Балдар кардан Кар киши тургузушуп, көздөрүн, чачын жасашат. Бирок үйгө барып сабиз алып келүүдөн эринген балдар таякчаны мурун катарында сайышат да, баштаган ишин аягына чыгарбай, оюнга алаксып кетишет. А мурду жок Кар кишини ары-бери өткөндөр «кебетесин кара мунун» деп шылдыңдап жатышты.
Кеч кирери менен Кар киши мурун табуу үчүн жашылча сатылчу дүкөндү көздөй жөнөйт. Жолдон эски чака жана шыпыргы таап алат. Чаканы башына кийип, шыпыргыны колуна кармайт. Түз эле дүкөнгө барып, мурдуна ылайыктуу сабиз издей баштайт. Сабиздердин бири кыска болсо, бири ийри... Көпкө тандап туруп калды көрүнөт, бир убакта дүкөндүн жылуулугунан эрип кирет. Эми эрип уят болбоюн деген Кар киши колуна тийген сабизди алып, сыртты көздөй жөнөйт. Артынан жете келген сатуучу:
– Ай, чака кийген бала! Акчасын ким төлөйт?!- деп колундагысын жулуп алат.
Ыза болгон Кар киши дүкөндөн чыга берерде ары жактан “менин шыпыргымды ким уурдап кетти?!” деп дагы бир киши ачууланып жетип келет. Көрсө, ал шыпыргынын ээси көчө шыпырган киши экен.
– Байке, бул шыпыргы эмеспи?
– Ооба, дал өзү! Кайдан алдың?
– Таап алдым. Байке, мен сизге көчө шыпырышайын. А сиз мага акысына сабиз бериңизчи,- деп болгон окуяны айтып берет. Анан экөөлөп көчө шыпырышат. Көчө шыпыргыч сөзүнө туруп, Кар кишиге үйүнөн сабиз алып чыгып берет.
Мына, балдар, чала жасалган иш Кар кишиге да жакпайт экен. Андыктан кандай иш баштабайлы, аягына чыгарууну унутпайлы.