Айрым адам баласына Жараткан тарабынан өзгөчө өнөр берилет. Алардын катарына Баткен районундагы Абдирасул балбан кирет. Бул жигит 32 тишинин жардамы менен элди таң калтырууга жетишти. Ал 2 тонналык автоунааны тиши менен 30 метрге чейин сүйрөп, айнек сыныктарынын үстүнө жата алат.
– Абдирасул мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Мен 1990-жылы 11-майда Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айылында төрөлгөм. 2005-жылы Бужум орто мектебинен 9-классты аяктап, Баткен шаарындагы №57-кесиптик-лицейине окууга тапшыргам. Ал жерде окууну толук бүтүрбөй, 2-курсумда, 2008-жылы күз айларында өз каалоом менен Ата Мекенге кызмат кылуу үчүн жөнөп кеткем. 2009-жылы 6-октябрда аскер кызматын ийгиликтүү аяктап, ата-энемдин жанына кайтып келдим. Үй-бүлөдө улуусумун, 10 бир тууганбыз, 4 уул, 6 кыз.
– Сиздин өнөрүңүз кара күчтү талап кылат экен. Денеңизди чыңдап туруу үчүн спорт менен алектенесизби?
– Бул өнөрүмдүн пайда болушуна спорт менен алектенүү эмес, келинчегимдин үйдөн кетүүсү түрткү болду. Буга чейин спортко анчалык деле жакын эмес элем. Өзүм чоңойгон Бужум айылындагы аскер бөлүгүнө жумушка орношуп жүргөндө Баткен шаарынан татынакай бир селкини көрүп жактырып калдым. Аны менен таанышып, сүйлөшүп жүрүп оюбуз бир жерден чыгып, баш кошууну чечтик. Бирок мен сүйгөн сулуунун ата-энеси биздин никебизге каршы болушту. Ага карабай баш коштук. Үй-бүлөмдү багуу максатында Москва шаарына кеткем.
15 күндөн кийин «келинчегиң төркүнүнө кетти» деген сөздү угуп, Кыргызстанга кайтып келүүгө мажбур болдум. Эптеп жубайымды үйгө алып келсем, эжелери болбой алып кетип калышты. Мындай жаман абалга түшүп калган адам ар кандай кадамдарга барууну ойлойт экен. Ал убактагы абалым өтө начар болчу, себеби аялымды абдан сүйчүмүн. Ошол убактагы энергиямды, кыжырдануумду спорт менен алектенип чыгардым. Ошол жаман абалдан мени өнөрүм алып чыгып кетти.
– Мындай өнөрлөрүңүздү элге тартуулоо идеясы качан пайда болду эле?
– 2012-жылдын 13-декабрь күнү Баткен облусунун Маданият үйүнүн бет маңдайында бир жеңил машинага жип байлап, аны тишим менен 30 метр аралыкка тарта алдым. Грек жаңгагы менен бөтөлкөнүн майда бөлүктөрүн чайнадым. Бул идея мага үйдө жээндеримди ойнотуп, аларды тиштеп көтөрүп жүргөндө келди. Кийин өзүмдүн машинамды жип менен сүйрөө идеясы пайда болуп, аны да тартып көргөм. Бул ишим тууралуу Сайпидин Дыйканов деген агайыма айтсам, ал талантты элге тартуулоо керектигин сунуштады. Мен да өнөрүмдү көрсөтүүгө макул болдум. Мындан сырткары бөтөлкөнүн майда сыныктарынын үстүнө жатып, менин үстүмө 3 жигит чыгып турганына туруштук бере аларымды көрсөттүм. Мага жардам берген демөөрчүлөрдүн баарына чоң ыраазычылык билдирем.
– Келечектеги ой- максаттарыңыз, пландарыңыз кандай?
– 13-декабрда болуп өткөн өнөр тартуулоону ЭлТР телеканалы тартып кетип, эфирден беришти. Буюрса, жакында ошол канал менен сүйлөшкөнү Ош шаарына барам. Ал эми февраль айында элге болгон өнөрлөрүмдү көрсөтсөм деген пландарым бар.