ЖОЛУГУШУУГА БАРГАНДАР ЖАНА БАРБАЙ АРМАНДА КАЛГАНДАР

“Акты жылдар, өттү баштан далайлар,
Кайдасың
ар, бизди окуткан эже-агай?
Кайдасың
ар, бирге отурган курбулар?
Жолугушуп чер жазалы сайрандай”,-
деп бир к­ездеги билим алган уясына 10 жылдан кийин, 20 жылдан кийин жолугушууга барышат эмеспи. Биз быйыл 10 жылдык, 20 жылдыкка баргандарга
“жолугушуу кандай
өттү?” деп суроо узаттык.


Роза Аманова: “Бүтүрүү кечеси дегенди билбей калдым”

– Менин классташтарым менен 20 жылдык жолугушуум Жалал-Абаддагы Гагарин атындагы мектепте болду. Негизи, бул мектепте 8-класска чейин эле окугам. Ошондуктан бүтүрүү кечеси дегенди билбей калдым.
Бирок классташтардын жолугушуусунун өзү эле чоң бакыт эмеспи. Ар биринин кыял-жоругун эстеп, балалыкка бир саякат кылып келдик. Жолугушууга классташтардын дээрлик көбү барды. Уюштуруу жагын балдар колуна алышкан. Кыздар да белек-бечкектерибизди көтөрүп, куру кол барган жокпуз. Мектебиме өзүмдүн атымдан бир компьютер белек кылдым.


Замира Молдошева: “4 күн тим эле кутурдук”

– Негизи, биздин бостериликтер “крутой” болушат эмеспи. Балдарыбыз 20 жылдыкка деп баш-аягы 25 миң доллар чогултушкан экен. Чогулган акчанын 1 тыйыны калгыча жана 2 уй, 1 жылкынын эти түгөнгүчө ой-да бир чардадык. Арак-шарап дегендер суудай эле акты окшойт. Бардыгы жакшы болду. Өкүнүчтүүсү, 4 классташыбыз келе албай калышты.
4 күнгө 4 жылдыздуу “Дельфин де люкс” аттуу мейманкананы алышыптыр. Бир күнү теплоход менен көл үстүндө чардасак, экинчи күнү тоого чыгып, улак тартыштан өйдө уюштурдук. Баарынан кызыгы, балдарыбыз азил-чынын аралаштырып кыздарга арнап ыр жазышыптыр. Угуп алып боорубуз эзилгенче күлүп, 20 жылга жашарып алдык окшойт. Ал эми майрамга чакырылган Урмат Усенов менен Замир Арыкбаевдин ырларына бутубуз үзүлгүчө бийледик.


Назгүл Насиева: “Алгачкы сүйүүмө жолугуп ыйладым”

– Оо-уу, биз абдан катуу майрамдап салган окшойбуз, азыркыга чейин ошол майрамдын таасиринен чыга албай жатам. Канча жылдан бери көрбөгөн классташтарыңа жолугуунун өзү эле балалыкка бир кайтып баргандай кылат экен.
10 жылдыкка караганда 20 жылдыкта классташтар бир топ эле өзгөрүлүп келишиптир. Баары эле чоң-чоң кишилерге айланышып дегендей. Арасынан мен эле кичинекей экенмин. Жолугушуунун чыгашасын толугу менен классташ балдар моюнуна алышып, ар бири 300 доллардан чыгарышыптыр. Кыздар конок болуп эле койкоюп барып калдык. Ии, баса, мен мектептеги алгачкы сүйүүмө жолугуп, толкунданганымдан бир топ бышактап ыйлап да алдым.


Замир Мырза: “Жетөөбүздөн чыккан 10 жылдык”

– Мен Ош шаарына караштуу Гагарин атындагы №17 мектепти аяктагам. Жолугушууну деле уюштурган жокпуз. Болгону, 7 классташым менен бир кафеге чогулуп, майрамдамыш этип койдук. Себеби учурда классташтарымдын көбү Орусияда. Мен жолугушуу ойдо жок эле 20 жылдыктар чакырган “заказга” баргам. Анан классташтар чалып “келип кал, бул жерде отурабыз” дегенинен бир-эки тост айтылгандан кийин эле кетип калдым. Андан кийин гана “10 жылдык болуп жаткандан кийин мектепке барып эле чогулсак болмок экен...” деген өкүнүч ой келип калды. Окуткан эже-агайларга белек-бечкек берип, чогулуп койсок болмок. Бирок Гүлмира Топчубаева деген класс жетекчиме жолугуп, ыраазычылыгымды билдирип койдум.


Айжамал Кабылова: “Кризистин таасири тийип, жолугушпай калдык”

– Мен Ош шаарындагы Карл Маркс атындагы мектепти окуп бүтүргөм. 10 жылдыкка чогула алган жокпуз. Чогулбай калганыбызга абдан ичим ачышты. Тың балдарыбыздын баары эле тиричиликтин айынан Орусияга иштеп кетишкен. Негизи, уюштуруу жагынан биздин класс алдыңкылардын катарына кирчү эмес. Бир чети кризистин да таасири тийди окшойт. 26-майда кызым экөөбүз мектебимди бир тегеренип, сагынычымды таратып алдым. Буюрса, 20 жылдыкта чогулат болушубуз керек.


Койчубаков Нурлан, ЖКнын депутаты: “Классташтар чет жерлерге тарап кетишкен”

– Ой, кайдагы 20 жылдык жолугушуу? Ал тууралуу унутуп да койгон окшойм. Кытайдан келчү делегацияны тосуп жатып колум бошогон жок. Анын үстүнө, классташтарымдын негизги бөлүгү чет жерлерге тарап кеткендиктен, жолугушуу уюштура алган жокпуз. 10 жылдыкка барганда бир тобу Кыргызстанда болчу. Ал жолу жолукканда абдан катуу майрамдап, 20 жылдыкта да жолугабыз дегенбиз. Бирок турмуштун шарты дайым сен каалагандай боло бербейт тура. 20 жылдыкты себеп кылып, классташтар менен дагы бир жолу жолуксак жакшы болмок...


Аида Кулуева: “Банкеттен кол бошобой калды”

– Мен калаабыздагы эле №69 мектепти бүтүргөнмүн. Бирок классташтарымдын ичинен 4-5 кыз менен эле байланышып сүйлөшүп турам. Негизи, параллель класстагы окуучулар менен жакшы болчумун. 10 жылдык жолугушуу кечеге бара алган жокмун. Бул күнү концертке, андан соң банкетке чакыруу алгам. Кыскасы, колум бошобой, 10 жылдыкка бара албай арманда калдым.



Кабарлаша албагандарыбыз

Айя Садырова, Айда­й Самиева баштаган дагы бир топ белгилүүлөрүбүз катуу майрамдап кетишкенби, айтор, азыркыга чейин дайындары жок. Аларга байланышка чыгабыз деп телефондордун жаагы сынды окшойт. Уккан жообубуз “сиз чалган абоненттин телефо­ну өчүрүлгөн” болду.

Мезгил артка чегинсе да бир азга,
Биз отурсак, анда отурчу класста.
Аттиң ай, ошондогу күндөрдөн,
Калды жалаң эскерүүлөр
мураска­.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан