«БАКТЫМДЫ «СУПЕР-ИНФО» АЧТЫ»

Редакциябызга «Супер-Инфо» гезитине жана андагы «Таанышуу бурчу» рубрикасы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз!» деген билдирүү келип түшкөн эле. Ал абонентке кайра телефон чалып байланышканыбызда Исламбек аттуу окурманыбыз болуп чыкты. Анда эмне себептен ыраазычылык билдирип жатканын өзү айтып берсин.

– Аты-жөнүм Исламбек Амат уулу, 36 жаштамын. Үй-бүлөм менен Баткен шаарында турабыз. Кесибим – милиция кызматкери.
Мындан эки жыл мурун, 2010-жылдын январь айында колума «Супер-Инфо» гезити тийип калды. «Таанышуу бурчуна» телефон номерлерин калтыргандар мени кызыктырды. Арасында аты өзгөчө айым бар экен, Серена деген. Жашы, жашаган аймагы, айтор, бардык жагы мен ойлогондой болуп чыккандыктан, ага телефон чалдым, тааныштык. Толук аты Сергил Урманова экен. Ал кезде Сергил Кербен шаарында медик болуп иштөөчү. Көп өтпөй Ош шаарына барып, экөөбүз жүз көрүшүп, жакындан тааныштык. Жылдызыбыз келишип, май айында баш кошуп, үй-бүлө статусуна ээ болдук.
Азыр бир балабыз бар. Аты Байэл. 20-декабрда бир жашка толот. Чынын айтсам, гезит аркылуу таанышат дегенге көп деле маани берчү эмесмин. Бирок менин бактымды «Супер-Инфо» ачты. Сиздерге үй-бүлөбүз менен терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Эмне демекчибиз, кармашкан колуңуздар эч качан үзүлбөсүн!

 

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
alik1602
2012-12-17 11:53:16
бактылуу болгула.жашасын супер инфо
0
Kurbanalieva1991
2012-12-17 13:40:16
Ui-bulonuzdordon yntymak,yrysky ketpesin.Eki duino baktyluu bolunuzdar!
0
windows.kg
2012-12-17 15:18:58
Бактылуу болунуз. Сиздин бактынызды жараткан аллах ачты Супер-ИНФО болсо жон гана себепкер.
+3
Shekerbek
2012-12-18 15:52:05
windows.kg, туура! бул деген ШИРК куноосуно кирет чон ширк -> создогу ширк болот
0
kg_girl1991
2012-12-17 15:57:55
Бактылуу болгула!
0
doni_djd
2012-12-18 10:06:41
Ай,windows.kg,ошол аллах Супер-Инфону себепкер кылган да!Бактылуу болунуздар,кооп балалуу болунуздар!
0
kuzulalay
2012-12-18 16:31:01
бактылуу болгула
0
altinim
2012-12-18 16:38:10
жонле бактылуу болгула деп коё бербейлиби? ээ чукуланбай
0
nelli
2012-12-18 17:24:43
Мынча жакшы,бактылуу болушсун
0
zvezda...
2012-12-19 00:59:08
Сонун гоо,БАКТЫЛУУ болгула!Ыраазычылыгын билдирип келгени жакшы адамдар экенинен кабар берет,МОЛОДЦЫ!
0
magic1721
2012-12-20 14:11:20
Мен абдан кубанычтамын, бактылуу уй булордон болгула!!!
0
Karysh
2012-12-20 17:18:25
Агенттен да бактыңарды издегиле ал жакта да бар)))
+1
dinaro4ka
2012-12-21 11:58:30
Karysh, туура айтасын
0
Beksultan01
2012-12-21 12:26:42
Бактылуу болгула!
0
1252
2012-12-21 22:23:24
Бактылуу болгулар!!!
+1
Jamalym
2012-12-22 15:00:12
Бактылуу болунуздар!
0
rozka
2012-12-22 22:15:58
Кармашкан колунар узулбосун бактылууу болгула
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан