ЧОЧКО ТУМООСУ ОРУСИЯГА ЖЕТТИ. КЕЗЕК БИЗДЕБИ?

Чочко тумоосу Орусияга келип жетти. Ушундан улам “оорунун кезеги Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да келдиби?” деген суроо туулат. Бул ооруга каршы өлкөбүздө кандай иш-чаралар уюштурулууда? Дегеле, пандемия, эпидемия деген эмне? Сөз ушулар жаатында болмокчу.

Чочко тумоосу тууралуу

Чочко тумоосу – “А” тибиндеги сасык тумоонун аба аркылуу жуга турган тү­рү. Маалыматтарга таянсак, чочко ту­моосунун вирусу адамдын, чочконун жана куш тумоосунун вирустарынын мутацияланган түрү. Ооруган чочкодон адам­га, адамдан адамга жугат. Ооруга чал­дыккан чочконун этин кармаганда, андай этти колдонгондо да жугат. Учурда Кореяда ооруга каршы вакцина иштелип чыкты. Австралия, Англия, Германия, Орусия, АКШ, Япония өлкөлөрү вакцина иштеп чыгуунун үстүндө.
Болжолдоого кара­ганда, эгер чочко тумоосу Орусияда тарала баштаса, анда Москвада эле 7 миллионго жа­кын адам бул ооруга ка­былышы мүм­күн экен.

Кыргызстан чочко тумоосуна кар­шы турууга даярбы?

КРнын мамлекеттик башкы сани­тардык врачы Сабиржан Аб­дика­ри­мовдун билдиргенине караганда:
Кыргызстанда 1,5 миң адам үчүн вируска каршы дары даяр турат.
Кокус вирус чыгып калса, аны изилдөөгө мүмкүн болгон лаборатория бар.
Санитардык-карантин посттордо (“Манас” Эл аралык аэропорту, Ош аэропорту, Торугарт, Эркечтам чек ара постторунда, Кайыңды темир жол станциясында) республикага келген адамдарды медициналык текшерүүдөн өткөзүү жүргүзүлүүдө.
Чек арачылар жана бажычылар керектүү көрсөтмөлөрдү алышкан.
Чочко тумоосуна күмөн жаралганда оорунун очогун алгачкы тазалоодон өткөрүү үчүн зыянсыздандыруучу ка­ражаттардын запасы бар.
Чочко тумоосун аныктоочу тест-системасын сатып алуу боюнча Канада менен келишим түзүлгөн.
Өлкөдөгү базарларга, өзгөчө эт са­туучу жайларга санитардык көзө­мөл күчөтүлгөн.
Өлкөгө чочко тумоосу катталган өлкөлөрдөн эт азыктарын алып ки­рүүгө тыюу салынган ж.б.

Оору жуктуруп албоо үчүн эмне кы­луу керек?

Оорунун алдын алуу үчүн дакиден 4 кат кылып маска жасап катып коюу керек. Иммунитетти көтөрүү үчүн алдын-ала прополис (аары желими), бал колдонуу оң.

Эмне менен айыктырууга болот?

Ооруга чалдыккандарды неги­зи­нен химиялык каражаттар: озель­тамивир жана за­на­мивир менен да­рылашат.

Вирус элди кыруу максатында чы­га­рылганбы?

Орусиянын Геосаясаттык маселелер академиясынын президенти Л.Ива­шов: “Вирус лабораторияда иштелип чыккан. Анткени америкалык чалгын­чылардын маалыматы боюнча, 2015-жылы Жер шарында 3 миллиард адам ашыкча болот. Андыктан вирус элди азайтуу максатында чыгарылган”,- дейт.

Бул да чочко тумоосуна байла­ныштуу

* Мексикада чочко тумоосунун би­ринчи курмандыгына эстелик тургу­зулат. Башкача айтканда, жогоруда айтылган Эдгар Эрнандеске.
* Египеттин парламенти өлкөдөгү бүт чочколорду союп салууну сунуш кылган. Сунуш кабыл алынып, учурда чочколорду жок кылуу ишке ашууда. Тактап айтканда, күнүгө 3000 чочко жок кылынууда (өлкөдө баш-аягы болуп 350 миң чочко бар). Кызыгы, аталган өлкөдө чочко тумоосу менен бир да адам каттала элек.
* Көптөгөн өлкөлөрдүн башчылары тумоону жуктуруп албоо үчүн жаран­дарды турист же башка максатта чет өлкөлөргө каттабай турууга үндө­шүүдө.

Эпидемия, пандемия деген эмне?

Эпидемия – адамдын жугуштуу оорусунун кайсы бир аймакта, өл­көдө массалык түрдө таралышы (адаттагыдай жайылышынан ашып түшүп).
Пандемия – өлкөнүн элинин көп бөлүгүн, көптөгөн өлкөлөрдү, кон­тиненттерди кучагына камтыган эпи­демия (мисалы, сасык тумоо, чоч­ко тумоосу, чечек ж.б.).

Сасык тумоо пандемиялары

1918-1919-жылдар, испан сасык тумоосу – А(H1N1). Биздин замандагы эң күчтүү пандемия. Дүйнөнүн 40 па­йыз эли ооруга чалдыгып, 50 мил­лиондон ашык адам өлгөн;

1957-1958-жылдар, азия сасык тумоосу – А(H2N2). Өлгөндөрдүн саны 2 миллион адамга жеткен. Жапайы өрдөктөрдүн сасык тумоосу менен адамдардын сасык тумоосунун вирустарынын мутацияланып кети­шинен келип чыккан.

1968-1969-жылдардагы сасык ту­моо – А(H3N2). Гон­конг­дон чыгып таралган бул оорудан 1 миллион адам өлгөн. Кө­бүнчө 65 жаштан жогорудагылар көз жум­ган.

– 1977-1978-жылдары СССРден жайылган орус сасык тумоосу – А(H1N1) 900 000 адамдын өмүрүн кыйган.

Дүйнөдө чочко тумоосу ме­нен ооруган алгачкы адам – Мекси­ка­нын Ла-Глория кыштагынын 5 жа­шар тургуну Эдгар Эрнан­дес. Аталган кыштакта дүй­нө­дөгү эң ири чочко фермасы бар. Учурда Эр­нандес толук айыкты.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан