Алмазбек Раимкулов жана жубайы Динара: «УЧУРДА НАРИСТЕ КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»

Кыргызды дүйнөгө тааныткан айрым спортчуларды кыргыз спортунун алтыны десек, бул жигит кыргыз спортунун алмазы! Аты да Алмаз, заты да алмаз...
“Жан шерик” рубрикасынын бүгүнкү коноктору айтылуу мушкер Алмазбек Раимкулов жана анын жубайы Динара. Алыскы АКШдан биротоло орун-очок алып жашап калган бул жан шериктерге интернет аркылуу байланышка чыктык.

– Алмаз байке, үйбүлө куруп, түтүн булаткыча эркектин ишинин жугуму болбойт дешет. Бул кеп чын бекен?
Алмазбек: – “Эркек алгач үй салышы керек, анан бак тигип, андан соң балалуу болушу керек” деп айтып коюшат го. Демек, мен бул айтылгандардын экөөсүн аткардым. Ошентсе да ар бир курактын өзүнүн кызыгы, бакыты бар.
– Динара эжеден сурагым келип кетти. Мындай темир муштум жигитке турмушка чыгуудан айбыгып, корккон жоксузбу?
Динара: – Алмазга турмушка чыгарда анын муштуму тууралуу деле ойлобоптурмун. Тескерисинче, өзүм жактырган мырзага турмушка чыгарымды ойлоп, териме сыйбай кубангам. Анын үстүнө спортто ийгиликке жетиш үчүн муштум эле эмес, темирдей бекем эрк да керек. А турмушта мындай эрки күчтүү адамдардын жан дүйнөсү жумшак келет.
– “Кыз кезинде баары жакшы, үйлөнгөн соң эле мурда көрүнбөгөн мүнөздөр чыга келет”, - деп айтып калышат. Динара эжеден мындай өзгө­рүү­лөрдү байкаган жоксузбу?
Алмазбек: – Мм, Динара өзгөр­дүбү?.. Жеңе­ңер­ди мага турмушка чыккандан кийин көбүрөөк жактыра баштадым окшойт. Балким, алыс жүрүп көп билбегендирмин, айтор, азыр улам бир жакшы сапатын байкап, ичимден “Кудай менин аялдан багымды ачыптыр...” деп кымылдап коюп жүрөм.
Айырмасы... Мурун камыр жайганды жакшы билбейм дечү эле, эми лагмандын камырын да катырып чоё баштады. Ушуну айырмага киргизсе болобу?
– Бириң Кыргызстанда, бириң океандын ары жагында туруп кандайча таанышып, табышып калдыңар эле?
Динара: – Кичинекейибизден эле бири-бирибизди билчүбүз. Бизди убакыт өзү жакындатты окшойт. Кадимки тааныштык кантип мындай жакшы сезимге өсүп кетти, билбей да калдык.
– “Үйлөнөлү” деген сунушту биринчи болуп ким киргизди?
Динара: – Эркектик кылып биринчи “үйлө­нө­лү” деген сунушту Алмаз айтты.
– Бирин-бири эңсеген эки жү­рөк­тү миңдеген чакырым бөлүп турганы абдан оор болсо керек, ээ?
Динара: – Айтпа. Сагынганда тимеле учуп жетсем дейсиң. Айла гана жок да. Экөөбүз күн сайын интернеттен кат жазышчубуз. Ага болбой баратса телефон чалат. Ошентип жүрүп, Алмаздын көп эле акчасы кетти окшойт.
– Эми жүрөктөн өтүп ашканага келсек, Алмаз байке, жеңебиз ашканада кандай кожойке?
Алмазбек: – Мага келинчегимдин жасаган бардык тамактары жагат.
– АКШда жүрүп, биздин бешбармак, палоону америкалыктардын фаст-фудуна алмаштырып ийген жоксуздарбы?
Динара: – Шашылыш болуп калганда эле гамбургер жебесек, үйдө өзүбүздүн манты, бешбармак, дымдамаларды жасайбыз. Ошентсе да өзбектердин жыты буркураган палоосун эңсеп, сагынып жүрөбүз.
– Жакында бүлөңөр кичинекей наристе менен толукталганы турат. Ким деп күтүп жатасыңар, уул, кыз?..
Алмазбек: – Ким болсо да Кудайдын бергени, аман-эсен, ден соолугу чың төрөлсө болду деп күтүп жатабыз.
– Балага ысымды ким коёт?
Алмазбек: – Үйбүлөлүк кеңеште кайсы ысым көп добуш алса, ошону коёбуз.
– Алмаз байке, ашканада, үй-тиричилигинде Динара эжеге жардамдашасызбы?
Алмазбек: – Убактым болсо кол-кабыш кылам.
– Балка кармап, мык кагып, бычак курчутуп дегендей, үйдө өз милдет­териңизди аткарасызбы?
Алмазбек: – Муну жеңеңерден сурап көргүлө да.
– Жооптон качып калганына караганда аткарбайт көрүнөт ээ, Динара эже?
Динара: – Жо-ок. Аткарат эле, өзүн өзү мактагысы келбей жатат да.
– Сурай берсек, сурообуз түгөнчүдөй эмес. Жакшысы, калганын Кыргызстан­га келгениңерде берели. Экөө­ңүздөргө үйбүлөлүк бакыт, ынтымак каалайбыз. Аман болуңуздар.

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
areneV
2012-02-26 17:47:53
azyr Assol Moldokmatova ayalyby je Dinaraby? tushunboi kaldym....
0
Nancy
2012-11-21 04:15:03
areneV, Birinchi Dinaraga uilongon. Anan Assolgo uilondu. Dinara menen rasmiy turdo ajyrashkan emes, birok Assolgo kantip uilondu bilbeim Dinaradan ajyrashpai turup. AKSHda ajyrashpai uilonson zakondu buzganyn.
0
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан