КУРМАНТАЙ АБДИЕВ,ЖКнын депутаты:
«Кыргыз тил десе эле «акча бөлүп окутуу керек» дешет. Эмне үчүн ушунча жылдан бери Кыргызстанда жашап жүрүп кыргыз тилин билбегендерге мамлекеттен акча бөлүп берип, үйрөн дешибиз керек?»
ТУРАТБЕК МАДЫЛБЕКОВ, ЖКнын депутаты:
«Зарылбек Рысалиев министр болуп турганда ИИМде бир жылда 14 миллион сомго чейин бюджеттик жетишпестиктер болгон экен. Ошол жеп-ичкен жетекчини биз кайра алып барып башка кызматка коюп жатабыз».