«АР-НАМЫС» КОАЛИЦИЯДА КАЛДЫ

ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиевге «Ар-намыстын» коалициядан чыгуу-чыкпоо маселеси боюнча кайрылдык. «Өткөн аптада биздин фракциянын жабык жыйынында Феликс Кулов бир канча гезиттердин редакторлорунун кайрылуу жазганын айтып калды. Алар «демократияны сактап калуу үчүн коалициядан чыгып кетиңиздер» деген кеңешин айтыптыр. 12 басылманын аталышына көз жүгүртө калсам, төртөөсү учурда чыкпай эле калган гезиттер экен, калганынын деле окурмандары аз»,- деди депутат.
Гезит рыногунун дээрлик 90-95 пайызын түзгөн басылмалар кайрылууда жок болгондуктан, Каныбек мырза Феликс Куловго жалпы ММКлардын өтүнүчү катары кабыл алыштын кереги жогун билдиргенин айтты. «Кыскасы, ошентип коалицияда калдык»,- дейт Каныбек Иманалиев.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан