Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«БИЗГЕ КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАР КУЛ БОЛУШАТ ДЕП САБАШТЫ»

№532 11-17-январь, 2013-ж


Илгертеден эле «кыргыз-казак бир тууган» деген сөз калк арасында айтылып келет. Бирок азыркы учурда бул сөз актуалдуулугун жоготуп бара жаткандай сезилет. Кыргыздарды «баурдас» дешкен казак боордошторубуз бизди өздөрүнөн кем сезип, атүгүл кордогонго чейин барышкан учурларынан улам ушундай ойго кептелесиң...

КАЗАК-КЫРГЫЗ БИР ТУУГАНБЫ ЖЕ?..
Туура! Казак менен кыргыз байыртадан эле кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк болуп келишкен. Бири-биринин башына түшкөн кыйынчылыктарды чогуу тартышып, жакшылыктарына чогуу сүйүнүшүп, эриш-аркак жашаган эл. Ал эле эмес, тилдери да, каада-салты да окшош.
«Жаман эл жок, жаман адамдар бар» деген сөз бар эмеспи. Ошол сыңары Союз тарагандан тарта кээ бир боордошторубуздун жосунсуз жоруктары эки элдин ынтымагына доо кетирүүдө десек болчудай. Буга акыркы кездерде өзүбүздөн жарытылуу иш таппай, акча таап келүү үчүн иштегени барган мекендештерибизди кул кылып иштетишкен казактардын жоругу, атүгүл акындарына чейин кыргызды шылдыңдап ырдагандары далил.

«ТААНЫШЫМА ИШЕНИП БАРГАМ»
Өткөн жылдын декабрь айында интернет булактарына Казакстанга иштеп акча таап келгени барган жалгыз бой аялды казактар бети-башын көк ала кылып аёосуз сабап салгандыгы тууралуу видеотасма тарады. Биз ал айымды издеп таап, окуянын чоо-жайын өз оозунан уктук. Ур-токмокко кабылган Токмок шаарынын 46 жаштагы тургуну Бактыгүл Буржуева төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 2012-жылдын 10-декабрь күнү жумуш издеп Гүлжан Абдрасулова деген тааныш келин жана 5 жаштагы уулум болуп Токмок шаарынан Казакстандын Кара-Кемер айылына чыкканбыз. Мурда ал жакка барып, балмуздак сатып иштеп келчүмүн. Бир казак тааныш жигит «жумуш бар» деп чакырган эле. Барсак, ашпозчунун жумушу экен. Ал жумушу бизге жакпагандыктан жана айлыгы өтө аздыгынан улам «иштебейбиз» дедик. Ал күнү кеч болуп калып, чакырган таанышыбыздыкына жатып, эртеси, 11-декабрда кетели деп жатсак эле эшиктен 3-4 эркек кирип келди. Арасынан колуна бычак кармап алган Тоша аттуу бир жаш жигит «силер эмнеге иштебейсиңер? Бул жакка келген кыргыздар эч качан кетпейт! Бизге кул болот. Мен сени кетирбейм, керек болсо сени сатам. Менде кардар бар» деп колундагы бычагын эки ирет мага шилтегенде тийбей калды. Анан чачымдан кармап жерге көтөрүп чаап, сабап, муунтуп кирди. Жанындагылары жөн гана карап турушту.
Саат эртең мененки 9 жарымдар чамасы болчу. Андан соң үчөөбүздү автоунаасына салып, ошол эле айылдагы Өтөгөн деген көчөдөгү өзүнүн үйүнө алып келди, номери 37 экен. Бизди үйүнө киргизген соң дагы сабады. Үйүндө улгайган эжеси бар экен. Болушуп койбостон ал да кошулуп, бизди экөөлөп сабашты. Биз качалы деп дарбазаны көздөй чуркасак, ал аял алдыбыздан тосуп, колундагы таягы менен бизди эшикке чыгарбай уруп калат. Баламдын эси чыгып, кыйкырып ыйласа, тиги аял желкесинен алып эки жолу жерге көмкөрөсүнөн ыргытты. Баламды «дааратканага салабыз» дешип, мага карап «атып салабыз, өзүңөрдүн көрүңөрдү өзүңөр казгыла!» деп колума күрөк карматышты. Анан колумдан сумкамды жулуп алып айрып, ичиндеги акчаларымды, болгон алтын-күмүш буюмдарымды алып коюшту. Дагы жакшы, тигилер сабап баштаганда эле документтеримди койнума салып катып койгом.
2-3 саат өткөндөн кийин гана ошол үйдөн бир абышка чыкты да «эй, эмне кылып жатасыңар?!» деди. Ал абышканы тиги экөө сөгүп, «оозуңду жаап, үйгө кир!» деп коюшту. Тиги абышканын колунда кичинекей бала бар экен, үйгө кирет, кайра чыгат. Акыры чыдабай кетип, «коё бергиле, уят! Болбойт мындай» деди. Аңгыча бир бала келип, тиги экөө аны менен сүйлөшүп алаксып калганда карыя бизге «чуркап барып тээтиги кызыл машинага отургула» деди. Биз качып барып кызыл машинага отура калганда тиги чал да чуркап келип машинасын айдады да, бизди Шор-Төбө деген жерге алып келип таштап койду.
Анан эптеп Кыргызстанга келдик. Гүлжан болсо документи жок Казакстанда калды. Келип «Тез жардамга» чалдык, алар көрүп «алып кетебиз» дешкенде макул болгон жокмун, себеби акча көп керек экен, үйдөн эле өз алдымча дарыландым. Андан соң Бишкекке барып, «Сезим» борборуна кайрылсам алар кабыл алышып, бирок «сиз Казакстанга сатылып кеткен жоксуз, өз ыктыярыңыз менен барган экенсиз» деп дарылабай коюшту.
Мындан 2 жыл мурун улуу балам 19 жашында көлгө чөгүп каза болгон. Андан көп өтпөй эле жолдошум да көз жумду. Жумуш жок кыйналганымдан акча табуу үчүн Казакстанга баргам. Алар кыргыздарды бекер иштетип көнүшкөн экен. Бизге экөө тең «силердин бийликтегилериңер эмне кылып жүрүшөт, кыргыздарды тентитип коюп?! Бизге келген кыргыздар кетчү эмес, эмнеге силер кетип каласыңар? Бардык жумуштарды жасап, бекер иштейсиңер!» дешти.

КАЗАКПЫ, КЫРГЫЗБЫ, УКУГУ БИРДЕЙ!
Каарманыбыз Бактыгүл айым күнөөлүү казак жарандарын жазага тартууга жардам берүүнү суранып КРнын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментине арыз менен кайрылган экен. Азыркы тапта ал арыз каралып жатабы же жокпу, ошону билүү максатында аталган департаментке кайрылдык. Этникалык кыргыздар менен иштешүү жана көчүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Сагынбек Кочкорбаев төмөнкүдөй жооп берди:
– Аталган жарандын арызы кабыл алынган. Биз мамлекеттик орган катары ал маалыматты тактап жатабыз. Толук маалымат алган соң ИИМге, биздин Алматы шаарындагы генералдык консулдукка жиберебиз. Биздин өлкөнүн жана Казакстандын ички иштер органдары ортосунда бири-бирине жардам берүү тууралуу атайын келишим бар. Алар менен биргеликте иштешип, чындап эле казак жарандары мыйзам бузган болсо, күнөөсүнө жараша сөзсүз түрдө чара көрүлөт.
Кошумчалай кетчү нерсе, биздин эмгек жана тышкы миграция иштери боюнча эл аралык миграциялык уюму менен биргеликте чет өлкөгө барып иштөөчүлөр менен тез байланышка шарт түзүү үчүн атайын 189 номериндеги телефонубуз иштейт. Ар бир чет мамлекетке иштегени же жөн эле бара жаткан кыргыз жараны ушул номер аркылуу бизге байланышып, акысыз түрдө кеңеш, маалымат ала алышат. Мыйзамдуу түрдө кантип чет мамлекетке барып, жумушка орношууга болору тууралуу маалымат билсе болот. Ошондой эле жарандарыбыз чет өлкөгө иштегени бара турган болсо, ал жакта мыйзамсыз иштерге кабылып калбаш үчүн кете электе бул жактан жашоо шартын, айлык акысын тактап алышы керек. Документтерин башка жаранга эч качан бербеши зарыл. Ошондо гана жарандардын өз укугу корголот.

Мына, окурман. Эми күнөөнү кимге оодарабыз? Жумушсуздуктун айынан мыйзамсыз түрдө иш издеп барган мекендештерибизгеби же аларды кордогон казактаргабы? Балким, казак бийлиги өздөрүнүн мындай былыктарын «бармак басты, көз кысты» кылып көз жаздымда калтырган үчүн ушундай көрүнүш күчөп жаткандыр... Мүмкүн, биздин каныбызга сиңген айкөлдүк, кенебестик мүнөзүбүздүн да кесепети чыгар?.. Тиешелүү мекемелер мекендештерибиздин чет өлкөлүктөргө кул болгонун токтотууга тез аранын ичинде чара көрүшү керек.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Бизге келген кыргыздар кул болушат деп сабашты"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(94)
16.01.2013. 09:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
01-10-2011
Соӊку аракети:
15-05-2018 19:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх,кудайым ай,заман эмне болуп баратат.Журогу жок,таш боор айбандар,жок дегенде ымыркайды аяшпайбы,аябай журогум ооруп,конулум кирдеди.Биздин чондор ушундай нерсеге кайдыгер болгону учун,казактардын карапайым эли да кемсинтишет.
16.01.2013. 14:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
26-10-2012
Соӊку аракети:
11-06-2013 00:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+1
мен ишенбейм кыргызстандын онугушуно себеби президенттер улам капчыктарын толтуруп кетип атат анан ошентип журо берсек качан кыргыз онугот
16.01.2013. 15:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
20-12-2010
Соӊку аракети:
28-02-2016 01:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баласын коруп ыйлагым келди,Кудайым озу коруп турат,алардын жазасын берет. Казактардын жузу жок озу.
16.01.2013. 15:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
20-12-2010
Соӊку аракети:
28-02-2016 01:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
окуп алып жаман болдум,байкуштар оздору аран журушсо дагы мынтип сабап салгандарын. Колунар шал эле болсун!
16.01.2013. 17:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
04-08-2012
Соӊку аракети:
23-06-2014 07:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен келин болгом да казактарга бирок Кыргызстанда жашашат башкача таш боор адамдар
16.01.2013. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
04-06-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия москва
+2
кыргыз кенебеген калк,коптоо барып козголот,байкуштардын жазган арызы дагы бир жерде жаткандыр,казактар баары эмес,копчулугу,жулунган,таш боор начар келишет.Эмне дейм,кудай бар,кыргыз да боорун жерден которуп бутка турган мезгил келээр!!!Окмот олсун, ага соз деле жок!
17.01.2013. 07:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
23-11-2012
Соӊку аракети:
21-11-2016 09:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
12345
-1
urmatttu super info silerden suranich makala jazgandan murda oshol makalinin jiyintigin oylonup jazgila. men bul makalani eki eldi urushturuu siyaktuu baaylaym misali sierdin makalangardi but kyrgyzstan okuyt albette taasir alat. Jaman ulut jok jaman adam bar, bir jaman adam arkiluu but eldi jamandagan bolboyt aralarinda jakwylaryda bar misali owol ele kutkargan chal. chinigi eline, eldin tynchchylygyna kuygon adamdar echkachan ushul temadagi makalalardi kozgoboyt
17.01.2013. 09:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
27-04-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу, azat001! Бул макала жакшылап окусаныз эки элди уруштуруу максатында эмес, кыргыз элин эч кандай таанышы, документи жок чет олкого барса ушундай тагдырга туш болуп калышы толук мумкун, ушундан сабак алгыла деген максатта жазылган. Сиз айткан Жаман улут жок, жаман адам бар деген соз макаланын ичинде деле жазылып турат го!
17.01.2013. 11:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
09-10-2012
Соӊку аракети:
01-12-2013 00:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
ооба ошондой болсо керек
17.01.2013. 16:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
22-03-2012
Соӊку аракети:
27-10-2014 21:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына Кудай кубо болуп турат.Бир де болбосо бирде аларда кылган куноосуно ылайыктуу жазасын алат.
17.01.2013. 20:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
22-11-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КG
+1
Былкылдап чоюп отурбай эртерээк териштирип, жаза алган айымга компенсация ондуруп беришпейби?! Наристени алып чапкан казак аялга, убалы тийсин!!!
18.01.2013. 02:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
26-08-2012
Соӊку аракети:
06-08-2018 18:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуштар....баланы коруп ыйладым кипкичине бала менен эже,адамдар эмнеге мынча таш боор
18.01.2013. 08:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
16-07-2011
Соӊку аракети:
03-01-2015 09:21
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ushu kazaktardi kaysi bir kunu kuday urar eken
18.01.2013. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
04-06-2012
Соӊку аракети:
11-08-2017 15:43
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи бизде да бар андай айбан адамда казактарда да бар беш кол бирдей емес дейт го казакстанда иштеп

бутка тургандар да коп
18.01.2013. 22:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
25-05-2010
Соӊку аракети:
08-09-2018 15:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор, беш кол бирдей эмес деген туура. Бирок, бул закон дайыма эле иштей бербейт. Мен да Москвадан иштеп, домтор менен кайтканда ошо "баурдасым" деген казактардын юоордоштугун кордум го. Ага караганда орустун гаишниктери менен чекарачылары бир топ жакшы экен. Казакстандан 3-4 жерден тосуп, аябай акчага сындырган. Анан Кыргызстандын чекарасына жакын калганда Чу деген жердеги посттон бизди кылмышкерлерден тырмагыбыздын учуна чейин текшерип, акчабыз жок дегенибизге карабай, 4-5 саат кармашкан.
18.01.2013. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
25-05-2010
Соӊку аракети:
08-09-2018 15:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырында, акчабыз жок экендигине ишенишкенден кийин гана, буюмдарыбыздан алып калып кое беришкен. Озубуздун чегарага 50км дей калганда 2 машинанын тен кызылы куйуп, Кыргызмтанга кирели деп кудайлаганбыз. Акыры, Кыргызстанга кирдик да, досторду "Акжолго" чакыртып, бензин куйуп кеткенбиз. Ошодон 2 кун откондон кийин, 1 ашканага кирсем ашканачы эженин алдында 1 казак согунуп отуруптур. Бул эмне деген шумдук экен деп, казакка бардым да: "Сен азыр каерде журосун?" дедим. Бишкекте деп жооп берди.
18.01.2013. 22:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
25-05-2010
Соӊку аракети:
08-09-2018 15:56
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бишкек кимдин жери?" десем "Силердин, кыргыздардын жери" деди. "Анан неге согунуп жатасын бул эженин алдында, ушул создорун учун азыр сени олтуруп салсам да болот, силердин баурдастыгынардан тажадым" десем, кыргыз достору алып келип, бут акчасын шыпырып кеткенин айтты. Анан мен сураштырып корсом мени менен курдаш бала экен, аты Азамат. Ошо "Акжол" ооткоруу пунктунда иштейт экен. Анан, андан да кызыгы мен ага 2 уцн мурдагы окуяны айтып берип, жиним кайнап турганын карап туруп сурады:
18.01.2013. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
25-05-2010
Соӊку аракети:
08-09-2018 15:56
Жынысы:
Белгисиз
0
"Чу потсунда турган командирди суроттоп берчи" деди. Суроттоп берсем "менин папам го" деди. "Мына, Азамат, кордунбу, атандын ошо кылганына сен бул жакта жооп бердин. Ал жерден акчабызды "баурдастарыбыз" силерге алдыргандан кийин биз деле карганып, ошо акча жукпасын тиленгенбиз. Кордунбу, баарибир акыйкаттык аз да болсо бар. Мен да сени аябай кыйнасам болмок, бирок мага чейин деле жакшы эле кыйналыпсын, эми атана барып болгон окуяны айтып кой да, мына бул 500сомдон артканын атана менин атымдан
18.01.2013. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
25-05-2010
Соӊку аракети:
08-09-2018 15:56
Жынысы:
Белгисиз
0
берип кой десем, Азамат ыйлап ийди да, "досум, кыргыздарда да, казактарда да жамандары бар. Эми чегарага барганда мага чал" деп казак номерин да, кыргыз номерин да берди эле. "Досум, рахмат, бирок Казакстанды эми желкемдин чукуру корсун" деп номерин алып баса бергем... Бул окуя 1 эле учур, талдап коргуло...
19.01.2013. 00:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
02-01-2012
Соӊку аракети:
24-08-2015 09:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura azyrky zamanda Allahtan bawka ech kimge iwenboo kerek...Allahim baaryn korup turat, bul ejeni sabagandardin jazaasin beret Allah ozu, ejege bolso Allah wipaasin bersin
19.01.2013. 19:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
27-01-2012
Соӊку аракети:
08-11-2015 06:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscow
0
Кыргыздардын турмушу качан онолушун мен билем. Бизде 5млн эл бар го ошол 5млн адам баардыгы бир сыйра президент болуп чыкса ошондо онолот))(тамаша). А казактар болсо билбейм аларды ким боордош деп койгон мен тарых китебин ачсам эле казактын ханы кыргызды чаап жаткан болот биздин элди олтуруп жаткан болот, анан маданияты окшош эмес эле чоооон айырма бар алардын маданияты монголдорго окшош воообще то.... Кыргыздар алга!!!!
20.01.2013. 01:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
05-08-2011
Соӊку аракети:
18-06-2018 22:01
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жактан казактар кордосо,бир жагынан сарттар кордосо кыргызды бул не деген мамлекет. кыргыздар бирдиктуу болуп баарын туйруп салыш керек. кыргыз вперед!!!
20.01.2013. 19:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-05-2012
Соӊку аракети:
14-08-2013 00:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Каяктагы бир тууган, ушул созду айта бересинерби? Биз вообще башка калкпыз, казактар бир убакта бизге кул болуп жургон.
20.01.2013. 19:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-05-2012
Соӊку аракети:
14-08-2013 00:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Эмнеге казакстанга барасынар туугандар, кыргызстанда иштесен деле курсак тойотко. Казакстанга барсан бизде баланча кыргыз кул болуп журот деп намысына тиет:(
20.01.2013. 21:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
13-01-2013
Соӊку аракети:
31-03-2013 10:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КУДАЙДЫН буйруган жери
0
Ушул чондорубуз ак уйдо эмнени карап журушот. бизден 5 эсе коп казакты россиядан корбойсун иштегенин а биз алакандай кыргыздар журбогон жерибиз жок.
27.01.2013. 03:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
05-11-2012
Соӊку аракети:
25-02-2014 23:52
Жынысы:
Белгисиз
0
shah., айтпа анын чын кыргыздар журбогон жер жок. Качан олкобуз онолуп элибиз оз жеринде чогулуп жашайт болдук экен, Бийликтегилер эмнени ойлонушат билбейм, Алакандай эле элбизго кантип онукконго болбойт? Оз эл жерибизде иштешет элего ар улутка тебеленип тепселбей.
Super TV
21.03.2013. 16:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
21-01-2011
Соӊку аракети:
19-10-2013 23:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
0
казак кыздар жакшыгоо.
Super TV
21.03.2013. 17:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
14-06-2011
Соӊку аракети:
12-09-2018 17:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
ошол казактарды кармап кордош керек
Super TV
26.03.2013. 07:34 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
19-03-2013
Соӊку аракети:
14-08-2013 12:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Да биздин кыргыздар акыры жоголот,ар мамлекетке отуп,жогоруда айтылгандай бизди эч кандай калк адам катары корбой калышты,ал эми бийлике ишенбеш к.к,аларга акча болсо,анан оздору тымызын байышса,анан качып кетишет,бири Москвага,бири дагы бир жака,мамлекеттин которулушуно коз жетпейт,ошонбуктан мамлекетке,анан креслодо отургандарга ишенбеш керек,алар наркы дуйного барганда жооп беришсин,же дагы бир митингде жооп беришет да.
Super TV
30.11.2013. 18:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
01-11-2013
Соӊку аракети:
28-02-2015 11:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ
+1
Казактар казактар шашпагыла....
Кыргыздын таарыхын карасак. Бирде чачылып кор болсо. Бирде жыйналып душмандарын титиретип турган. Азыр чачылып ооматыбыз кетип турат. Бирок жакында Кыргыз элинин ооматы келет аз калды. Шашпагыла...Манстын урпактары эч качан кул болбойт...
Super TV
09.12.2013. 17:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
10-11-2012
Соӊку аракети:
10-06-2018 22:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+1
Кыргызда ынтымак жок вот ошон учун казагыда тажик озбеги тытып жатат бизди биздин жоголуп кетишибизге аз еле калды.изчезающий народко айланып баратабыз.ынтымак жооок кыргы3да!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: