ДӨҢГӨЛӨК YСТYНДӨГY ЧАБАНДЕСТЕР

Көчөдөн биринин артынан бири чууруп жүрүп бараткан мотоциклчен адамдар өтүп баратышса, баарыбыз башыбызды буруп карап калабыз. Мурда “рокер” аталган, азыркы байкерлердин романтикалуу жашоосу баарыбызды кызыктырат эмеспи. Анда эмесе темир күлүк үстүндөгү жашоо тууралуу сөз сиздер үчүн.

Тарых сүйлөйт

Байкерлердин байлыгы болгон мотоциклдин тарыхына кайрыла кетели. Адамзат тарыхында биринчи мотоцикл 1885-жылы Германиялык “Reitwagen Gottliba Daimler” компаниясы тарабынан даярдалган. Дөңгөлөк бөлүктөрү жыгачтан жасалгандыктан, биринчи мотоцикл ошол кездеги адамдарды да аябай таң калтырган. XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында, мотоцикл чыгарган фирмалар көбөйүп, саны жүздөп саналган. Мотоциклди алгачкы колдонуу бактысына курьерлер, почточулар, сүт ташуучулар ээ болушкан. Анткени алар үчүн мотоцикл велосипеддин педалын айлантуудан кутулуу амалы жана машинадан арзан техника катары ыңгайлуу болгон. Дүйнөлүк биринчи согуштун башталышы менен мотоциклге болгон мамиле түп-тамыры менен өзгөрөт. Ошентип, аскер техникасын чыгаруучулардын кийлигишүүсү менен азыркы крузер жана чоппер образындагылардын алгачкы үлгүcү 1921-жылы 180 килограмм салмакта болуп, кыймылдаткычы 1000 сантиметр көлөмдү түзүп Brough Superior деген ат менен чыккан. Ошол кезден баштап мотоцикл унаа катары гана эмес, өзүнчө жашоо образынын бир бөлүгүнө айланган. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен ага катышкан өлкөлөрдүн фронтторунда миңдеген мотоциклдер кызмат кылышкан.

“Тозоктун периштелери”

Байкерликтин башталышы экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы менен АКШдан сапар алган десек болот. Согуш жылдарында “Тозоктун периштелери” аталган учкучтар эскадрильясы согуш аяктагандан кийин жоюлууга туш болот. Эркин учууга жана жогорку ылдамдыкка көнүп калган учкучтар учактын рулун мотоциклдин рулуна алмаштырышат. Башталышында чакан топторго топтолушуп алып өлкөнү кыдырышып, жаңы жашоо, кызыктуу окуяларды издөө менен алек болушат. Көптөрү чакан шаарларга отурукташып өздөрүнүн унаа оңдоочу жайларын ачышып, жаңы жашоо башташат. Ал эми калгандары болсо байкерлик жашоолорун уланта беришет. Жаңы түзүлгөн байкерлердин клубу “Тозоктун периштелери” деп аталып калат. Кошумчалай кетчү нерсе, бул клуб бүгүнкү күндө да ишмердүүлүгүн улантып,көптөгөн дүйнөлүк өкүлчүлүктөрү ачылган күчтүү, бай клуб катары белгилүү.

Байкерликтин бир бөлүгү болгон кийимдерин,мотоциклдерин темир-тезектер менен жасалгалоо жөрөлгөсү, учкучтардын орден-медалдарын мотоциклдерине,кийимдерине илип алгандан башталып,азыркы кезде да актуалдуу бойдон калган.

СССРдин рокерлери, ой, байкерлери...

Мурдагы Советтер Союзунда алгачкы байкерлер 80-жылдардын башында рокерлер деп аталып чыга башташат. Ал кезде ар кимдин эле машина сатып алганга каражаты болбогондуктан, 1200 рублга чехиялык “Ява”, “Чезет”, мотоциклдерин сатып алууга мүмкүн болгон. Ал кездин бардар өспүрүмдөрү эки дөңгөлөктүү тулпарга оңой эле жетишсе, колунда жоктору каникул мезгилдеринде заводдордо иштешип, түнкүсүн вагондордон жүк түшүрүшүп, чогулткан акчасына мотоцикл сатып алышкан. Мотоцикли бар балдарга сулуу бийкечтер менен таанышуу, сүйүүсүн жолуктуруу бир топ оңой болгон. Ошентип, улуу доордун өспүрүмдөрү биринчилерден болуп байкерлер кыймылын башташат. Өздөрүн сыймыктануу менен “рокерлер” деп аташып, шаарлардын түнкү жашоосуна тынчтык бербей МАИ кызматкерлери менен түшүнбөстүктөргө кездешип, мыйзамдын торуна көп эле түшүшкөн. Биринчи расмий байкерлик клуб 1983-жылы “Түнкү карышкырлар” деген ат менен түзүлгөн. Клубду кесиби боюнча врач, “Хирург” деген каймана аты менен белгилүү болгон адам түзүп, ушул кезге чейин башкарып келет. Бул клубдун СНГ боюнча көптөгөн өкүлчүлүктөрү ачылып, байкерлеикти өнүктүрүп келет.

Байкерлер Кыргызстанда

Биздин өлкөгө мындай көрүнүш 90-жылдардын башында агылып келе баштаган. Ошол мезгилде мотоцикл менен жүрүштөрдү жасап, байкерликтин жышаанын алып келе баштаган жаштар пайда болгон. Топ-топ болуп түзүлүп алышып, өздөрүн байкер аташкан жаштар коомчулуктун бир кичинекей бөлүгү болуп чыга келишет. Бирок канча убакыт өтсө да, чет элдик байкерлер сыяктуу бир уюмга же клубга чогула алышпай коюшат. Анын ортосунда МАИ, милиция тараптар менен да көптөгөн маселелерге кабылышат. Элдер да аларды мыйзамдан четтеп кетишкен, бузулган жаштардын агымына таңуулап коюшат. Ошентип, 2005-жылы гана Кыргызстанда биринчи жолу “Темир үйүрлөр” деген ысым менен байкерлер клубу түзүлгөн. Клубдун жана байкерлер сезонунун ачылышын 24-мартка белгилешет. Тагдырдын тамашасыбы же байкерлер жашоосу ушундай татаалбы, айтор, ал күнү кыкеңдер революция кылып жиберет. Ошентип, ачылыш 1-майга жылат. Тагдыр кайра байкерлерге жылмайып, эмгек күнүнөн баштап темир тулпардагы чабандестер кыймылынын өмүрү ийгиликтүү уланып кетет. «Темир үйүрлөр» клубунан башка да «Мотокружок» жана «Тоттенкофф» клубдары ачылып, азыркы кезде байкерлердин саны бир топко өсүп калган.
Биздин байкерлер көпчүлүк учурда советтик «Урал» жана жапониядан чыккан мотоциклдерди колдонушат.

Новиков Тарас, 29 жашта, 5 жылдан бери байкер, кесиби электр-механик:

“Байкерлер карапайым эле адамдар”

“Кыргыз байкерлери күнүмдүк тиричилик менен эле алпурушуп жүргөн жөнөкөй эле адамдар. Көпчүлүгү техникага жакын чөйрөдө эмгектенишип, арасында бухгалтер, журналисттер да бар. Алардын курагы 18ден 50 жашка чейин. Клубда кыргыз, орус, уйгур жана башка улуттун өкүлдөрү да бар. Музыка угууда рок жанрына басым жасайбыз. Бирок эң сонун музыка мотоциклдин кыймылдаткычынын күрүлдөгөн үнү деп билебиз. Казакстандын, Орусиянын жана Өзбекстандын байкерлери менен тыгыз байланыштабыз. Быйылкы сезон бешинчи сезон болуп, 25-апрелде ачылышы болуп өттү. Ачылышка Казакстандан биринчи жолу өзү мотоцикл башкарып кыз байкер келген.
Кыргыз байкерлери МАИ, Баңгизатты көзөмөлдөө агенттиги уюштурган иш-чараларга катышып турабыз. Биздеги мотоциклдердин бааларына кайрылсак советтик мотолор 6000 сомдон 30 миң сомго чейин турат. Ал эми жапон мотоциклдери 3000 доллардан 10000 долларга чейин турат.
Өлкөбүздө да байкерлердин саны күн санап өсүүдө”, - дейт көп жылдан бери байкер болуп жүргөн Тарас.

  • Байкерлер арасында “Темир жамбаш” наамын алыш үчүн 1600 чакырым аралыкты 24 сааттын ичинде басып өтүү керек. Андай наамга Борбордук Азиядан жалгыз гана Казакстандык Серик аттуу байкер ээ болгон.
  • Байкерлер тууралуу жүздөгөн фильмдер тартылган. Ал фильмдерде дүйнөнүн белгилүү актёрлору Микки Рурк, Марлон Брандо, Мел Гибсон, Марк Дакаскос, Алан Делон, Джонни Депп, Майкл Дуглас, Николас Кейдж ж.б. тартылышкан.

Байкерлер сөздүгү:

Чоппер - колго куралган мотоцикл;
Шоссейник - алыска жүргөн байкер;
Проспект - үйрөнчүк байкер;
Матрац - отургучта түз отура албаган адам;
Катит - демейдегиден жакшы бараткан мотоцикл;
Седло - байкердин отургучу.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Samat935
2015-03-16 00:47:07
6 жылдан бери мен биринчи болдум :-D
0
№ 342, 22-29-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан