БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН ЖАРАЛГАН «КАДАМ»

3-декабрь – Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү. Андыктан биз дагы Нарын шаарындагы «Кадам» реабилитациялык борборуна баш баккан элек. Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланышат.

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМ
Нарын шаарындагы «Кадам» реабилитациялык борборунун босогосун аттаганда эле балдар бизди кубаныч менен тосуп чыгышты. Жетекчиси Шарапат Актанова Бишкекке семинарга кеткендиктен, тарбиячылары менен жолугуп, кепке тарттык. Бирикме 2002-жылдын 26-декабрында түзүлүп, юридикалык каттоодон өткөн.
«Кадам» реабилитациялык борборун ачууга мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын келечегин ойлоо түрткү болгон. Ачылышы тууралуу аталган борбордун эсепчиси Шайлоогүл айым төмөндөгүлөрдү айтты:
– Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин өтө жакшы түшүнөбүз. Алардын балдарын багуудагы кыйынчылыктарын бир аз болсо да жеңилдетүү максатында борборду ачып, балдарды топтой баштадык. Алгач ар кандай долбоорлорду жаздык, донорлорду издедик. Анан отургуч, стол сыяктуу каражаттарды алып, иштей баштадык. Кийин донорлор табылып, жазган долбоорлордон да утуш ала баштадык.
10 жылдын ичинде жалпысынан 13 эл аралык жана башка долбоорлор менен иштедик. Учурда бизде каттоодо 135 мүмкүнчүлүгү чектелген бала турат. Бул жерде азыр 5 адам эмгектенебиз.
Медициналык кароодон өткөндөн кийин, тилекке каршы, кээ бир балдарга «окутууга мүмкүн эмес» деген жыйынтык чыгарып беришет. Тамга тааныбаган, өң-түстөрдү айырмалап биле албаган балдар келишет. . Ата-энелер балдарын алып келгенден кийинкисин өз моюнубузга алабыз.

«КУДАЙ БЕРГЕН БАЛАДАН БАШ ТАРТА АЛБАЙСЫҢ»
Биз менен аралашып, ары-бери басып жүргөн 13-14 жаштагы тестиер балага көзүбүз урунду. Өзүн Азат деп атаган бала компьютерди мыкты билет экен. Азаттын апасы Бурул Маразыковага да суроолорубузду узаттык.

– Балаңызга ушул борбордун пайдасы тийип жатабы?
– Албетте, пайдасы тиет. Балам азыр 14 жашта. Мен бир гана ушул уулум менен алек болом. Көз албай карап туруш керек. Майып баланы багыш ар бир ата-эне үчүн өтө оор. Наалат айтпай, Кудай берген баланы багып жатабыз. «Кадам» реабилитациялык борбору балдарга эле эмес, алардын ата-энелерине да абдан чоң жардамын көргөзөт. Мисалы, мен шашылыш жумушум чыгып калганда же өзүм сыркоолоп ооруканага кайрылууга туура келип калганда ушул жерге алып келип баламды калтырам. Азат сүрөттү абдан жакшы тартат. Өң-түстү ажыратып биле албайт, бирок ушул борборго келгенден тартып көргөн нерсесинин өңү кандай болсо, ошого жараша калемди таап боёгонго үйрөнүп калды. Тамга тааныбайт, бирок телефондогу, компьютердеги программаларды таап, менюда кайсы бөлүм кайда жайгашканын жатка билет.

«БОЛСУНЧУ ДАЙЫМ АПАМ!»
«Кадам» реабилитациялык борборунан чыгып, №87-кесиптик-техникалык лицейдин алдындагы реабилитациялык тайпаларга сапар тарттык. «Кадамдагы» балдар жашы жеткенде ушул жайга келип билимин улантышат. Бул окуу жайда 3 тайпа бар. Окуу жайдын мугалими Каухар Жумадилова төмөндөгүлөргө токтолду:
– Балдар мүмкүнчүлүгүнө жараша келип билим алышат. Алардын бири Адилет Анапияев менин тайпамда окуйт. 16 жашта, апасы менен жашайт. Бизге келгенге чейин түнт, орой жана жашоого болгон үмүтү жок эле. Бирок үзбөй келип жатып, калыптанып, колунан келген бардык нерселерди биздин көрсөтмөбүз, берген багытыбыз боюнча жасайт. Адилет абдан акылдуу. «Келечекте врач болом, апамды дарылайм» деп көп айтат.

Сапарыбызда балдардын көбү Жаңы жылды жаңы үмүт менен күтүп жатканын байкадык. Жаңы жыл балдарга дагы мүмкүнчүлүктөрдү тартууласын деп кош айтыштык.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Begim8678
2012-12-20 09:18:09
Мен да майып балдарга аманчылык, ден соолук, бактылуу омур каалайм. Силер Кудайдын суймончугусунор. Силерге мумкунчулук тузуп берген эже-агайларга да рахмат. Озунордун жакшы онорлорунор менен ата-эненерди кубантып журо бергиле!
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан