ӨЗ ЭНЕСИН БАШКА ЧААП ӨЛТҮРГӨН

Омурткасы сыздап, жан кейиткен толгоого чыдап, жарык дүйнөгө алып келип, түйшүк менен чоңойткон апасын уулу өз колу менен өлтүрдү. Муну уккан адамдардын төбө чачы тик турду. Кээ бирлери кылмышкер жигитти жек көрө каргап, жерге түкүрүп жатса, айрымдары укканына ишенбей баш чайкашты. Бул мындайча болгон эле.

Курбунун арызы

Өзүнүн көп жылдан берки сырдаш курбусу Ольганын эки аптадан бери дайынсыз болуп кетиши Раиса Маркованы тынчсыздандыра баштады. Экөө тең Бишкектин тургуну болгондуктан, убакыт боло калганда кезигишип турушчу. “Раиса келип калды бекен?” деп кайрадан Ольга жашаган Муромская көчөсүндөгү 28-үйгө барганда эч ким жок болуп чыкты. Короону айланып чуркаган иттен башка эч кимдин карааны байкалбайт. Ольга №4 шаардык ооруканада санитар болуп эмгектенип, баласы менен чогуу жашоо кечирип жаткан. 1972-жылы туулган баласы Александр шаардагы ишканалардын биринде кароолчу болуп иштечү. Көңүлдөшү менен шаардын четиндеги айылдардын биринде туруп, энесиникине чанда келип-кете турган.

“Минтип узак убакка жоголбочу эле” деген шектенүү менен Раиса милицияга жөнөдү. Ошентип, ал 2009-жылдын 27-апрелинде Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнө 1949-жылы туулган курбусу Ольганын дайынсыз жок болуп жатканы тууралуу арыз берет. Арыз түшкөн соң Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Өмүралиев Улан, Юлдашев Самат жана Абдиев Турарбектен түзүлгөн топ издөө иштерин башташат.

Илинчек издөө

Оперативдик иликтөө башталып, кошуналары да бир канча убакыттан бери Ольганы көрбөй калышканын айтышат. Ольга жашаган үйдүн жанындагы дүкөнчү аял: “Мага 3000 сом карыз болчу. Бирок ал үчүн жоголуп кетпеши керек эле. Паспорту менде күрөөдө”,- деп билдирет.

Убагы келип калганына карабастан, почтадан пенсиясын да алып кетпегени анык болот. Ольгага коңшу жашаган жээни Владимирди суракка алганда ал да кайда экенин билбегенин айтат. Издөөдө Ольганын баласы жарандык никедеги аялы менен 22-апрель күнү шаардын өлүкканаларын, ооруканаларын кыдырышып, апасын издеп табышпаганы дайын болот.

Негизги шектүү адам

Милиция кызматкерлеринин шектенүүсү Ольганын баласы Александрга түшөт. Буга анын мурда үч жолу соттолуусу, энеси менен тез-тезден чырдашып туруусу жана сурак учурунда өзүн башкача кармашы себеп болот. Анын үстүнө, Ольга үйүнүн документин баласынан бекитип, №4 оорукананын лаборатория башчысына сактатканы да шектенүүгө кошумча болот.

Ошентип, милиция кызматкерлеринин ар тараптан иш жүргүзүүсүнүн жыйынтыгында Александрдын өз энесин өлтүрүп, үйүндөгү сарайдын жер төлөсүнө көмүп салганы ачыкка чыгат. Ленин РИИБинин башчысынын орун басары Данияр Сапарбеков жетекчилик кылган оперативдик тергөө тобу Ольганын үйүнө барышкан кезде Александр энеси көмүлгөн жерди көрсөтүп, жасаган кылмышын мойнуна алат.

Кайгылуу 8-апрель же окуя кандайча өткөн?

2009-жылдын 8-апрель күнү Александр жумушта болот. Кечки саат 21:00дө жумуштан чыгып, дүкөндү көздөй жөнөйт. Ал жерден 100 грамм арак ичип, сапарын андан ары улайт. Ичкени аз сезилип, жолдон дагы 100 грамм ичет. Апасы экөөнүн үйүнүн жанына келгенде дүкөндөн дагы 100 грамм “согуп” алып үйгө башбагат. Алгач энеси менен үйдү оңдоп-түзөө тууралуу сүйлөшүп, кайсы жерин эмне кылышты пландашат. Уруштун башы качан Александар “оңдоп-түзөгөн соң көңүлдөшүмдү үйгө алып келип, чогуу жашайлы” деген сунушунан башталат. Эне-баланын урушу күчөйт.

“Жинди сууга” тоюп алган Александр бир кезде өзүн кармай албай балка менен энесинин башына бир нече жолу уруп жиберет. Энеси полго жыгылганда жардам көрсөтмөк тургай сыртка чыгып, тамеки чегип кирет. Бир аздан кийин өзүнө келип, үйгө кирип энесинин жансыз жатканын көрөт. Кылган айбандык жоругу үчүн жазадан коркуп, кылмыш изин жашырууну ойлойт. Энесин эски килемге ороп, сарайдагы тереңдиги 1,5 метр келген жер төлөгө жашырат. Үстүнө ар кандай буюмдарды таштап толтуруп, үстүн саман менен жаап салат. Балканы да ошол жер төлөгө таштап, эч нерсе болбогондой көңүлдөшү жашаган үйгө кетип калат. Ошондон кийин эч нерсе билбеген адам болуп кээде үйүнө келип-кетип турган.

ХХХ

Сот өкүмүн укканда Александр, мүмкүн, кылган ишине өкүнгөндүр... Бирок энесин өлтүрүү адамзаты көтөрө албоочу оор кылмыш экенин кеч болсо да сезери анык...

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-08 13:51:55
жаман ото жаман
+1
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан