди.
– Эмнеге, Азирет? Мен сен деп баарына чыдадым. Менин чыдай элегим ушул эле калды беле?!
– Чүш-ш! Бул экөөбүздүн ортобузда эле болчу сөз эмес. Апам экөөңө тең айта турган сөзүм бар. Жүрү, тиги бөлмөгө барып сүйлөшөлү...
Мариям менен Алинаны маңдайына отургузуп алып Азирет сөз баштады.
– Мен Аскатты жөн жерден апасынан ажыратып алып келген жокмун. Ал мындан ары бул үйдө жашайт, кадимки үй-бүлөнүн мүчөсү болот.
– Жок! Мен тирүү турсам, бул нерсеге жол бербейм!- деди Алина кыйкыра.
– Бакырба, биринчи менин сөзүмдү ук. Аскат – менин уулум. Ал Мураттыкы эмес, меники! Менин канымдан жаралган бала! Бема экөөбүздүн үйлөнүү тоюбузга аз күн калганда кош бойлуу экенин билип, тойду бузбайын деп кетип калган экен. Балким, мындай кырдаал болбогондо мен да атам сыяктуу өзүмдүн канымдан жаралган бала бар экенин билбей калмактырмын. Дагы Кудай бар экен...
«Өзүмдүн канымдан жаралган бала» деген сөз Алинанын талуу жерине тийди. Сөзүнүн кыскалыгы, ай! Чынында, өзү бала төрөп бере алса, бул баланы жакын жолотот беле? «Ал төрөгөн баланы мен да төрөгөм» деп айтат эле го... Аргасыз башын сала отуруп калды.
– Балам эч нерсени билбесин. Кийин ыңгайына жараша көрөбүз. Азыр мындай ачуу чындыкты укканга, аны көтөрө алганга али кичине, баарын өзү таразалап ойлонгонго чейин ал үчүн мен Азирет байке боюнча калам.
Алина мындан ары чыдай албайт эле. Ордунан турду да, бөлмөдөн чыгып кетти. Бири-бирин тиктеген эне-бала бир топко чейин үнсүз отуруп калышты.
– Тагдырлар кайталанат экен го,- деди оор үшкүргөн Мариям.
– Баарынан кызыгы, атам бул тууралуу билген экен, апа. Өлөр алдында мага «Аскат – сенин уулуң» деп айтты дедим эле го. Ал менин балам экенин Аскатка – эгизиме окшоштуруп тааныптыр. А мен канча жолу ушул баланы колума алсам да тааныбаган экем. Эх, апа, мен бактылуумун, кээде «эмнеге мынча жолу жок болуп жаралгам?» деп капа болчу элем. «Сүйүктүүм менен жашай албадым, артымда өзүмдүн туягым жок» дечүмүн. Тагдырым мага мындай сый тартуулай турганын кайдан билдим?
Апасы уулун аяп карап койду.
– Баланын апасы эртең келип алып кетсечи?
– Жок, мен эми уулумду бере албайм ага. Кандай күн болсо да, соттошсом да ал мени менен калат. Бегимай али жаш, Мурат экөө балалуу болушат. Аскат меники! Аскат... менин бир тууганымдын ысымын алып жүргөнүн кара. Апа, байкадыңызбы, мага окшош.
Мариям күлүмсүрөй уулунун далысынан таптап койду.
– Уктай кой, балам, жолдон чарчап келдиң.
– Макул, апа, өзүңүз да эс алыңыз!
Күндөр өтүп жатты. Азирет үчүн турмуштун жаңы барагы ачылгандай эле. Баласы үчүн ырымчыл да болуп кетти. Жанынан чыккысы келбейт. Жумуштан келери менен «Аскат кана?» дейт да турат. Аскат болсо бул үйгө таптакыр көнө албай койду. Апасын сагынып, түнү менен «апалап» да чыгат. Анын үстүнө наристе болсо да, Алинанын ага болгон жатыркоосун байкабай койбоду. Айданек биринчи аны менен кошулуп ойной турган адам келгенине кубанган эле. Кийин атасынын ага болгон өзгөчө мамилесин байкап, тымызын кызгануу, жек көрүү пайда болду. Азыр да экөө урушуп кетишти.
– Келе, менин күрөгүм...- деди кумда ойноп отурган Аскаттан кичинекей күрөгүн талашып.
– Мен ойноп турайынчы...
– Жок, ойнобойсуң, бул жердеги оюнчуктардын баары меники, а сеники үйүңдө калган.
Аскат мурчуйган кыздын жүзүн карап туруп, колундагы күрөктү ыргытып жиберип басып кетти. Дагы да табасы канбай калгандай Айданек аркасынан:
– Сени атаң менен апаң таштап салышкан. Сенин үйүң жок,- деп кыйкырып алды.
Дал ушул учурда Азирет кирип келе жаткан. Көзүнөн жаш имериле чуркап келе жаткан уулун карап тык токтоду.
– Аскоо, сага эмне болду?
– Эч нерсе...- деди бала колунун сырты менен көз жашын аарчып.
– Эй, сен жигитсиң да, ыйлаба. Кана, эмне болду?
(Уландысы кийинки саныбызда)

ЖАКЫНДА...

Жаңыл Калыкова
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

Ал – жылдыз! Ал – сахнанын периси! Аялзатынын бышып, мөмөсү төгүлүп турган ажайып маалында ага кол сунган эркек көп болчу. Алардын ар биринин көздөгөн максаты бар эле. Бирок Асман аттуу сулуунун максаты алардыкынан да бийик, ошол кезде өзү үчүн да, өзгөлөр үчүн да кол жеткис болчу. Айымыбыз ушул даражага кантип жетти? Анын жолунда ай балтасын кармап сурдана тигилип турган тагдырдын сыноосунан кантип өттү? Баары эмнеден башталган?
Анын бул шоу дүйнө аталып, керемет жазы да, кермек даамы да бар дүйнөгө туш келип, карышкырча алышып, бирде жеңсе, бирде жеңилүү ызасын тартып келгенин билген билер...

Окурманым, сиз күткөн сериалда баары бар. Эл көзүндөгү атактуу айымдын тагдыры, интрига, бийлик кумары, даңк оорусу, махабат дарты... Андыктан жаңы сериалыбызды сан калтырбай окуйсуз деген ишеничтебиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Gulya_2012
2012-12-10 13:20:47








Эх турмуш турмуш.мынча неге татаалсын.Аскатка бооруп ооруп кетти.
0
angelo4ka_96
2012-12-10 15:03:05
Begimayga bo0rum 0orudu..kyiyn boldt Aziret s0ttoshs0m da balany berbeim deit go..eeh :((
0
Ulanbek1992
2012-12-10 15:38:36
дагы бир жума, бутушуно аз эле калыптыр э достор. Жаны жылдан жаны сериал баштайт окшойбуз....
0
Tomega
2012-12-10 15:54:37
Бема менен Аскатка боорум ооруду.Мурат айыгып аягы бактылуу жашоо менен бутсо экен.
0
HADICHA94
2012-12-10 17:01:39
Кантсе да ,башкы каармандарыбыз аягында бир болсо экен.(Мурат менен Алина оздору эле суйуулорунон баш тартышса болмок,суйбогон адам менен жашабай)
0
aisel
2012-12-10 17:08:48
Бема,Аскат,Азирет...тагдырынар мынча татаал..Тагдыр жаш баладан оч алуунун не кереги бар эле?! Аскат эн акылдуу бала болуп чонойсо экен...Ушул жума бутот экенда ээ???
0
MAMOCHKA
2012-12-10 18:25:39
Аскатка аябай боорум ооруду,аядым.кадимкидей оксуп-оксуп ыйлап алдым
0
Tati
2012-12-10 21:33:24
uwuga da oksup oksup yilaisynby okwowpoi kalyptyr 4e ta
0
talant.elmira
2012-12-11 10:25:36
ийи дагы бир жума
0
wwwww
2012-12-11 21:08:56
мурат менен алина тезирээк эле олуп калса экен.
0
Ruslan1983
2012-12-12 10:02:31
китеби качан чыгат болду экен
0
i-nurbek
2012-12-12 15:27:06
бир жума
0
Cyldyzka
2012-12-13 17:37:24
Askatti elestetip alıp ıyladım.Kudayım baldardı eç kaçan apalarınan acıratpasın
0
Marjan.Murok
2012-12-14 15:29:34
kopton ele jazsa bolmok
0
4alkan
2012-12-15 16:18:55
чын суйууго 1000ден 1гана адам жеткен
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан