Букмекердик кеңселер айрымдар үчүн спорттук мелдештерди түз алып берүү менен спорт сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген жай болсо, айрымдар үчүн күнүмдүк акча алып келүүчү жай... Бул жолу букмекер жана тотализаторлор, ал тууралуу диндин, мамлекеттик кызматкерлердин, катардагы спорт сүйүүчүлөрүнүн пикирин билүүгө аракет кылдык.
БУКМЕКЕРДИК КЕҢСЕЛЕР ДЕГЕН ЭМНЕ?
Букмекер – бул атайын спорттук, саясий, экономикалык жана маданий иш-чаралардын жыйынтыгын божомолдоп, атайын байге сайган адам. Ал эми алардын пикири боюнча, байгелерди сунуштаган жайлар букмекердик кеңселер деп аталат. Ал жерлерде аба ырайынан тарта «мамлекеттик кызматтын өкүлү жумушун качан таштайт?» деп сунушталган божомолдорго чейин бар. Байгелер көбүнчө спорттук мелдештерге, ат чабыштарга жана ит жарыштарга кабыл алынат. Ошондой эле букмекерлерге удаалаш тотализаторлор да иш алпарып келишет. Тотализатордун айырмасы, акча ортого чогулуп, бир же бир канча киши жеңет. Мейли короз же ит уруштурсун, пайдакечтер ортодо мөрөй талашып келишет.
БААРЫ РИМДЕН БАШТАЛГАН
Мелдеше кетип, уткан тараптын пайда табуусу адамзатка акыл бүткөндө эле пайда болсо керек. Анын өнөр катары калыптануусу байыркы Римге барып такалат. Анда атайын мушташтар уюштурулуп, байге сайылган. Совет доорунда бул «өнөр» жок делгени менен, совет эли «спорттук лотерея» деген түшүнүктү жакшы билчү. Ал деле кадимки тотализатордун жобосу боюнча жүргүзүлүп келген.
«Букмекер» түшүнүгү Кыргызстанга Совет доору ыдыраган соң келди. Спорт сүйүүчүлөрү көп заманда спортту жайылтууда букмекердик кеңселердин салымы зор. Анткен менен ал спортко болгон сүйүүнү жоготуп, спортту да акча үчүн көрүүгө апкелет дешет. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан боюнча букмекердик 3 сайт иштейт жана Бишкекте 3 букмекердик кеңсе, 37 пунктта байгелерди кабыл алат. Ошондой эле Кантта эки кеңсе болсо, Кара-Балтада, Каракол, Ош, Сокулук жана Чолпон-Ата шаарларында бирден пункттар иштейт.
ЖКДА ДА КАРАЛДЫ
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеште букмекерлерди жана тотализаторлорду жабуу боюнча маселе көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин Фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов: «Кумар оюндарынын ордуна букмекер, тотализатор жайылууда»,- деп баш көтөргөнү менен, бул маселе кийин күчүн жоготуп койгонсуду. Анда айрым депутаттар «байге саюу кумар эмес, букмекер жана тотализатор ислам өлкөлөрүндө деле бар» деп чыгышкан. Каржы рыногун көзөмөлдөп жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, букмекердик кеңселер бюджетке жылдык кирешесинин 10 пайызын, ал эми тотализаторлор 7 пайызын төлөшөт. Ошондой эле «букмекерди 21 жашка чыгып, жумуш менен камсыз болгондор ойносун» деген жобо каралганын айта кетели.
Саясат ажы Асанов:
«БУЛ КУМАР ОЮНУНА КИРЕТ»– Бирөөлөрдүн акчаларын чогултуу, андай оюндарды уюштуруунун артында Жараткан үчүн бир максат турбаса, анын кажети жок. Бул такыр эле шарият жолуна туура келбеген нерсе. Мындай оюндарды уюштургандар жана ойногондор кумар ойногонго тете. Бул жерде деле биз билген лотерея оюндарындагыдай эле арам акчалар жүгүрөт да. Ислам өлкөлөрүндө болуп көргөнбүз. Бирок мындай жайларды көргөнүбүз да, күбө болгонубуз да жок.
P.S. Бул макала букмекердик кеңселерди жарнамалоо үчүн эмес. Андыктан андагы бардык системдерди түшүндүрүп берүүнү туура көрбөдүк.
БУКМЕКЕРЛЕРДИН СИСТЕМИ
16-декабрда Испания жана Англия чемпиондугунда боло турган оюндарды мисалга алалы. Букмекерлер төмөнкүдөй сунуш киргизери шексиз.
*Беттештерде команда өз үйүндө ойносо жана бедели жогору болсо, азыраак коэффициент ыйгарылат.
**Каршылаш команда алсыз болсо, атаандашына тете оюн көрсөтөрү күмөн болсо, көбүрөөк коэффициент берилет.
***Баары эле конокто жеңе бербейт. Демек, бул үчүн да чоң коэффициент берилет.
Жеке байге системи. Бирден байге сайууга болот. Мисалы, «Барселонанын» жеңиши үчүн 100 сом байге сайылса, коюлган сумма менен жогорку коэффициентти көбөйтөбүз (100х1.20=120). Жыйынтыгында анын жеңиши 20 сом алып келет.
Экспресс системи. Мында сунушталган коэффициенттерден мейли төрттү, мейли онду бириктирип коюуга болот. Мисалы, жогоруда көрсөтүлгөн таблицадагы командаларга коюп көрөлү.
1. «Реал» жеңет (коэф. – 1.20)
2. «Барселона» жеңет (коэф. – 1.30)
3. «Тоттенхэм» тең чыгат (коэф. – 3.00)
4. «Арсенал» жеңет (коэф. – 2.00)
Төртөөнү бириктирип, 100 сом байге коёлу. Сумма менен коэффициенттерди көбөйтөбүз. 1.20+1.30+3.00+2.00=7.50 Коэффициенттерден чыккан сумманы 100гө көбөйтөбүз. 7.50х100=750 сом
Спорт сүйүүчүлөрү букмекердик кеңселерди жөн жерден байырлап жүрөт дейсизби? Бул жерде командалардын жеңиштеринен сырткары орто эсеп менен жүздөн ашуун сунуш бар. «Топту ортодон ким биринчи баштайт? Биринчи голду ким киргизет? Канча гол киргизишет? Оюндун так эсеби» деген сунуштардан баштап, «Кайсы команда биринчи оюнчу алмаштырат?» деген сунуштар бар.
Ал эми тотализатор азыр күчүн жоготуп койду. Бул тууралуу кеп кылбай койгонубуз оң болор.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg