Адамдын дене мүчөсүнө кайрылсак, төгөрөгү төп келген эч кынтыгы жок адамды, чынында, табыш кыйын. Таптакыр эле андай адам жок дештен да, албетте, алыспыз. Ошентсе да бүгүнкү саныбызда жылдыз жигиттердин жардамы менен жылдыз кыздардан идеалдуу мүчөлөрдү издедик.
Албырган жүзүңдөн...
Жалпак, соку... деги баштын түзүлүшүнүн түрү көп. Башка жараша жүзү да болуш керек. Жүзү тунук, назик, анча-мынча нур тамылжып турса кандай жакшы. Сураштыра келсек Замир Арыкбаевге Элина Абай кызынын жүзү өзгөчө көрүнөт экен.
Кундуздай чачтарыңдан...
Азыр көп эле кыздар чачын эки сааттын ичинде белине чейин «өстүрүп» алышат. Съездбек да бир жолу кошмо чач кошо коём деп, араң бир күн чыдаптыр. Ырчы жигит айымдарды көз алдынан өткөрүп жатып, идеалдуу деп Бегимай Эсенгулованын чачын тапты.
Кулагыңдан ананайын...
“Кана, кыздар, саамайларыңарды ачкылачы, кулактарыңарды карап көрөйүн” деп тамашалаган Эрмек Маматов Бегимай Бекбоеванын кулагын жактырды.
Керме каш сулуу
“Азыр көпчүлүк кыздардын кирпиктери жасалма, каштары терилген болуп жатпайбы” деп кейиген Бекчоро антсе да Айя Садырованын каш-кирпиктери жагарын айтты.
Ак мончогуң моюнуңа жарашкан,
Койкоюп бассаң, жигиттерди караткан...
“Ай-ий, баары эле койкоёт, кимисин тандайт болду экен?” деп суроо берердин алдында бир аз кыйпычыктадык. Анан эле Алькамиль “таптым, баарынан ак куу моюну Кубик кызы Айпери!” дей салды. Ырчы кыз «Ак куу болуп учкум келет, айдай сулуу кезимде» деп бекеринен ырдабаптыр деп калдык.
Балбылдап жанган көздөрүң...
Негизинен, балбылдап жанып, ойноктогон көздөр кимди болбосун өзүнө тартып турат эмеспи. Андай көздөрдү тик кароодон да айбыгасың. Ошонун сыңары, “Айчүрөк эженин көзү бакырайып кимдерди гана суктантпайт” ,- дейт Мирбек Атабеков.
Оймоктой оозуңдан сенин...
Идеалдуу эриндерди бийчи-ырчы жигит Бакыт Байсариевден сурай келгенибизде, бул жигит Айжамал Кабылованын атын атады. Бакыттын кыздарга болгон табити жаман эмес окшойт өзү.
Муйдусунан го, муйдусунан...
Ий, тим эле түрү көп да мурундардын. Барбайган, шиштийген, жалпайган, теңирейген, быйпыйган, коңкойгон. Ушундай мурундардын ичинен өтө чоң же кичине эмес, идеалдуу мурун ээси деп Самат Дөөлөтбаков Бактыгүл Бадыеваны эсептейт.
Баскан изиң башкалардан кызганып...
Эх, буттар, эликтей узун шыйрактар. Көпчүлүк кыргыз кыздарынын шыйрактары көркөм көрүнбөсү чындык. Алардын катарында бул кызыбыздын эликтей шыйрактары бөлүнүп турабы, кыскасы, Канат Култаев Анжеликанын буттарын идеалдуу деп эсептейт экен.
Болор болбос баш баккан, боз уланды какшаткан...
“И-ий, бул мүчө кайсы эркекти кызыктырбасын, айткылачы деги?» - деп баштады сөзүн Сема. Бир чети сүйүнүп, бир чети апкаарыган жигит кош алмасы эталон деп Айгүл Чалованы көрсөттү. Анан да «биздин кыздар чет өлкөлүктөрдөн силикон койдурбаганы менен айырмаланышат» деп кошумчалай кетти.
ВАУ, Жамбаш!
“Кайсы ырчы кыздын жамбашы идеалдуу деп ойлойсуң?” деген суроону берерибиз менен Алекс өзүн жаман сезип кетсе болобу! Өзүн ыңгайсыз сезген ырчы кысылып отуруп Аида Кулуеванын атын араң атады. Антсе да көз алдына бир топ эле кыздардын тизмеси элестегендир...
Кымча-кымча белиңден
«Кыздар, таарынбагыла. Кана, кымча белмин дегендер кезекке тургулачы» деп элестете баштайлычы сөздү. «О-уу, баракелде, кыргызымдын кыздары баары эле кымча бел келет деген ушу да» ,- деген Алихан бир нече кымча белдин ичинен Айжан Газиеваны тандады.
Билектериң сенин бийлеген...
Узун, ичке, апакай манжалар, жумурунан келген билектер айымдардын сулуулугунун бир бөлүгү эмеспи. “Көпчүлүк кыздардын ичинен Ассоль Молдокматованын манжалары ушул критерийлерге жакын”,- дейт Алексей Филатов.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg