ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (14-январдан 20-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башы жаңы иштерди баштоого ыңгайлуу. Көптөн берки аткарылбай келген ой-тилектериңизди орундатууга мезгил келди. Үй-бүлөдө улуу муундар менен бир аз түшүнбөстүктөр жаралышы ыктымал. Ден соолугу начарлагандар сакаюу жолуна түшөт. Жакындарыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, дем алыш күндөрү үйдө болуу сунушталат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада аброюңузду көтөрүп, таасириңизди арттырууга карата чечим кабыл аласыз. Банктан насыя алууга байланышкан маселелер оңой чечилет. Сизге жаккан адамга сөз айтуудан мурда анын мүнөзүн талдап, ойлонуп көрүңүз. Мүмкүн, ал сиз ойлогондой адам эмес. Апта аягында жаңы нерселерди үйрөнүп, көңүлүңүз кушубак тартат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ийгилик толкуну бийикке көтөрөт. Бирок ошол бийиктикте кармалып калуу үчүн чымырканган эмгек талап кылынат. Бейшембиде бир катар себептерден улам жүрөгүңүздө кызганыч сезими алоолойт. Чеги менен болуңуз. Жума күнү чыгармачыл адамдар чөйрөсүндө болуп, көп нерселерге көзүңүз ачылат. Жекшембиде алыстан туугандар келиши мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Карьераңызда өсүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Антсе да бул аптада чыр-чатактан, туура эмес иштерден өзүңүздү сактап жүрүүңүздү жылдыздар эскертет. Жума күнү жан дүйнөңүздүн тынчтыгын көздөп, баарына кайдигер болуп чыга келесиз. Апта аягында сизге кымбат адамдардын сүйүүсү, камкордугу кыйынчылыктарды жеңүүгө жеткирет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жеке ишканаларда иштегендердин жумушунда өзгөрүүлөр болот. Үй-бүлөлүүлөрдө жылуулук, сүйүү жетишпеши мүмкүн. Шейшембиде чөйрөдөгүлөрдүн таасирине берилип кетпей, өз көз карашыңызды сактап калыңыз. Бейшембиде тилектериңиздин бири ишке ашып кубантат. Жекшембиде калпыс кырдаалга кезигүүңүз күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Материалдык база түзүү үчүн ыңгайлуу шарт, акча жана аброй керек экендигин унутпай, аракетте болуңуз. Мүнөзүңүздүн туруктуу болбой, өзгөрүлүп жатканын байкайсыз.Буга эмнелер таасир этип жатканын изилдеп көрүңүз. Дүйшөмбүдө шашылыш жолго чыгууга туура келет. Жума күнү камкордуктун артында жакшы көргөн адамыңыз менен мамилеңиз ширелет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Максатыңызга кандай жол менен болсо да жетүүнү пландабаңыз. Тилегиңиз орундалбай, акчаңызды бекер кетиресиз. Дүйшөмбүдө туура эмес ой жүгүртүүңүздүн азабын тартууңуз ыктымал. Шейшембиде кайрымдуулук көрсөтүүгө мажбур болосуз. Ишембиде жаңы адамдар менен таанышып, керектүү идеяга маарыйсыз. Жекшембиде чакан кечеге чакырык алууңуз ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта ичинде ойлорго көп берилип, унутчаак болуп чыга келесиз. Андыктан үйдөн чыгып жатып газ жана электр приборлору өчүрүлбөй калган жокпу, текшерип туруңуз. Кээ бирлер бир эле мезгилде эки адамдын сезими менен ойноо адамгерчиликке жатпасын эске алуулары зарыл. Шаршемби – сизге олжо тартуулоочу күн. Жума күнү эски тааныштарга убакыт бөлүңүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ишиңизде жагымсыз жагдайлар акча каражатынын азайышын шарттайт. Ооруп калбоо үчүн муздак суусундуктарды кабыл алуудан, муздак жерге отуруудан качыңыз. Байланыш түзө баштаган адамыңыз сизге чындап жакпаса, мамилеңизди үзүңүз. Шаршембиде белек алып, туугандардыкына баш багууңуз мүмкүн. Ишембиде үй тиричилиги убактыңызды алат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Активдүү жашоо образына өтүүнү ойлонуу керек. Досторуңуз менен кошо жаман ишке чалынып калбоого аракеттениңиз. Дүйшөмбүдө жакын досуңуз кемчиликтериңизди түзөөгө акыл кошот. Шейшембиде шашылыш чакыруу түшүшү мүмкүн. Жума күнү эски кегиңиз ойгонот, бирөөлөр менен чырдашуудан качыңыз. Жекшембиде жекече эс алууга шарт түзүлөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жетекчиңиз менен болгон мамилеңиз жакшырып, бир нукка түшөт. Бирок иштерим кайра артка тартылбасын десеңиз, камырабастыктан кутулуңуз. Үй ичинин жайлуулугу үчүн бир топ иштерди бүткөрүүңүзгө туура келет. Бирөөнү жактырып жүргөндөр жүрөктөгү сырды жашыруу кыйын экендигин эске алып, сезимин кечиктирбей билдирүүсү керек.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жетишкендиктерге алымсынбай, дагы бийиктикке көтөрүлгүңүз келет. Бул үчүн бирөөлөрдүн жардамын пайдалана билүү кажет. Шейшембиде өзүңүздү жаман сезишиңиз мүмкүн. Айтар кеңеш: дарыларды өз алдыңызча пайдаланбаңыз. Бейшембиде ишкер сүйлөшүүлөрдү пландасаңыз, жемиштүү болот. Ишембиде достор менен керектүү чечим кабыл алууга катышасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан