Массаж – денеге өзгөчө эргүү тартуулоочу, ар кандай ооруларды дарылоонун эң жөнөкөй жолу. Массажды демейде чоң адамдарга жасашат. Бирок анын наристелер үчүн да мааниси зор. Дени сак адамдар да эс алуу максатында денесин укалатса болот.
Бүгүнкү күндө массажды заманбап аппараттар менен да жасап келишүүдө. Бирок кандай укмуш аппарат болбосун, ал мыкты адистин колун алмаштыра албайт.
МАССАЖДЫН ТҮРЛӨРҮ
Кайсы максатта жана дененин кайсы бөлүгүнө колдонулганына жараша укалоо бир нече түргө бөлүнөт. Алар:
Дарылоочу массаж – ар кандай ооруларды жана жаракаттарды дарылоодо жасалат. Оорулуунун абалына жараша жалпы денеге же дененин кайсы бир бөлүгүнө жасалышы мүмкүн. Массаждын бул түрү дарылап жаткан дарыгер тарабынан сунушталат. Дарылоочу массаждын негизги бөлүктөрүнүн бири – чекиттик укалоо. Чекит массажынын негизги максаты – чыңалган булчуңдарды бошоңдотуу, ошондой эле адамдын шалдыраган денесин калыбына келтирүү болуп саналат. Нерв чекиттерин укалоо менен дартка тушуккан ички органга таасир берип, адамдын бат айыгуусуна көмөк берет.
Гигиеналык массаж – оорунун алдын алуу үчүн колдонуучу массаж түрү. Ал денени калыбына келтирүү, нерв системдери чарчаганда, психикалык стресске кабылганда организмдин ишин жөнгө салуу жана дене сулуулугун сактоо үчүн жасалат. Массаждын бул түрүн адам өзүнө-өзү жасай алат.
Спорттук массаж – спортчуларга формасын кармап туруу, булчуңдарын чыңдоо, организмди эс алдыруу үчүн жасалат. Муну атайын спорттук массажды мыкты өздөштүргөн адис жасайт. Мисалы, Олимпиадага же кандайдыр бир спорттук мелдештерге даярдаганда көп күч келген булчуңдарга жасалат. Ал мелдеш алдындагы жана калыптандыруучу болуп экиге бөлүнөт. Мелдешке чейинки максаты – булчуңдарды, нерв системин, дем алуу органдарын алдыдагы оор сыноого даярдоо. Таймаштан кийинкиси болсо, организмди эс алдыруу, алган жаракаттарды калыбына келтирүү максатында жасалат.
Косметикалык массаж – дене жана тери сулуулугуна кам көрүү, эрте карып кетүүнүн алдын алуу, ар кандай дене кемчиликтерин оңдоо үчүн жасалат. Косметикалык массажды кол менен да, аппарат менен да жасоого болот.
Массаждын бул түрүнө целлюлитке каршы укалоо да кирет. Целлюлитке каршы сунушталган атайын кремдер, гелдер колдонулат. Анан да массаж алдында булчуңдарды ысытып жана бошоңдотуу үчүн ысык душ кабыл алуу сунушталат. Аталган массаж төмөндөн, тагыраак айтканда, буттан жогору карай жасалат. Массаждын бул түрүн жумасына жок дегенде бир жолу 30-60 мүнөт алуу туура.
Эротикалык массаж – укалоонун бул түрү медициналык массаждардын катарына кирбейт. Мында негизинен дарылоо эмес, адамды сексуалдык жактан дүүлүктүрүү биринчи орунда турат. Бул үчүн адамды өзгөчө кереметке бөлөөчү ар кандай жыпар жыттуу майлар, шамдар, музыка, анан сексуалдык маанайда жасалгаланган бөлмө болушу шарт.
ТАРЫХТА
МАССАЖ ЖАСООДО ЭСКЕ АЛЫНУУЧУ ЖАГДАЙЛАР
МАССАЖ КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛБАЙТ?
Макаланы даярдоого салым кошкондугу үчүн «Сулуулук жана ден соолук»клиникасынын дарыгер-косметологу Айнура Бейшеналиевага ыраазычылык билдиребиз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg