Негизи, чыгармачыл адамдар көп эле кызыктуу окуяларга туш келишет эмеспи. 1996-жылы сентябрь айында кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров Грецияга кинофестивалга барам деп эстен кеткис окуяны башынан өткөргөнүн айтат.
– Ошол убакта мен «Таранчы» деген кино тартып, тасма элге жаңыдан тарап баштаган. Өзүм кыйналып, эптеп-септеп жашачумун. Балдар ооруп, ишим да жакшы жүрүшпөй, карызга батып, айтор, өлбө, жаным, өлбө деп күн өткөрүп жаткам. Мамлекет да өнүгө албай, киностудияда каражат аз болчу. Кашайып ошол убакта Грецияда эл аралык кинофестиваль өтүп калды. Ага менин «Таранчы» фильмим катталган да. Бир күнү жумушта отурсам, телефон шыңгырайт. Алсам Грецияга чакырып жатышпайбы. Көрсө, «Таранчы» фестивалга катышууга укук алыптыр. «Тасманы алып тезирээк Грецияга кел» дешти. Мен дароо эле «акча керек, менин ал жакка баргыдай каражатым жок» деп каршы жообумду бердим.
Эртеси кайра телефон чалып, «эптеп Москвага жетсең, билетиңди биз төлөп, визаңды бүтүрүп беребиз» дешти. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры макул болдум. Киностудиядан билет алганга карызга акча алдым да, Москвага жөнөдүм. Ал жакта окуган Калдар деген дос балам бар эле, ошол досумдун жатаканасында туруп калдым. Эртеси аэропортко барып, визаны алайын десем, 50 доллар төлө десе болобу. «Гректер өздөрү төлөп беребиз дебеди беле?» десем, «жок, алар сүйлөшүп даярдап коюшкан, сиз төлөйсүз» дешти.
Үч сааттын ичинде акча табыш керек болуп, жатаканага досума барсам, ал бөлмөдө жок экен. Кыргыздарды издеп жүрүп бир бөлмөгө кирсем, даргин улутундагы эки жигит отуруптур. Шарт эле таанышып, аларга «мен Калдардын досу болом. Мага 50 доллар болсо берип тургула, кайра берем» деп жалдырадым. Бирөө мени тигиле тиктеп туруп «Калдарыңды да, сени да тааныбайм. Акча зарыл болуп турса, ал да сөзүбүзгө тоскоол болбочу» деп чөнтөгүнөн 50 доллар алып берди. Кудуңдап сүйүнгөн бойдон аэропортко жөнөдүм.
Барсам чын эле визамды бүтүрүп коюшуптур. Алдым да, эртеси Грецияга учууга камдандым. Автобекетке келип Шереметьево автобусун күтсөм, элдер автобус туура 8:00дө келет дейт. Менин самолётум болсо 8де учмак. Айла жок, жакын жердеги таксиге барсам, 50 доллар сурады. Караманча тыйыным жок эле. Ага «аэропортко барганда достордон алып берем» деп карызга сүйлөшүп аэропортко сапар алдык. Ал жакка барсак, Салоникиге учуучу самолёт көрүнбөйт. Саат болсо жетиден өтүп кетти. Кассага барып сурасам, Грецияга самолёт Внуководон кетет дебеспи. Көрсө, аэропортто билетке самолёт Внуководон учат дегендин ордуна жаңылышып, Шереметьеводон учат деп жазып салышыптыр да. Эмне кыларымды билбей калдым. Талаада калгансып эңгирей түштүм. Кайра баягы таксистке «мени жарым саатта Внукового жеткир, акчаңды төлөп берем» десем, 150 доллар деп наалып жатып араң дегенде алып барды. Самолётко түшөрдө свитеримди, документимди таксистке таштап, анын телефон номурун алып, Грецияга учуп кеттим.
Кудай буюруп, фестивалдан алдыңкы орунга ээ болуп, жогорку сыйлыкты алдым. Колума 4000 доллар карматышты. Кайра келатканда Москвага түшүп, даргиндерге барып акчасын бердим. Кызыгы, баягы таксистке телефон чалсам, «чын эле бересиңби?» деп таң калып, ишенип-ишенбей келип акчасын алды. Мен тез эле Кыргызстанга келдим. Карыздарыман кутулуп, машина алдым. Ошондон бери, буюрса, жашоо-турмуш жакшы.
Канымжан Усупбекова
star@super.kg