– Бактыгүл, кычыраган кызыл машинага кожойке болуп калганыңа канча болду?
– Аз эле болду. Тагыраак айтканда, үч жумадай болуп калды.
– Чынын айтчы, кыялыңдагы машинага сени кайсы «крутой» жигит жеткирди?
– Бирөө алып берсе жакшы болбойт беле? Өзүм эле сатып алдым.
– Канчага сатып алдың?
– Беш миң долларга.
– Ырдап ушунча акча чогултканга аз убакыттын ичинде жетише алганыңа ишене албай турам.
– Кандай десем? Тойлорго барып ырдагандан чогулткан азыраак акчам бар болчу. Анан анын үстүнө апам кошту, эжем өз кошумчасын кошту. Ошентип, аны көпчүлүк болуп алдык.
– Негизи, сага машина сатып бере ала турган демөөрчүлөрүң барбы?
– М-мм... Мүмкүн. Анткени, менин айланамда чыгармачылыгыма колдоо көрсөткөн жакшы адамдар бар.
– Машина айдаганды мурда эле билчү белең?
– Ооба, мен жаш кезимден эле машинага кызыкчумун. Машинанын алдыңкы салонуна отуруп алчу элем да, жөн отурбай кайсы буту менен эмнени басып жатат, баарын байкап отурчумун. Ошол кызыгуум менен машина айдаганды үйрөнүп, он алты жашымда биринчи жолу рулга отургам. Бирок, жол эрежелерин жакшы билчү эмесмин. Ошондуктан, машина сатып алаардан мурда атайын жеке инструктор жалдап, ал өзүнүн машинасында үч-төрт күн мага жол эрежелерин үйрөттү.
– Менчик машинаңа биринчи жолу отурганда өзүңдү кандай сездиң?
– Кыялымдагы машинага жеткенге аябай сүйүнүп, бир чети толкундандым. Ушунчалык сүйүнгөнүмдөн ачкыч колума тийээри менен эч бир документи жок туура эле Токмокко, апамдын жанына айдап кетип калдым. Ошондо Бишкектен чыга бериште алдымдан аппак ит өтүп кетти. "Жолум ачык болот экен" деп ичимден ойлоп койдум эле. Айткандай эле Токмокко жеткенче кадам сайын турган МАИчилердин бири да тоскон жок.– МАИге али кармала элексиңби?
– Бир жолу гана кармалдым. Кафеден чыгып, курбуларым менен бара жатсам токтотуп калды. Түшүп, документтеримди көрсөтсөм "Ичкен жоксуңбу?" деди эле, "Ичтим. Чай, сок, ак суу ичтим" десем "А-аа" деп коё берди. Баарынан таң калганым, документсиз жүргөнүмдө тоспогону болду. Кармаса бир нерсени ойлоп табаармын деп шаар ичинде үч күн документсиз жүрө бергем.
– Машинаң менен эң алыс барганың кайсыл жак болду?
– Кочкорго, болгондо да тоонун түбүндөгү айылга таенеме барып келдим. Ашуудан да эч кооптонбой эле өзүм өтүп кеттим.
– Машинаңа кандай кам көрүп жатасың?
– Машинамды аябай жакшы көрөм. Кир болсо болбосо деле күн сайын жуудура берем. Азыраак көрбөй калсам сагынып кетем. Жакында эле аэропорттун авто коюучу жайына токтотуп, өзүм Ошко учуп кеткем. Келип, самолёттон түшөөрүм менен эле машинама жөнөдүм. Жанына жеткенде: "Сулуум менин, мени сагындыңбы? Мен сени сагындым..." деп эле өзүмчө сүйлөнө бериптирмин. Ошол жерде турган балдар мени карап күлүп калышканда гана өзүмө келе түштүм.
Маектешкен Азиза Сатимбекова