Көз жоосун ала чимириле бийлеген “Агама” бий тобун кимдер билбейт. Ал эле эмес, топтун татынакай кыздарына ашык болгон жигиттер да көп.
“Агама” бий тобу «Супер-Инфо» уюштурган мыктылардын тандоосунда эки жыл катарынан “Жылдын супер бий тобу” деген наамга арзыган. Күйөрмандарынан татыктуу баасын алган бийчи кыздардын жашоо образына кызыксаңыздар, анда бул макала сиздер үчүн...
Альбина
Өзгөчөлүгү – топтогу үйбүлөлүү жалгыз кыз.
Жакшы көрүп жеген тамагы – дымдама.
Гүлсана
Өзгөчөлүгү – ар дайым жылмаюу тартуулап турат.
Топтун шопоголиги.
Айгерим
Өзгөчөлүгү – топтун эркеси.
Жакшы көргөн жаныбары – ит жана ат.
Махабат
Өзгөчөлүгү – ачык-айрым.
Табиятта эс алууну жакшы көрөт.
Алина
Өзгөчөлүгү – канында еврейден баштап кыргыз канына чейин бар.
Жакшы көргөнү – уйку.
«Агама» тууралуу...
– Альбина, тобуңардын өзгөчө аты тууралуу айтып кетсеңер...
– Топтун аты баарыбыздын ысымдарыбыздын баш тамгаларынан түзүлгөн. Мисалы, Альбина, Гүлсана, Айгерим, Махабат, Алина. Мен Германияга кеткенде топко дагы бир кыз алганга туура келген. Диана кийин келгендиктен, анын ысымы топтун атына кошулган эмес. Диана буга таарынбайт деле. Анан «агама» деген сөздүн өзүнүн мааниси дагы бар. Агама – кескелдириктин бир түрү. Баарыбыз чогуу отуруп ушул атты тандаганбыз.
– Топ ачуу кимдин идеясы?
– Биз баарыбыз мурун “Гаухар” бийчилер тобунда элек. Кийинчерээк алардан бөлүнүп чыгып, өзүбүзчө топ ачтык. Азыр топто алтообуз бийлеп жүрөбүз.
– Канча жашыңардан бери бий менен алек болуп келе жатасыңар?
– Мен 4 жашымдан, Айгерим 6 жашынан, Гүлсана 3 жашынан, айтор, баарыбыз эле кичине кезибизден бий менен жашап келе жатабыз.
– Бий – силер үчүн...
– Бий – баарыбыз үчүн өзүнчө дүйнө. Өзүбүздү бийсиз элестете албайбыз.
– Бийдин канча түрүн бийлейсиңер?
– Балеттен жана чечёткадан башканын баарын эле бийлейбиз.
Топтун мыйзамдары
– Гүлсана, топтун ичинде кандай мыйзамдар бар?
– Эң биринчи эрежебиз – бири-бирибизге кандай учурда болбосун колдоо көрсөтүү. Мына ушундай ички биримдиктен улам “Агама” тобу ийгиликтерге жетишип келетат. Экинчи мыйзамыбыз – эч качан бой көтөрбөө. Анан башкаларга сырыбызды ачпашыбыз керек. Ошондой эле кандай учур болсо да жылмайып жүрүү.
– Топтун ичинде лидериңер барбы?
– Мен лидермин дебейминби (күлүп)... Бизде андай нерсе жок. Топтун ичинде ар кимибиздин өз милдеттерибиз бар. Аларды бөлүшүп алганбыз. Мисалы, мен топтун каржы маселесин чечем. Альбина болсо кийим жагына жооп берет. Мектеп окуучуларынан турган бий курамын түзүп, “Агама-2” деп атаганбыз. Айгерим ошол топтун кыздарына бий боюнча сабак берет. Махабат заказдар боюнча иштейт. Алина музыка жагын көзөмөлдөйт. Ушулар боюнча ар кимибиз жооп беребиз. Ошондуктан бизге лидердин же жетекчинин кереги жок.
«Ставкалары» жөнүндө...
– Махабат, азыр эң популярдуу бий тобу катары таанымалсыңар. Концертке чакырык көп түшөбү?
– Оо, аябай көп түшөт. Чындыгында эле жылдыздар менен эң көп иштешкен топ биз экенбиз. Эки жыл бою бекеринен силердин гезит тарабынан да сыйлыкка илинбегендирбиз.
– Анда «ставкаларыңар» тууралуу айтып кетсең...
– Мисалы, бир ырчы концертине чакырса, коштоп бийлеген бир бий үчүн 2000 сом алабыз. Ал эми бир бийди толук өзүбүз аткарып калсак, 3000 сомго баалайбыз.
– Ал эми жабык кечелерге атайын чакырышсачы?
– Эгерде Бишкекке эле чакырышса, бир бийге 2500-3000 сомдун тегерегинде акча алабыз. Ал эми алыс жактарга чакырышса, анда жолдун узактыгына карайбыз. Кээде ар бирибизге 3000 сомдон деле айланып калган учурлар болот.
– Силердин коопсуздугуңарды ким коргойт?
– Жигиттерибиз. Бизде Альбина эле турмушка чыккан. Калгандарыбыздын жигиттерибиз бар. Алар менен жүргөндө бизге эч ким тийише албайт.
– Кечелерде бийлеп жаткан учурда акча кыстарган учурлар болобу?
– Эми андай учурлар көп болбосо да, кээде болот. Беш кол тең эмес дегендей, тартипсиз адамдар бар да. Бирок биз көпчүлүк учурда кыстартпаганга аракет кылабыз. Кыстарганы келе жатса, колубузга эле ала коёбуз. Себеби денебизге бирөөнүн колун тийгизгибиз келбейт.
«Бек байке бутумду тебелеген жок»
– Айгерим, кайсы ырчылар менен жакшы тил табышасыңар?
– Шоу-бизнестеги бардык ырчылар менен жакшыбыз. Айта кетчү нерсе, бизге башында Бек Борбиев аябай колдоо көрсөткөн. Анда жаңы уюшулуп жаткан кезибиз болчу. Форма тиктиргенге каражатыбыз жок эле. Ошол учурда Бек байке бир концертте “бизге бийлеп бербейсиңерби?” деп сунуштап калды. Биз формабыз жок экенин айтсак, форма тиктирип берген. Биринчи жолу ошондо колдоо көрсөтүп, кийинчерээк да атыбыз таанылганча топко заказдарды таап берип жүрдү.
– Клипте Бек байке менен танго бийлейсиң. Аны менен бийлөө жеңилби?
– Башында бийлей алчу эмес. Бирок кийин өздөштүрүп кетти. Ал клиптеги бийлеген учурду эки саатта эле тартып бүткөнбүз.
– Бутуңду басып алган жок беле?
– Башында башка кыздар менен бийлеп үйрөнүп жатканда тебелеп алыптыр. Меникин тебелеген жок. Кадамдарды санап тез эле үйрөнүп алды.
Топтун улуусу жана сулуусу...
– Диана, араңарда улуусу, сулуусу деген статустар барбы?
– Топтун улуусу – Альбина, ал эми кичүүсү – Айгерим. Сулуусу... (ойлонуп) баарыбыз эле сулуу окшойбуз.
Альбина улуусу катары бизге акыл айтып, баарыбыз менен тил табышканга аракет кылат. Ал эми Айгерим өтө эрке. Көп уктайт, көп таарынат, көп тамак жеген да ушул кызыбыз.
– Араңарда атаандаштык деген нерсе барбы?
– Бизде бири-бирибизге атаандаштык жок. Бирок башка топторго атаандаштык бар.
– Келечекте кандай планыңар бар?
– Буюрса, “Агама” тобунун чоң концертин берсекпи деген ой менен жогорку деңгээлдеги шоу уюштурууну пландап жатабыз.
– Анда ишиңерге ийгилик.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg