Атактуу ырчы Бритни Спирс кай жакка концерт коюп барбасын, күч-кубаттуу жансакчылар менен 7 гримдөөчү бөлмө талап кылат экен. Ал эми дүйнөгө таанымал “Backstreet Boys” тобунун жигиттери ачка болбошу үчүн жер жаңгак майы кошулган 24 даана сэндвич талап кылышат.
Оо, деп калдыңызбы. Бул нерсе бизде кандай? Азыр аты аталчу ырчылар жергебизде концерт койгондо өзгөчө оор деле талаптарды коюп чыргоолонушпайт. Бирок чет өлкөгө чакыруу алганда, албетте, талаптарды коюшат. Келиңиз, анда биздикилердин талаптарына көз жүгүртүп көрөлү.
Жанета Бобкова
Жанета концертке же той-топурга барганда жалгыз өзү үчүн гримдөөчү бөлмө алат. Бөлмөдө сөзсүз чоң күзгү болушу шарт. Анан да жеке өзүнө микрофон сөзсүз талап кылат. Гонорар маселесине келсек, ал алдын-ала төлөнүшү керек.
“Кыз-Бурак” тобу
“Кыз-Бурактын” аткаруучу директору Кенженин айтымында, топто тартип катуу. Алар башкага талап коёрдон мурда өздөрүнө катуу талап коюшат. Бул топко чакыруу 1 ай мурун келиши керек. Чакырууда, албетте, гонорардын өлчөмү жазылууга тийиш. Концерт саат канчада бүтө турган болсо ошол убактан ашпаш керек. Кыздар концерт өтүүчү жайга бир саат мурда барып даярданышат.
«Кыз-Бурактын» кыздары ырдап жатканда сахнанын эки тарабында тең жансакчылар көзөмөлдөп турушат. Концерт учурунда ашыкча бийлеп же мастардын кирип кыйкырык салуусуна таптакыр жол берилбөөсү абзел. Мындан сырткары, топтогу кыздарга жеке бөлмө сөзсүз түрдө керек. Айта кетчү нерсе, бул топ ар кайсы концерттерге бара беришпейт.
Ильяз Абдыразаков
Ильяз өзү аранжировщик болгондуктан, концерттерге чакыруу алганда музыкалык аппаратуранын сапатына абдан көңүл бурат. Андан башкасына талап деле койбойт экен. Чет өлкөгө барганда гонорардан сырткары, жеке бөлмө жана тынчтык болуусун талап кылат.
Мирбек Атабеков
Жаш-карынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчы Мирбек Атабеков чет жердеги же өлкөбүздө өтчү концертке катышабы, продюсери Канат Култаев алдын-ала келишим түзөт. Келишим боюнча гонорар 10 күн мурда төлөнүшү керек. Эгер ырчы чет жерге бара турган болсо Мирбек жайгашуучу жай бардык шарттары менен болууга тийиш. Жатаканада ичимдиктин болушун каалабайт. Жеке гримдөөчү бөлмө сөзсүз талап кылат. Анда суусундук, шире, сүлгү сыяктуулардын болушу абзел. Жана да жансакчылардын көзөмөлдөп туруш зарыл. Ал эми мекенибизде өтчү концерттерде 1 күн мурда түзүлгөн программаны концерттин уюштуруучусу продюсери Канатка кабарлаш керек. Мирбек кайсы концертке катышпасын, башталчу убакытка жарым саат калганда келет.
Айчүрөк Иманалиева
Айчүрөк Иманалиева жергебизде өтүүчү концерттерге көп катышпайт. Анткени ашар концертти жактыра бербейт экен. Ал эми өзү жеке концерт бергенде төмөндөгүдөй талап менен иш алып барат.
Жеке концертинде өзү башкы каарман катары концертке келчү ырчылардын профессионалдуулугун карайт. Башкача айтканда, сөзү, обону төп келген, маанилүү ырларды ырдаган гана ырчыларды чакырат.
Бул эжебиз ар кандай конкурстардан тышкары, чет жакка да көп чакыруу алат. Алыска чакыруу алганда ырчы алдын-ала гонорар менен кошо төмөндөгүдөй талаптарды сөзсүз түрдө коёт.
1. Эгер барчу жерине машина менен бара турган болсо, унаанын кандай үлгүдө экенине карайт.
2. Ырчы коно турган жатакана люкс же жарым люкс, анан бардык шарты менен болууга тийиш.
3. Жеке бөлмө. Мында суусундук менен жер-жемишке толгон муздаткыч болушу шарт. Анан да концерт айтылган убакытта бүтүшү керек. Алардын атайын жайган дасторконун күтпөй кетип калуу Айчүрөктүн ички мыйзамы.
Гүлнара Тойгонбаева
“Оо, менин талаптарым – Лимузин. Анын номеринин ордуна Гүлнара деген жазуу, президенттер конгон мейманкана... деп койбоймунбу. Албетте, бул тамаша да” деп тамашалай сөз баштады шайыр эжебиз. “Мага жакпаган сунуштар болсо баш тартам. Жеке өзүмө бөлмө деле албайм. Элестет 200 ырчы катышкан концертте мен жалгыз өзүмө бөлмө деп жүргөнүмдү. Азыраак ырчылар катышкан концерт болсо анда сахналаш досум экөөбүз алышыбыз мүмкүн. Ал эми чет жакка чыкканда кеткен чыгымдардан сырткары, гонорар төлөнүшү керек”,- дейт ырчы. Кыргызстанданбы, чет өлкөдөнбү ырчынын сахнага кийчү кийимдерин сиңдиси көтөрүп жүрөт экен.
Тынай Алыбаев
“Инсан” тобунун сулууча келген жигити Тынай Алыбаев да көп концерттерге катыша бербейт. Бул концерт-кечеге таптакыр барбайт дегендик эмес. Чет жакка чакыруу алганда Тынай биринчи кезекте учак же унаанын болушу туурасында билет. Гонорар алдын-ала төлөнүшү керек. Музыкалык аппаратура жана жеке өзүнүн үн режиссёру болууга тийиш.
Ал эми жергебиздеги өтчү концерттердеги талаптары туурасында Тынай мындай дейт: “Мен өз жеримде кадимки эле ырчымын. Бишкекте концерт болобу же корпоративдик кечеби, той-топурбу анчалык эле “капризный” эмесмин. Көрүүчүлөр менден эмнени күтүшөт? Ырдоону да, туурабы. Ошол үчүн мен ойлойм Кыргызстанга Америкадагыдай талаптардын кереги жок. Ырчылар бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Гримдөөчү бөлмөдө баарыбыз эле чогуу отура беребиз дегендей”.
Султан Садыралиев
Эт-жүрөктү элжирете ырдаган Султан концерт уюштуруучуларына өтө деле чоң талап койбойт. Өзүнүн жеке концертинде гана жеке бөлмө алганы болбосо, чакырылган той-топурларда алдын-ала келишим түзүлөт. Канча ыр ырдайт, гонорары канча сыяктуу.
Продюсери Динара эженин айтымында, Султан колу ачык көрүнөт. Айтылган ырлардан сырткары кол чаап коштоп, кайра-кайра суранышса элдин көңүлүн кыя албай көп ыр ырдап жиберет. Кайсы ырды суранышса, ошону төгүп ырдап салмай адаты бар.
Ал эми өзүнүн сахналаштарынын концертинде башка сахналаш “биртуугандары” Кайрат, Айдин, Бегимайлар менен чогуу гримдөөчү бөлмө алышат. Же салондон эле даярданып келишет.
Урмат Усенов
Ырчы Урмат Усеновдун талаптары жөпжөнөкөй. Бул ырчыга жансакчынын кереги жок. Анткени өзүн-өзү коргой алат. Сөзсүз түрдө 5 жылдыздуу мейманкана болуу шарт эмес. Тынчтык өкүм сүргөн, таза, ыңгайлуу жай болсо болду.
Болгону, концертке чакырган адамды Урмат жакындан таанып билүүсү керек. Анан гонорардын алдын-ала 70 пайызы төлөнүшү шарт.
Бурул Исмаилова
star@super.kg