(Башы өткөн санда)
Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн окуяны башынан баяндап коюуну туура көрдүк.
Болот аксакал алыскы тоолуу аймакта жашайт. Улуу баласы Асылбек Фрунзеге окууга кетип, ошол жактан Марал аттуу кыз менен таанышып, бүлө күткөн эле. Бул эки каарман тең күнөстүү Кыргызстанда төрөлүшкөн. Болгону, кыз түндүктөн, бала түштүктөн. Алардын аруу махабатына жердин алыстыгы, кыргыздын канына сиңип бүткөн кокту-колот болуп бөлүнүп-жарылуу кедергисин тийгизбей койгон жок. Келини салт-санаага көнө албай, бир уул, эки кызды төрөгөн соң уулу менен ажырашып кетти. Кубанган аксакал үч небересине тең ысымды өзү ыйгарган: Самат, Жылдыз, Асман деп. Асман 5-класска келгенде атасы менен апасы биротоло ажырашып кетишти. Балдарын алып, энеси Кантка көчүп келе берген.
Биздин каарман Асманды тагдыр бирде көккө көтөрүп, бирде жерге чапкан. Чоң атасынын көзү өтүп кетти, чоң энеси да небересинин эл адамы болгонун көрбөй калды. Атасы канчалык «балам, ушул артист болуп эмне табасың, башка кесипти танда» дебесин, кыз сахна деп туруп алды. Анын үстүнө апасы экөө эки бөлөк түтүн булатып калганы Асманды дайыма кейитчү. Атасына барайын десе, апакесин кыя албайт, таштап басып кете албайт. Дүйнөдө ар бир баланы ата-энесинен тирүүлөй айырбасын. Баарынан жаманы ушул экен. Дегеним, Асман Кант шаарында окуп калды.
ххх
Бул кыз үйдүн шайыры, каш-кирпиги төгүлүп, карагат көз, узун моюн, кырдач мурун, татына кыз. Бой жетип, 8-класста окуп жатат. 8-Март майрамына карата мектепте сулуулар сынагы өткөрүлгөнү турат. "8-а класстан ким катышат?" деген суроо талаш-тартыш жаратууда.
– Кана, мектеп сулуусуна бизден ким катышат, ким татыктуу? Талапкерлерди көрсөтүп берсеңер,- деди класс жетекчиси окуучуларга карап.
– Альбина!
– Айсулуу, Бермет!
– Жок, албетте, Камила.
– Кечке эле Камила боло береби? Камила ырдап-бийлей алабы?
Ушундай талаш-тартыштар күчөп, класстын ичи чуру-чууга түштү да калды. Бир убакта дайыма кийимдин түрүн кийип, алдыңкы партада отуруп, эмнегедир агай-эжейлердин оозунан түшпөгөн Камила чыдабай кетти окшойт, ордунан ыргып турду да, колун көтөрдү.
– Эжеке, уруксатпы, классташтарыма бир сөзүм бар эле.
– Уруксат, Камила, уруксат. Тынчтангыла балдар, Камиланын сөзүн сыйлагыла. Ар дайым айтам го, бири-бириңердин оюңарды сыйлагыла, уккула деп...
Класс бир саамда тынчый түштү. Бир сөздү айтарда тилин таптап, сөзгө басым жасап, үнүн кырып алып сүйлөгөн активист кыз сөз баштады.
– Жанатан бери ар кайсы кыздарды айтып жатасыңар. Окуганына карап айтасыңар го десем, сабакты билгенин деле, жүдөп жүргөнүн деле конкурска талапкер көрсөтүп. Элестеткиле, Берметти чыгардык дейли. Бирок баары билет, Берметтин үчкө окуган окуучу экенин. Калыстар мугалимдерден эле түзүлөт да. Анан күлбөйбү баары, "ушул кантип мисс болсун?" деп. Мейли, өзүңөр билгиле, мен ошону айтайын дегем.
Ушинткен кыз арткы партаны бир карап отуруп калды.
– Тимеле карасаң, өзүн Ай сезип алган го. Мен орус, чет тилинен гана үчкө окуйм. Калганынан Кудайга шүгүр эле. Азыр муну талкалайм,- деп Асманга шыбыраган Бермет кол көтөрдү.
– Эже, уруксатпы, мен оюмду айтайын. Менин оюмча, биздин класстан Асман татыктуу, Камила эмес! Анан да, Камила, сени менен урушкум келбейт, бирок классташтардын арасында бирөөнү кемсинтүү туура эмес. Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло!- деп айтып алып кыз отура калды, бети кызарып кетти.
– Балдар, бири-бириңер менен айтышпагыла, урушпагыла. Биз үчүн бардык кыздар сулуу! Камила катышкысы келеби же Асманбы? Же Берметпи? Добуш берели, Камила дегендер кол көтөргүлө. Жакшы, эми Берметке добуш беребиз... Ммм, эми Асманга 1, 2, 3, 4, 5... Мына, өзүңөр добуш бердиңер, эми даярдана баштагыла.
Мугалимдер анчейин көңүл бурбаган, классташтары менен мамилеси жакшы, бирок бир гана класстагы Камила менен тең тайлаша албаган Асман үчүн бүгүнкү күн күтүлбөгөн окуя менен коштолду. "Кантип, мениби? Мен катышамбы? Мени мугалимдер тааныйбы өзү? Кийимди кайдан табам конкурска?" Кайдан да «даярсыңбы, класстын ишеничин аткара аласыңбы?» деген класс жетекчисинин, кыздар-балдардын сөзүнөн уялганынан кысталып турганына карабай «ооба» деп жооп бере койду эле? Эми кандай кылат? Мына ушундай суроолорго жооп табалбай ойлуу баратты кыз үйүнө. Эшиктен кирери менен болгон окуяны апасына айтып кирчү адаты бүгүн да кармады.
– Апоу, иш өлдү!
– Койчу, балам, ушул сөздү оозуңа экинчи албачы. Алгач сумкаңды кой жерге, бутуңду чеч, босогодон кир, анан баянда окуяңды.
– Ий. Башыма балээни үйдүмбү же чын эле мен күчтүүмүнбү?-деген кыз чечинбей туруп апасына эркелеп алды.
– Кана эми айт, эмне болду? Эмне кылмыш кылдың? Тарсылдаган кыялың менен деги бирөөнүн кызын сабап салбадыңбы?
– Жоок, мектепте мисс болгон жатыптыр, мен катыша турган болдум.
– Эмнеси бар экен, катыша бер. Же сулуу экениңе ишенбей жатасыңбы? Жылдыз эжең тартынып жүрүп окууну араң бүткөн. Сен эми өзүңдү көрсөт, балам.
– Катышканын го катыша берем, ага кийим даярдаш керек, кайдан табабыз? Саматыңдын болсо акчасы тамак-ашка араң жетсе. Мен катышпайт болчумун, Камилага ачуум келип, арданып кетип макул деп койдум. Мурдун теңирейтип алып тимеле дердеңдейт. Завучтун кызы деп мугалимдердин баары көтөрмөлөшөт, атасы бай, колунда бар. Көрөбүз, кимдин кыйын экенин...
– Кийимди табабыз, чын эле, байдын кызы болсо балээ басыптырбы, мугалимдердин ушинтип бай-кедей деп бөлгөнү жакпайт да...
Энеси ушинтип кызын колдоп, көңүлүн көтөрүп койду.
6-март. Мектептин актовый залы. 200 адам баткан залга 300 адам тыгылып кирип жатат. Сулуулар сынагы башталганга аз гана убакыт калды. Асман курбусу Бермет экөө эжесин күтүп үйүндө чыдамы кетип отурушат.
– Качан келет эми, чачымды түйөм деп күтүп отурганыма канча болду? Саат 2де башталмак. Уф...
– Кейибей турчу, андан көрө саламдашууңду кайталай бер, сүрдөбө!
Мына, күткөн эжеси да келди, тултуңдап апасына бир таарынып, эжесине бир таарынып, акыры "барбайм" дегенге өткөнүнөн үчөөлөп отуруп таксиге салып, кызды мектепке алып келишти. Даярдануучу бөлмөгө кирип көйнөгүн кие баштады. Асмандын оюна "кымбатка келген көйнөктү актап, эч кур десе 3-орунду алсам экен" дегенден башка келбеди. Бири көйнөгүн издеп, бири туфлисин кийип ызылдап жаткан кыздарды карап, анан өзүн карап, ого бетер корко баштады. Мына, 1-номердеги кыз чыкты, андан соң экинчи кыз чыгып баратат сахнага. Акыры жетинчи номердеги Асманга кезек келип жетти. Чыгып баратып узун көйнөгүнө чалынып кете жаздап барып, анан күлмүңдөп туруп калды. Ушул убакта чын эле Асман ажарына чыгып турду. Түйүлгөн капкара чачы өзүнө жарашып, узун моюну койкоюп, кырдач мурду, оймок оозу, карагат көзү... "Бул кайсы класста окуйт?" деп таң кала карап калган директордун көз карашын байкай койгон 11-класстын активисти, алпаруучу жигит:
– Алдыңыздарда 8-а класстын Ак Мөөрү десек да болчудай, Асман Болотбекова.
Ошентип, саламдашууну айтып бүткөн соң залда кыйкырык-сүрөөн, ышкырык жаңырып калды. Кыз уялыңкы ийиле жүгүнүп сахнадан чыгып кетти. Ушул мүнөттөн баштап тартынчаактыгы жоюлуп баратканын кыз сезбеди.
– Сонун айттың, азамат! Тимеле баарынан супсулуу экенсиң. Көрдүш, 11дин атаманы, мектептин красавчиги Марат сени Ак Мөөргө теңеп жиберди го, досум.
– Чүш, акырын,- деген Асман курбусун кучактап калды. Апасы тигип берген этеги алты метрлик юбканы, киндиги көрүнгөн сары топикти кийди да, чачын жайып бийге даярдана баштады. Сынакка катышкан кыздардын көбү улуттук бийди бийлеп, кээ бирлери кыздардын коштоосунда бийлеп өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Асман алардан өзгөчөлөнүп цыган бийин даярдаган. Энрике Иглесиастын ыры жаңырганда юбканын эки жагын колуна илип, тегеренип Асман чыкты сахнага. Активдүү болгон классташтарынан да башка класстын балдарына өзгөчө жакты көрүнөт, кол чапкандарына караганда.
Жаңыл Калыкова
(Уландысы кийинки санда)