“Кош келиңиз!” деп Кыргызстанга келген конокторго кыргыз жерин таанытууну кесип кылган инсандардын бири бүгүн биздин коногубуз.
Жан дүйнөсү бала чагынан табиятка жакын бул инсан бекеринен учурдагы кесибин тандабаптыр. Анын биринчи максаты – Кыргызстанды туризм аркылуу бүт дүйнөгө таанытуу. Кеп Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Турусбек Мамашев жөнүндө.
– Турусбек мырза, ушул жумада бардык мектептерде акыркы коңгуроо болуп, канчалаган улан-кыздар турмуштун даңгыр жолуна аттанышты. Сиздин акыркы коңгурооңуз эсиңизде барбы?
– Ал күн ар бир окуучунун эсинен өмүр бою кетпесе керек. Мен да башка классташтарым сыяктуу эле келечектен көптү үмүттөнүп, кыялдардын кучагында мектеп уясынан чоң турмушка аттангам.
– Адатта көпчүлүк бүтүрүүчүлөрдүн кыялы сыйлуу бир кесиптин ээси болуу эмеспи. Сизде да кыялдар болсо керек?
– Кантип болбосун? Ошол кезде режиссёр болуп, кино тартуу мен өңдүү жаштардын максаты, кыялы болчу. Анткени биз 1970-жылдардагы трагедия менен башталып, аягы бактылуу аяктаган кинолордун таасири астында чоңойдук.
– Кыялыңыз ишке аштыбы?
– Балалык кездеги тилегиме жеттим десем болот. Анткени Ленинграддан окуп келгенден кийин “менмин” деген кыргыз режиссёрлорунун бардыгы менен иштешип калдым. Мисалы, “Фудзиямадагы кадыр түн” аттуу тасмага үн режиссёр болгонум азыркыга чейин эсимде.
– Анан кайсы убактан баштап бизнес багытына ооп, Кыргызстандагы белгилүү ишкерлердин катарына кирип калдыңыз?
– 1990-жылдары иши жок калгандардын катарында кинорежиссёрлор да бар эле. Алардын айрымдары бизнеске кетишти. Мен да алардын катарында карызга акча алып, бош турган жер тилкесин алып, ал жерге кафе ачып иштетип, кийин карыздардан кутулуп, пайдасын көрө баштадым. Анан мүмкүнчүлүктөр көбөйө баштаганда Кыргызстанда биринчилерден болуп, Бишкек-Стамбул аба каттамын ачтык. 1992-1993-жылдары мамлекеттер аралык аба каттамына жол ачып бердик. Ошентип отуруп, кийин туризмге өтүп кеттим. Иштерим жүрүшүп, көптөн бери көңүлдө жүргөн кыргыздын чыныгы патриоту экенимди далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлө баштады.
– Кандайча?
– 1994-жылы Түркиядан 27 журналист келип, аларды 2 күнгө керемет көлүбүзгө алып баруу, кооз жайлоолорду көрсөтүп келүү мага жүктөлдү. Аларды алып барып, коноктоп кайра келатып, орто жолдон журналисттердин суранычы боюнча жол боюнда тигилип турган боз үйлөргө токтодук. Алар боз үйлөргө кызыгышып камерага, фотоаппаратка тартып эле жатышкан. Кийин тарткандарын карап көрсөк, боз үйдүн ичинин киринен кишинин жүрөгү айланат. Ошол окуядан кийин Кыргызстанга келгендерди кыргыздын боз үйү, анын жабдыктары, каада-салты менен кенен тааныштыруу максатында “Дасмиянын” ичине “Кыргыз айылы” деген ат менен 6 боз үй салдырдым. Ошентип, мекенибизге келген туристтердин боз үйгө болгон кызыгуусун арттыра баштадык. Ал эле эмес, ШОСтун саммитине келгендердин ичинен Кытайдын Премьер-министри тамакка карабастан, “бул кереметтин автору ким?” деп боз үйгө кызыгып, мени чакырып алып бир топко чейин баарлаштык. Биздин оймо-чиймелерди көрүшүп, “ар бир чийимде философия бар экен, силер улуу калк экенсиңер” деп мактап кетишти. Азыр чет жактан келгендерди 3-5 жылдыздуу мейманканалар менен кызыктыра албайбыз.
– Боз үйдөн тышкары, дагы эмне менен кызыктырса болот деп ойлойсуз?
– Андан көрө ушундай өзүбүздүн ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан каада-салттарыбызды даңазалоо менен таң калтырышыбыз мүмкүн. Мисалы, кыргыздар койду да маданияты менен союп, анын ар бир жилигин, башын, шыйрагын орду менен тартып, көзүн «көздөшүп жүрөлү» деп бөлүшөт. Боорунан быжы, өпкөсүнөн олобо, ичеги-карынынан жөргөм жасап, койдон эч кандай калдык калтырбайбыз. Этин жеп, терисинен кийим тигебиз. Ал эми жүнүнөн кийиз жасап, төшөк көктөйбүз.
– “Кыргызда эмне көп, той көп” деп коёт эмеспизби. Чакырган жерден калбайсызбы?
– Бизде дагы бир жакшы сөз бар. “Чакырган жерден калба, өзүң басып барба” деген. Анын сыңарындай мен да чакырган жерден калбаганга аракет кылам. Жуманын 5 күнү иш болсо, калган 2 дем алыш күнү ушундай тойлор менен эле өтүп кетет. Ыраматылык жубайым экөөбүз ээрчишип алып, конокторго көп барып жүрүп көнүп калган экем. Азыр деле бошой калсам, тойлорго барып милдетимен кутулганга шашылам.
– Кечиресиз, оор болбосо жубайыңыз тууралуу айта кетсеңиз...
– Жубайым өзү бул дүйнөдө жок болсо дагы, анын жаркын элеси дайыма биз менен. Кыздарыбыз Айсулуу менен Аселге жакшы тарбия берип кеткени үчүн ага эки өмүр ыраазымын.
– Үйдө тамакты ким жасайт?
– Айрымдар Мамашевдин үйүндө тамагын жасап, кирин жууган үй кызматчысы бар деп ойлошот экен. Андай эмес. Ашканадагы жумуштар кыздардан эле артпайт. Кээде отуруп кыздарыма жаш кездеринен эле жүк артып койгондой болуп, боорум ооруп кетет.
– Күлүк ат менен сулуу кызга жуучулар көп келишет эмеспи. Сизге куда болсом дегендер да аз болбосо керек?..
– Туура, кыздарым чоңоюп, көзгө көрүнө баштаганы куда түшкөндөрдүн саны көбөйдү. Ортого киши салгандар да болуп жатат. Мынакей менин кыздарым, балаңар жигит болсо, кызымдын жүрөгүнөн орун таап алсын деп айтам. Эң башкысы, жүрөктөрдө сезим болушу керек. Айсулуу азыр 20 жашта. Дагы 2-3 жыл иштейин деген пландары бар. Бирок алар качан турмушка чыкса да, мен өзүмдү токтото албай ыйлайт болушум керек. Негизи, бардык эле ата-эне балдарын жакшы көрөт. Бирок мен бөтөнчө жакынмын. Балким, “бири кем дүйнө” дегендей, апасы жок үчүнбү, билбейм.
– Кийимди өзүңүз тандап киесизби?
– Эч качан өзүмө кийим сатып албайм. Бул кыздарымдын моюнунда. Бүгүнкү менин стилистим – Асел. Көйнөк, галстуктан өйдө алып келип, кайсы көйнөккө кайсы костюм жана галстук жарашарын тандап берет. Ал эми эртең мага кийим тандоо кезеги кызым Айсулууда. Өзүм галстуктун түрүн чогултканды жактырам. Чет жактарга чыгып, жумуштун негизинде соода борборлорун аралап калганда да, көзүмө галстуктар илине түшөт. Үйдө 300дөн ашуун түрү бар болуш керек.
– Адамдын жеке турмушуна, ички дүйнөсүнө уруксатсыз аралашуу адепке туура келбейт. Ошентсе да бир суроону берейин деп турам. Жубайыңыздын көзү өткөнүнө бир нече жыл өтсө да үйлөнбөй жүрөсүз. “Мамашевдей мырзанын жубайы болсом” деп кыялдангандар да жок эмес болсо керек. Же бул нерсеге кыздарыңыз каршыбы?
– “Чыныгы себеби бул...” деп бир нерсени айта албайм. Ага менин кыздарымдын да, башкалардын да тиешеси жок. Убакыт-сааты келбей жатса керек. Урук-тууган чогулган жерде да “качан үйлөнөсүң?” деп айланы кетиришет. Жадакалса ушул сөздөн качып, кээ бир жерлерге барбай калам.
– Балким, ылайыктуу айым чыга электир...
– Андай болушу да мүмкүн. “Сага ылайыктуу” деп, ар ким менен тааныштырууга аракет кылган туугандар да бар. Ошентсе да жалгыз эле жүрөм.
– Аш-тойлордо ырдайсызбы?
– Жаш кезде Рыспай Абдыкадыровдун “Издейм сени” деген ырын ырдачумун. Ошондон бери жалаң изденүүнүн үстүндө жүрөм. Негизи, адам ар бир сөзүн, ал түгүл ырын ойлонуп, таразалап анан айтышы, ырдашы керек окшойт. Мен жашымдан “Издейм сени” деп ырдасам, жубайым “Коштошуу” деген ырды гана ырдай берчү. Аягында минтип, чын эле эртелеп биз менен кош айтышып кете берди. Көрсө, ал өзү байкабай ошол кезден баштап биз менен коштошо баштаган тура...
– “Ар бир башта бир өлүм” деп коюшат эмеспи. Жакындарыбыздан айрылсак, ушул кеп менен өзүбүздү жубатуудан башка аргабыз жок. Кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат.
– Силерге да рахмат. “Супер-Инфонун” окурмандары көбөйүп, өзүнүн жаңылыктары менен элди сүйүнтүп жүрө берсин!
Кызыктуу фактылар...
Гүлмира Турманбетова
star@super.kg