Кибирахан Туйгунова, чебер:«РЫСПАЙДЫН СҮРӨТҮН КИЛЕМГЕ ТҮШҮРҮҮ – МЕН ҮЧҮН СЫЙМЫК»

Телеканалдан кайсы бир атактуунун келбетин килемге түшүрүп, аны белекке бергендерди көрүп калчу элем. Биздин арабызда да ошондой чебер айым бар экен. Кибирахан эженин сайма саюу, таар токуу, курак куроо, килем согууну мыкты билерин угуп, пикирлешкенге үйүнө бардым. Учурда ал белгилүү обончу Рыспай Абдыкадыровдун сүрөтүн килем бетине түшүрүп жатыптыр.

– Сизди Баткен элинин калың катмары тааныйт экен. Узчулуктун кандай түрлөрү менен алектенесиз?
– Кол өнөрчүлүктүн бардык түрү менен эле алектенем десем болот. 60 жаштамын. Сайма сайганды, курак кураганды, таар, килем сокконду, тери ашатканды ийне-жибине чейин үйрөнүп жана үйрөтүп келе жатам.

– Өнөрлөрдүн башаты кайдан пайда болгон?
– Менин таенем чоң уз экен, «устатынан шакирти өтүптүр» дегендей, апам апасынан өткөн чебер болгон. Иним колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста, сиңдилерим да уз. Апам менен таенемдин катарына кошулуп алып килем согууну кыялданчу элем. Бул кыялым 4-5-класстагы окуучу мезгилде орундалган. Сайма саюу, курак куроо, таар согуу дегендерди ырахаттануу менен жасачумун. Атам каза болгонуна байланыштуу апам бизди кол өнөрчүлүгү менен акча таап чоңойткон. Буга чейин да көптөгөн көргөзмөлөргө катышып келем. Кайсы жерде көргөзмө болсо, менин үйүмдөгү улуттук буюмдарымдын баарын көчүрүп кетишет.

– Сиздин үйүңүзгө киргенде килемдеги «Рыспай Абдыкадыров» деген жазууну көрдүм...
– Ооба, биздин Баткен шаардык мэрия тарабынан ушул инсандын 70 жылдыгына 1 жума калганда анын сүрөтүн килем бетине түшүрүп бериңиз деп келишкен. Мен сү­йүнүп макул болдум. Обончунун сү­рөтүн килем бетине түшүрүүнү сыймык деп эсептейм. Кызыгы, мага бул тууралуу айтып коюп, мэрия тарабынан эч ким кайрылып келбеди. Ага карабастан, бул ишти аяктоо алдындамын. Килемге келбетин түшүрүп бүттүм, эми жүзү калды.

– Кол өнөрчүлүгүңүз менен үй-бүлөнү каржылай аласызбы?
– Мен ушуга чейин тамагымды өнөрүм аркылуу таап келем. Биздин килемдеги айырмачылык, андагы көчөт­төр­дү кыргыздын эле эмес, түрктөрдүн, түркмөндөрдүн да оюулары менен согобуз. Алардын оюулары биздин оюуларга караганда бир аз татаал келет. Мисалы, Калининград шаарынын бир тургунунан 80 миң сомдук килемге буйрутма алганбыз. Чет мамлекеттин жарандары табигый түстөгү, боёкко салынбаган, оймолору жок килемдерди жакшы көрүшөт.
Эженин өнөрүн улантып жаткан кызы Арзыкан эже менен да маектештик.
– Бул бизде ападан кызга улантылып келе жаткан мурас. 7-8- классымдан баштап эле кол өнөр­чүлүккө аралашкам. Сүйүп жасаган ишим – кийим жана килем токуу. Азыркы тапта апамда болгон өнөрдүн баарын үйрөнүп, аларды мыкты өздөштүрүүгө ара­кеттенүүдөмүн.

– Азыркы учурда сейрек кездешүүчү тери ийлегенди да билет экенсиз...
– Терини азыркы тапта ийлеген адамдар азайып баратат. Мен терини ашатып, түрдүү кийимдерди жасайм. Себеби териден жасалган кийимдер аябай жылуу болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kurbanalieva1991
2012-12-24 15:32:39
Баткен оругу менен эле эмес,килемдери менен да белгилуу болуп келатат.Эненин колу гул экен,акчам болгондо озум эле сатып алмакмын Р.Абдыкадыровдун суроту тушурулгон килемди.
+1
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан