КЫРГЫЗ МОДЕЛЬЕРЛЕРИНИН МАКСАТЫ – ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТУУ

Роберто Ковалли, Дольче & Габбана, Коко Шанель, Кристиан Диор өңдүү белгилүү дизайнерлерди билсеңиз керек. Азырынча буларга окшоп ааламга таанылбаса да, Кыргызстандагы мода дүйнөсүн өнүктүрүүгө, келечекте дүйнөгө таанылууга бел байлаган жаш модельер-дизайнерлер бизде да бар.

Үкөй Мураталиева: «АЛГАЧКЫ КОЛЛЕКЦИЯМА ИНТЕРНЕТТЕН АКЧА ЧОГУЛТКАМ»

Туулган жылы – 1986-жыл, 26-сентябрь
Билими – И.Раззаков атындагы КМТУнун технологиялык факультетин бүтүргөн

– Үкөй, кантип модельер болуп калдың?
– Алты жашымдан баштап сүрөт тартчумун. Ошондон улам 10 жашка чыкканда эле модельер болом деп чечип койгом. 2004-жылы И.Раззаков атындагы КМТУнун технологиялык факультетине тапшырып, студент болдум. Университеттин ректорунун мени окууга өткөрбөй коюуга көп аргументтери бар болчу. Биринчиден, "келишим акысын кантип төлөйт?" десе, экинчиден, менин майыптыгымды шылтоо кылган (Үкөй ДЦП менен ооруйт). Анан да жалпы республикалык тесттен баллым жетпей калган болчу. Бирок мен максат коюп алгандан кийин аны ишке ашырууга болгон аракетимди жумшап, ректор менен алышып жатып акыры окууга өткөм.

– Кыргызстан бул тармакта ийгиликтерге жетишет деп ойлойсуңбу?
– Жакында Берлинде өтө турган жаш дизайнерлердин фестивалына катышканы турам. Ал жакта 2016-жылы мода боло турган кийимдердин көргөзмөсү өтөт. Аракет кылып көп иштесек, деңгээлибиз жогорулайт. Дүйнөлүк деңгээлге чыгарыбызга ишенем.

– Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
– Чынын айтсам, күндө эскиздерди чийип, бош убактым болбойт. Кээде буттарым менден сурабай эле ооруп калышат. Анда мен «ай, буттарым, оорубагыла, мен силерге уруксат бере элекмин, дагы иштешибиз керек»деп тамашалап сүйлөнүп калам.

– Алгачкы коллекцияңды чыгарууга каражатты кайдан тапкансың?
– Биринчи коллекциямды 2011-жылы чыгаргам. Интернетке аты-жөнүмдү, максаттарымды жазып элден жардам сурагам. Ошондо бир дагы адам кайдигер карабай, колдон келишинче жардам беришкен. 20 сомдон тарта 50 миңге чейин бергендер болгон. Кээ бири телефонума бирдик да жүктөштү.

– Эң кымбат жана арзан кийимиң канча турат?
– Кымбаты – 6900, арзаны – 4000 сом.

Усен Бердибаев: «ДИЗАЙНЕРЛИКТИ 3-КЛАССЫМДА БАШТАГАМ»

Туулган жылы – 1993-жыл, 21-июль
Билими – Н.Исанов атындагы КМКТАУнун дизайн факультетинде окуйт

– Усен, негизи, ийне-жип кармоо айымдарга мүнөздүү иш эмеспи. Сен буга кандайча кызыгып калгансың?
– Апам – конструктор-модельер, атам – архитектор. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" дешет го. Анын сыңары, мен да алардын жолун жолдодум. Апамдын тигүү цехи бар болчу. Ошол жакка кирип-чыгып лекалолор менен ойноп жүрүп, 3-4-классымда эле кызыгуу пайда болгон.

– Кийимдериңди көбүнчө айымдарга арнап тигесиңби же мырзаларгабы?
– 15 жашымдан тарта бул ишке олуттуу түрдө кирише баштагам. Ошондо биринчи жолу кыздарга арналган коллекциямды чыгаргам. Айымдарга, мырзаларга деп бөлбөйм. Unisex стилинде тигем көбүнчө. Тактап айтканда, мындай кийимдерди кыздар да, эркектер да кийсе болот. Коллекциядагы көйнөктөрдү түгөйүм Асан да кийип чыгып жүрөт.

– Сүйлөшкөн кызың барбы? Болсо ага кийим тигип бересиңби?
– Ооба, бар. Ал "Кыргызстан сулуусу-2011" наамынын ээси, модель – Назира Нуржанова. Жеңгенден кийин Лондондо өткөн "Дүйнө сулуусу-2011" сынагына жолдомо алып, катышып келген. Биз андан кийин таанышып калганбыз. Болбосо сынакка кие турган көйнөгүн мен тигип бермек экенмин деп ойлоп калам.

– Бир коллекцияда канча кийим болот? Ага канча каражат кетет?
– 8ден 12ге чейин кийим тигилет. Буга орточо эсеп менен алганда 800 доллар сарпталат. Бул эми Кыргызстандын ичинде гана.

– Бир көйнөктү канчага тигесиң?
– 200 доллардан 1 жарым миң долларга чейин.

Эльвира султангазиева, Сулуулук жаратуучулар күнүнүн 2012-жылдагы баш байгесинин ээси: «АК ҮЙДӨ ИШТЕГЕН ЭЖЕНИН КИЙИМИН БУЗУП АЛЫП ТИЛ УККАМ»

Туулган жылы – 1980-жыл, 25-март
Билими – Н.Исанов атындагы КМКТАУнун архитектура факультетин бүтүргөн

– Эмнеге бул кесипти тандап алдыңыз?
– Ата-энем экөө тең сүрөтчү. Мен да кичинемден кагаздан ар кандай фигураларды кесип, барактарга чиймелеп эле отурчумун. Жогорку окуу жайына да ушул багытта тапшырып, ошондон улам кызыгуум артты.

– Алгачкы коллекцияңыз качан жарык көргөн?
– Эң биринчи олуттуу эмгегим деп дипломдук ишиме даярдаган кийимдеримди айта алам.

– Эмгек жолуңузду кайсы жерден баштагансыз?
– 2002-жылы кайсы бир мода үйү дизайнерлерге кастинг жарыялап жатканын угуп калдым. Анан эскиздеримди алпарсам, дароо эле жактырып, иштөөгө алып калышкан. Иштеп жүрүп «Чыгыш харизмасы»деген алгачкы коллекциямды чыгаргам. Ошол эле коллекциям менен Алматыда өткөн мода жумалыгына катышып, сыйлуу орунду ээлегем.

– Чет өлкөдөн иштешүү сунушу түшкөнбү?
– Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы бир мода үйү иштешели дегенинен ойлонуп, үйдөгүлөр менен кеңештим. Ата-энем каршы чыгып туруп алышты. Ошентип, Кыргызстанда калууга туура келди. Негизи, бул жакта иштеп деле дүйнөгө таанылса болот.

– Кесибиңиздеги кызыктуу учурлар...
– Бир кийим тигем деп баштап, аны туура эмес кесип алган учурлар болот. Мисалы, бир жолу Ак үйдө иштеген бир эженин көйнөгүн бузуп алып, абдан катуу тил укканым эстен кетпейт.

– Башка дизайнерлерден өзгөчөлүгүңүз...
– Ар бир дизайнердин өзүнө гана мүнөздүү элементтери болот. Менин Кытай иероглифтери сымал оюуларым бар. Эгерде бирөө уурдап ала турган болсо, дароо тааныйм. Анан да кийимди үлгүсүз быча алам. Ушуларды өзгөчөлүгүм деп эсептейм.

Асел Асанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз модельерлеринин максаты - дүйнөнү багынтуу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Debi
2012-12-17 12:40:33
Омарды тамашаторго түшүргөн кыздардын бири экен.
0
Debi
2012-12-17 12:42:21
Үкөй, иштерман сөзсүз ийгиликке жетишет, азаматсың, бар бол!
0
bela77
2012-12-17 13:02:36
Усен Беодибаев молодец!!!Укей тебе удачи!!
0
altinim
2012-12-18 16:11:50
асан усондор азаматсынар силердей чыгармачыл эмгекчил жаштар кобойсун
0
kulpun88_kg
2012-12-19 10:14:34
ийгилик силерге
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан