23-июлда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 18-майда аяктады. Талапкер катары БШКга арыз бергендердин саны 18ге жетип, алардын катарын азыркы президент К.Бакиевден баштап, аты коомчулукка анча белгисиз адамдар да түзүүдө. Азырынча эки талапкер БШКга берген арыздарын кайтарып алышып, тизмеде 16 адам калды.Алардын канчасы БШКнын элегинен өтүп, канчасы шайлоого катышары да белгисиз. Эмне себептен көптөгөн адамдар президент болууну каалашат? Президент болуунун эмнеси жакшы экендиги жөнүндө сиздерге маалымат берүүнү чечтик.
“Президент ким? Ал эмне жумуш кылат? Ыйгарым укуктары эмнелер? Ким тарабынан камкордук көрүлөт?” деген суроолорго жооп издедик. Балким, силердин да президент болгуңар келет...
Кимдер президент болуп шайлана алышат?
КРнын Президенти болуп шайланууга Кыргызстандын ар бир жараны укуктуу.
Президент 5 жылга шайланат. Бир эле адам катары менен эки жолу гана президент болуп шайлана алат. Өлкө башчысы 35 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан ашпаган, кыргыз тилин билген, республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны болуусу шарт. Мурда соттолгон жаран президент болуп шайлана албайт.
Президенттин ыйгарым укуктары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Президенти – мамлекеттин эң жогорку даражадагы кызмат адамы. Президент – элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу. Баш мыйзамдын, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепили болуп саналат. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктайт жана аймактык бүтүндүктү камсыз кылат. Өлкө башчысы премьер-министрди жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. Премьер-министрдин, Өкмөт курамынын жана анын айрым мүчөлөрүнүн кызматтан кетүү жөнүндөгү өтүнүчүн кабыл алат. Губернаторлорду, акимдерди кызматка дайындайт жана кызматтан кетирет. Мамлекеттик катчыны дайындайт, анын ыйгарым укуктарын аныктайт, өзүнүн ишин камсыз кылуучу президенттин администрациясын, өзүнө баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматын жана Улуттук гвардияны түзөт. Коопсуздук кеңешин түзөт жана башчылык кылат.
Президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттарын аныктайт. Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуш кылат. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин сунушу менен Жогорку Соттун судьяларын шайлоо үчүн талапкерлерди ЖКга сунуш кылат. Жергиликтүү Соттордун судьяларын дайындайт жана бошотот. Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт. Улуттук Банктын төрагасын шайлоо үчүн талапкерди парламентке көрсөтөт.
Чет өлкөлөрдүн президенттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коёт. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы дипломатиялык өкүлдөрүн дайындайт, шартка жараша аларды кайра чакыртып ала алат. Чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакырып алуу грамоталарын кабыл алат. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу, саясый башпаанек берүү маселелерин чечет. Президент мыйзамдарга кол коёт жана аларды элге жарыялайт. Өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндө Кыргызстандын элине кайрылат.
Өлкө башчысы Жогорку Кеңештин жыйналышын мөөнөтүнөн мурда чакырууга укуктуу. Өз демилгеси менен референдум, Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү Кеңештерге шайлоону дайындайт. Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңешке киргизет. Президент Коргоо, Улуттук коопсуздук, Ички иштер, Тышкы иштер министрлерин өзү дайындайт жана кызматтан бошотот.
Жакшы кызмат кылган жетекчи жана жарандарга сыйлык, наамдарды берет. Мыйзамдардын негизинде жарлыктарды жана буйруктарды чыгарат. Президенттин жарлык жана буйруктары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылууга милдеттүү болуп саналат. Иштеше албай калганда жини келсе Жогорку Кеңешти таркатып жибермей күчү бар. Генералдарга чин берет. Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы.
Президент кол тийбестик укугуна ээ. Өлкө башчысынын ар намысы жана аброю мыйзам менен корголот. Президент кылмыш жасап, түрмөдө отурган адамга мунапыс берип, абактан чыгаруу укугуна да ээ. Өлкө башчысынын бир жылда 45 күнгө эс алуу укугу бар. Президенттин ыйгарым укуктары ал өз арызы менен кызматынан кеткенде жана оорусуна байланыштуу милдеттерин аткара албай калган учурда гана токтотулат. Өлкө башчысынын кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болот. Экс-президентке мамлекет тарабынан турак-жай, автоунаа, жансакчы жана жогорку өлчөмдө пенсия бөлүнүп берилет.
Президентти ким багат?
Президентти жана анын үйбүлөсүн камсыз кылуу, тейлөө жана коргоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Президент атайын мамлекет тарабынан резиденция, тамак-аш, колдонууга автоунаа, 24 саат бою кайтаруучу жансакчылар менен камсыз кылынат. Кайда барбасын 30дай атайын коргоо кызматынын адамдары коргоп, мындан сырткары, атайын “Тез жардам” машинасы коштоп жүрөт.
Президенттин жубайы, бала-чакасы да мамлекет тарабынан корголот. Өлкө башчысынын өлкө ичине жана чет өлкөлөргө жасаган иш сапарлары үчүн мамлекет тарабынан атайын учак бөлүнүп берилет. Такталбаган маалыматтарга караганда, КРнын Президентинин маянасы 70 миң сомдун тегерегинде.
Айбек Кочкоров
koom@super.kg