Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кеңсеси ачылган. Мына ушул бирикменин төрагасы, Алыш айылынын тургуну Шералы Султановдун аракети менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жыгач иштетүүчү ишкана өз ишин баштады.
Күтүүсүз кырсыктан улам Шералынын буту баспай калганына быйыл 17 жыл болуптур. Эки буту кыймылсыз экенине карабай өзүнүн ак эмгегинин артынан тапкан ак тулпары менен чоң жумуштарды бүтүрүп жүргөнү сыймык жаратат. Ал бизге өзү тууралуу маек куруп берди.
– Ошол каргашалуу күнү электр линиясына тийип калган бутакты кыркам деп бакка чыгып, андан кулап кетип ден соолугумдан ажырап калдым. Кырсыктаганда 9-классты жаңыдан бүтүп жаткам. Бел омурткам, жамбашым сынган. Ошонун негизинде жүлүнүм кыпчылып калып, бутум иштебей калды.
Ооруканага көрүнгөнбүз. Бирок 1995-жылы баары чачыранды, баш аламан учур болгондуктан, дарыгерлердин кайдигерлиги, ишине болгон салкын мамилелеринен улам бутум калыбына келбеди. Алардын эң негизги жаңылыштыгы «жылыш болбойт» деп үмүтүмдү үзүп койгону эле. Болбосо борбор шаарга барып, убагында дарылансам, балким, башкача болот беле? Дарыгерлерден үмүт үзгөндөн кийин көзү ачыктарга, табыптарга да барып жүрдүм. Ошентип жүрүп канча убакытты өткөрдүк? Каражаттан да каржалдык,- дейт Шералы ошол оор күндөрдү эскерип.
Шералынын күчтүү эрки жана жашоого болгон сүйүүсү гана толгон тоскоолдуктардан алып чыгып, ийгиликтин жолуна салыптыр. Кырсыктан эки буту кыймылдабай калгандан кийин билимин улантууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Апасы китепканачы болгондуктан, улам бир китепти алдырып келип окуп, дүйнө таанымын өз алдынча өстүрүп, калыптандырат.
– Китепканадагы китептерди дээрлик жарымына чейин окуп бүттүм окшойт. Анан бош жата албай, коомдук иштерге аралаша баштадым. Машинага май куймайынча жүрбөгөн сыяктуу биздин жашообуз дагы каражат болмоюнча алдыга жылбайт экен. Ошол каражат үчүн көп аракет кылдым. Айылда жаштардын кыймылын түздүк. Мен өзүм ошол учурда 19 жашка чыккан экенмин. Балдарга бир аз каражат берүү менен картошка айдаттык, эгин септирдик. Андан түшкөн каражатка жаштар үчүн спорт инвентарларын алдык. Балдардын да кызыгуусу артты. Бирок негедир ал учурда жаш болгондуктанбы, максатыбызды толук кандуу ишке ашыра албадык.
Сыналгы оңдоп элге кызмат көрсөттүм. Үйүбүздүн терезесин ачып алып соода кылып, базарга ашкана ачып иштетип да көрдүм. Аныбыз да өзүбүз ойлогон деңгээлге жетпегендиктен, токтоп калды. Бала кезимден кол өнөрчүлүккө шыгым бар эле, ушул жагына ыктап, устачылыктын сырларын үйрөндүм. Анан жыгачтан стол, отургуч, жип ийрүүчү машина, сандык сыяктуу буюмдарды жасай баштадым. Булардын ичинен эң өтүмдүүсү сандык экенине көзүм жеткенде, биринчиден, каражат табуу, экинчиден, баркы кетип бараткан элибиздин улуттук баалуу буюмуна жаңы түс берип алып чыгууну максат кылдым.
Ошентип, Шералынын чыгармачылыгы, жан дүйнөсүнүн дареметинин артынан башкаларга окшошпогон, заманбап сандыктар тез эле кардарларын таба баштайт. Алгачкы күндөрдө бир айда бир сандык жасап, аны Нарын шаарынын базарына алып келип өткөрүп жүрсө, кийинчерээк суроо-талап көп болгондуктан, бир күндө бирден сандык жасап жетишкен учурлары да болгон.
– Нарын шаарына чакан ишкана ачып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш менен камсыз кылуу менин алты-жети жылдан бери кыялданып жүргөн кыялым болчу. Себеби ден соолугунан аксап, майып болуп калган адамдардын коомдо жашоосу, иштөөсү, эң жөнөкөй эле эл катары имараттарга, мекемелерге кирип-чыгуусу чоң көйгөй экени талашсыз. Бул кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан адам жана анын эң жакын адамдары гана түшүнбөсө, жалпы коомчулук маани бербейт. Ошондуктан дүйнөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын «Абилис» уюмуна долбоор жазып, алардын 2,5 миң евро өлчөмүндөгү колдоосу жана өздүк салымыбыз менен ушул чакан ишкананы ачып отурабыз. Азыркы күндө 5 адам жумуш менен камсыз болду. Долбоордун мөөнөтү бир жыл. Бирок бул ишкананын келечеги кенен экенине жана сандык эле эмес, жыгачтан жасалуучу буюмдардын баары жасалып чыгарына ишенем.
Шералынын активдүү жаштардын катарында татыктуу орду бар. Учурда Нарын облусундагы Кыргызстан жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенет. Алыш айылында айыл чарба кооперативинин жетекчиси. Ошондой эле Нарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Медер-Шер» коомдук бирикмесинин төрагасы. Ал эми турмуш курууну Шералы өтө жоопкерчиликтүү кадам катары эсептейт. Анын пикиринде, кыздарды бүлө кылып алгандан кийин аны багып кетиш үчүн жигиттин милдети зор болот. Ошондуктан жигиттер үй-бүлөнү 40-45 жашында курса да кеч эмес деп ойлойт. Кээде алты саны аман жигиттер көчө таптап, күчүн, жаштыгын арактан чыгарып жүргөндө, Шералынын минтип чоң ийгиликтерди багындырып жатканы сүйүндүрөт.
![]()
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg