Элиза Усенова: “УРМАТ ӨЛГӨН ЧЫМЧЫКТАРДЫ ТАШЫЧУ”

Биртуугандар жөнүндө кандай гана ысык сөздөр айтылбайт. Биртууганың – сырдашың, курбуң, таянар тооң, чаңкаганда суусунуңду кандырчу мөл булагың...
Ушундай жылуу сөздөрдү өзүнүн биртууганы ырчы Урмат Усеновго эжеси Элиза Усенова арнап өттү. Ал Урматтын кичинесинен берки кылык-жоругун, эл билбеген жактарын айтып берди.

Урматтын биртуугандары:

Алиса - 34 жашта. Үйбүлөлүү
Элиза - 32 жашта. Бойдок
Урмат - 29 жашта. Үйбүлөлүү
Нуриса - 25 жашта. Үйбүлөлүү
Нурмат - 23 жашта. Бойдок, студент

“Эгиз козудай ээрчишип жүрчүбүз”

– Урмат үйдө 5 биртуугандын үчүнчүсү. Биз бири-бирибизге кам көрүүнү эстафета сыяктуу көрөбүз. Мисалы, эжем Алиса менин баскан-турганымды көзөмөлдөсө, мен Урматты, Урмат Нурисаны кароого жооптуу. Урмат экөөбүз кичинебизден эле эгиз козудай ээрчишип жүрчүбүз. “Эгиз козудай” дегенде бир окуяны эстеп кеттим. Айылда кошуналар менен кезектешип кой кайтарчубуз. Бизге кезек келгенде кезүүнү Урмат экөөбүз жайчу элек. Биз жайытка кетип баратып айылдагы дүкөндөн керектүүлөрдү сатып алып, баштыгыбызга салып алчубуз. Баштыгыбызда лимонад да бар. Күн ысык. Бир маалда аябай суусап, баягы лимонадды ачалы деп ача албай койдук. Урмат бир маалда “түбүн ташка урсак оозу ачылат” деп калды. Кыязы, бир жерден көргөн окшойт. Анан мен деле ошондой болсо керек деп ойлоп койдум. Бөтөлкөнүн түбүн бир чапсам сынып калды. Суусап жаткан жаныбыз жерге төгүлгөн лимонадды жерге сиңе элегинде колубуз менен топурагына карабай ичип алганбыз.

“Актөш деген итибиз менен дуэт ырдачу”

– Иничегим балакай кезинде үй жаныбарларына, курт-кумурскаларга аябай жакын эле. Ийнеликти көрсө, артынан кууп жүрө берчү. Ал кайсы жерге барып консо, ошол жерди карап тура берет. “Кайсы тешикке кире калат, кайсы жеринен чыга калат?” деп кумурсканын артынан да кыбырап карап жүрө берчү. Кызыгы, аларды такыр кол менен мыкчып же буту менен тепселеп өлтүрчү эмес. Анан үйдө Актөш деген итибиз бар эле (ал байкуш кийин өлүп калды). Бир жолу мени “жүрсөң, жүрсөң эми” деп үйгө сүйрөп кирди да, эшиктердин баарын жаап койду. Үйүбүздө баян бар эле. Колуна баянды алып ойноп кирсе, сырт тараптан Актөш да созолонуп улуп кирсе болобу?! Ошентип, экөө дайыма дуэт ырдашчу. Кийинчерээк Урмат баянды ойноп баштаганда эле Актөш кай жерде болбосун, жанталашып чуркап келип үн созуп калчу болду. Биз буга аябай таң калчу элек. Анан да кичинесинен эле уйкаштырып, ар кандай ыр жаза берчү. Ошондо жакшы көргөн Актөшүнө арнап “Күчүгүм” деп ыр жазган эле.

“Рогатканы атканды билчү эмес”

– Урмат дайыма “мысленно” бир жерде учуп жүрчү. Анан да аябай жоош бала эле. Кайсы жерде жүрбөсүн, кыялданып жүрө берип, ошол жерде уктап калчу. Чоң апабыз “балам кайсы жерге уктап калды экен? Уктап калса, алдынан сыз өтүп кетет го” деп төшөгүн көтөрүп эле издеп жүрчү.
Урмат кичүү иним Нурматтай шок болбой өстү. “Баладай болуп, балдарга кошулуп ойносунчу” деп апамдар мага кошуп көчөгө жиберишчү. Көчөнүн тентек балдары рогатка менен чымчык атып ойношот. Ал эми менин кичинекей байкушум Урмат рогатканы туура кармаганды да билбейт. Ал артында капюшону бар курткасын жакшы көрүп чеччү эмес. Балдар атып өлтүргөн чымчыктарды ошол капюшонуна салып, ары-бери ташып жүрө берчү. Капюшону толуп калганда “чымчыгыңарды алгылачы, муунуп калдым!” деп ыйлачу.

“Урмат мыкты сүрөтчү”

– Урматты үйдө баарыбыз “Урматушка”, “жанушка” деп эркелетебиз. Кичинесинен сүрөттү аябай жакшы тартчу. Үйгө апамдын курбулары келип калса аларды таң калтырып сүрөтүн тартып койчу. Эң жакшы көргөн белеги альбом, калем сап, түстүү боёктор эле. “Боёгучтарым көп болсо” деп эле отурчу. Мен Ысык-Көлдө окуп жүргөндө тез-тез кат жазып турчу. Анын каты дайыма “Сагынычтуу салам кат./ Сагынганда жетсин бат./ Сагынганда жетпесе, /Сайда калсын ушул кат...” деп башталчу. Ыр сабы бүткөндөн кийин мага берген жалгыз заказы баягы эле “сүрөт тартуучу түстүү боёк, сапаттуу калем сап, анан сүрөт тартканга альбом ала келчи?” деген сураныч болчу. Деги башка балдардай “оюнчук” деп бир да жолу жазган эмес.

“Гипстелген буту менен окууга өткөн”

– Урмат алдына кандай максат койсо, ошого көгөрүп отуруп жетчү. Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырар алдында “оюндан от чыгат” дегендей, ойноп жатып тизесин сындырып алды. Экзаменге кантип барат деп отурсак, доктурлар “эмки жылы тапшырсын, ден соолук керекпи же окуубу?” деп урушуп койду. Урмат болсо көгөрүп, “экзамен тапшырам” деп туруп алды. Апам дайыма анын айтканы менен болчу. Дарыгерлер менен сүйлөшүп, араң дегенде университетке алып келдик. Ошентип, гипстелген буту менен окууга тапшырып, жогорку балл менен өтүп кеткен.

“Шолоктоп ыйлаганыбыз эсимде...”

– Урмат сүрөттү жакшы тарткандыктан, апам таланттуу балабыз ушул эле багытта билим алсын деп, 5-классында Бишкектеги Көркөм сүрөт академиясына алып келген. Бир жылдан кийин мен да Бишкекке келдим. Көп көрүшпөй аябай сагынышып кеткен экенбиз, бир жума экөөбүз бири-бирибизден такыр ажыраша албай койдук. Мен шаарды билбейм, ал болсо кичинекей. Бир күнү сабакка кирип баратсам, таң атпай университеттин алдындагы отургучта Урмат отурат. Экөөбүз тең бири-бирибизди көргөндө кинодогулардай чуркап келип, ушунчалык сагынганыбыздан катуу кучакташып, ыйлап көрүштүк.

“Нелядай ыймандуу келин туш болгонуна ыраазымын”

– Урматка бир күнү үйдөгүлөр «үйлөн» деп айтканда, ичимде кандайдыр бир кызгануу сезими пайда болду. Мүмкүн аны менен дайыма чогуу жүрүп, өзүмдүк кылып алгам го. Бизге Нелядай ыймандуу келин бүлө болгонуна Кудайга ыраазымын. Бүгүнкү күнгө чейин үйдө башынан жоолугун чечпей жүргөн ийкемдүү келин. Биз «жоолук салын же салынба» деп айткан деле эмеспиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жоолугун чечпей жүргөнү биздин үйбүлөнү сыйлаганы деп түшүнөм. Көчөгө чыкканда, сахнада жоолугун алып коёт. Азыр Урматтар менен кичүү иним Нурмат чогуу жашайт. Нурмат түндө үйгө келсе да, туруп тамак, чай берет экен. Эмнеси болсо да, келинибиз менен биздин ушул мамилебиз сакталып калса деп тилейм.

“Иним жөнүндө сөз түгөнбөйт...”

• Тамакты башынан тандап жейт. Жакшы көргөн тамагы – куурулган жумуртка жана бешбармак.

• Урматтын сүннөт тоюнда аяш аталарыбыз ага баян белек кылган.

• Туюму аябай күчтүү. Бирөөбүз ооруп калсак эле ошону сезип телефон чалып, “эмне болду? Түшүмө кириптирсиң. Ден соолугуң жакшыбы?” деп сурап калат.

• Кичинесинен бизге концерт коюп, артына Нурмат менен Нурисаны бийлетип койчу.

• Атамдар жокто бешөөбүз кинодогулардай тамактанганды жакшы көрчүбүз. Апамдын сервис идиш-аяктарын алып чыгып, алдында тарелкасы бар кружкага чай ичип ойночубуз. Сындырып алсак, билмексен болуп бекитип койчу элек.

• Бешөөбүз тең манна акшагын кургак жегенди жакшы көрчүбүз. Аны бири-бирибизге үйлөп, бетибиз аппак болуп калганда боорубуз эзилгиче каткырып күлөр элек.

• Карындашы “Нурисаны ала качып кетти” дегенди укканда Бишкектен Таласка канат байлап учуп эле кеткендей болгон. “Өз көңүлүм менен келдим” деген сөздү өзүнөн укканда гана тынчыган.

• Үйбүлөбүздө Урмат менен акылдашмайынча иш башталбайт.

• Бала чагынан бирөөгө окшош кийингенди жаман көрөт. “Мага башкача костюм-шым алып бергиле” деп эле турчу.

• Чачын бир да жолу кырдырган эмес.

• Келечекте “сүрөт галереясын ачсам...” деп пландап жүрөт.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан