ШОУ-БИЗНЕСТИН ЭРКЕ КЕЛИНДЕРИ

Келин болуп ак жоолук салынуу ар бир кыздын кыялы эмеспи. Бирок ал кыялдын артында мүшкүлү көп турмуш турат. Шоу-бизнес чөйрөсүндө жүргөн мырзалардын оорун колдон, жеңилин жерден алып жүргөн жубайлары менен тааныштырабыз.

Ди-джей Расул Мырзатегиндин жубайы Махабат: «РАСУЛДУН АРТЫНАН ЭЛЕ ЖЫЙНАП ЖҮРӨМ»

Аты-жөнү – Махабат Жумабек кызы
Туулган жери –
Нарын шаары
Туулган жылы –
9-июнь, 1989-жыл
Баш кошкон датасы – 24-сентябрь, 2012-жыл

– Махабат, Расул экөөңөр кесиптеш элеңер, «служебный роман» кантип башталып кетти?
– Башында ал мага мурунку сүйлөшкөн кызынын сүрөтүн көрсөтүп, мага сөз айткан жигиттерди ага айтып, жакшы сырдашчубуз. Жумуштан үйгө барганда да сөзүбүз бүтпөй интернеттен сүйлөшөр элек. Анан киного бара баштадык, 30-август – Айт күнү чогуу айттап, ал мени үйгө узатып койду. Көрсө, билбей эле ошол күнү экөөбүз сүйлөшүп баштаптырбыз.

– Сүйүү бар жерде таарынычтар да болсо керек...
– Болуп калат, бирок олуттуу эмес, майда-барат нерселерге эле таарыныша кетебиз. Менин бир жаман сапатым бар, күнөө менденби-жокпу баш оорутпай, тылтыйып сүйлөбөй жүрө берем. Ал сапатымды Расул да билип калган, өзү сөзсүз биринчи аракет кылат. Мага эң башкысы биринчи кадам кылып койсо эле бат жазылып кетем.

– Келин болуп келген күндө кандай кызыктар болду?
– Той менен болуп 3 түн жакшы уктабай жүрдүм. Көшөгөдө отурганда мени менен келген жеңелеримди коноктоп жатышкан. Уйкум келип, үргүлөп «уят, карманайын» десем да болбой башым шылк этип улам уктап кетем. Элдер эшикке бийлеп кеткенде Расул улам келип «уят эмеспи, тур» деп кетет. Ошол күн өзгөчө эсте калды.

– Жолдошуңдун сага жакпаган кайсы сапаты бар?
– Бойдок кезинде күндө кийимдери үтүктөлүп, тыкан болуп жүрчү. Азыр болсо үйгө кирди дегиче кийимдерин чечип таштап коёт. Анын артынан мен жыйнап жүрөм.

 

 

 

 

«Тамашоучу» Мурат Жалиевдин жубайы Айжамал: «ТАНДЫРГА НАН ЖАБА АЛБАЙ КЫЙНАЛГАМ»

Аты-жөнү – Айжамал Шакирдин кызы
Туулган жери –
Алай району, Гүлчө айылы
Туулган жылы –
20-октябрь, 1991-жыл
Баш кошкон датасы –
12-май, 2011-жыл
Малика аттуу таттуу кызы бар

– Айжамал, келиндик доор кандай өтүүдө?
– Жакшы, рахмат. Азыр баарын эле өздөштүрүп калдым. Башында кыйынчылыктар бир аз болду. Өзүм Гүлчө шаарында өскөндүктөн, бир жолу да тандырга нан жаап көргөн эмес элем. Биринчи жолу нан жапканда Мурат экөөбүз элден жашырынып, нанды өзү тандырга жабыштырып берген. Бети-колумдан халатыма чейин көө болуп алгам. Ошол күндөрдү азыр эстесем күлкүм келе берет.

– Куудул жигит сүйүүсүн кантип билдирди эле?
– 2011-жылы 14-февралда Нурлан Насип Ошко концерт коюп келип, ошол жакка чакырган. Андан чыгып "мага көзүң жагып калды" деп сүйүү сөздөрүн айтып, биринчи жолу сезимдерин билдирген.

– Мурат каардуу көрүнөт. Жини чукул болсо керек?
– Жини бат келет, бат жазылат. Ал кезде мен унчукпай кутулуп кетем. Эгер мен таарынсам, ал ар нерсени айтып күлдүрүп жатып баарын унуттуруп салат.

– Кайсы сапаты көп жакпайт?
– Кежирлиги бар, өзүнүкүн такыр бербейт. Айтканын кылдырмайынча тынчыбайт.

– Мурат кандай ата болду?
– Кызымды төрөгөндө "сен мага баа жеткис кымбат белек тартууладың" деп кубанткан. Менден өткөн баласаак, кайда барса да бат-баттан "кызым кандай?" деп чалып сурап турмай адаты бар.

 

 

 

 

Актёр Эркин Эгембердиевдин жубайы Диана: «МЕНИ КОРОЗ ДЕП АЙТ ДЕЙТ»

Аты-жөнү – Диана Чотиева
Туулган жери –
Бишкек шаары
Туулган жылы –
12-декабрь, 1987-жыл
Баш кошкон датасы – 15-сентябрь, 2012-жыл

– Диана, Эркин экөөң кантип таанышып калдыңар?
– Мен бир сынакка катышып калдым. Ал жакта актёрдук чеберчилик талап кылынгандыктан, өкүл атабыз Камчы Сарыбаев аркылуу Эркин менен таанышкам.

– Унутулгус бактылуу күндөр башыңардан көп өткөндүр...
– Сынагыбыз 7 айга созулуп, Көлдө да жүрүп калдык. Эркин атайын жумушунан суранып мага келчү. Анан да жаңы мамилебиз курулуп баштаганда такыр сөзүбүз бүтчү эмес. Экөөбүз тең үйгө баргыбыз келбей, эртең мененки 8дерге чейин сейилдеп жүрө берчүбүз.

– Эркинге эркелеп, мүнөзүңдү да көрсөтүп койсоң керек?
– Анын достору аябай курч сөздөр менен тамашалашат. Кээде сөздөрү катуу тийип, таарынып калам. Негизи, аялзаты назик жан эмеспизби, анан да жаңы үйлөнүп жатсак, эркелеп алайын да.

– Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?
– Мен аны "жөжөм", "кичинекейим" десем, ал "эмнеге жөжө дейсиң? Мени короз деп айт" деп калат.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ди-джей Аскат Алдашевдин жубайы Альбина: «АСКАТ МЕНИ ТАШТАП КЕТСЕ КЕРЕК ДЕЧҮМҮН»

Аты-жөнү – Альбина Касеева
Туулган жери –
Тоң районунун Бөкөнбаев айылы
Туулган жылы –
12-январь, 1988-жыл
Баш кошкон датасы – 24-декабрь, 2011-жыл

– Альбина, сени Аскат менен кайсы тагдыр тааныштырды?
– Интернеттен таанышып, биринчи жолукканда көп жаккан эмес. Шоу-бизнестегилер аябай шуулдаган болушат, бул да мени бир күнү таштап кетсе керек деп жүрдүм. Бирок убакыт өтүп, бири-бирибизге көнүп, жадакалса аны кызгана да баштабадымбы.

– Кимиңер таарынчааксыңар?
– Аскат көп таарынат. Кызганчаактыгынан болсо керек, телефонумду текшерет. Бир жакка чыксам "кайда барып келдиң?", боёнсом "эмнеге боёндуң?" дей берет.

– Башка бүлөгө көнүп кетиш кыйын болгондур?
– Тойго чейин эле кайындарым менен таанышкандыктан, сүрдөгөн жокмун. Бирок жаңы келген үйгө көнө албай, 2-3 айча эч кимге көрсөтпөй ыйлап жүрдүм.

– Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?
– Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезде эле Аскат мени "томпок" деп эркелетчү. Өзүм да ага көнүп калгам. Азыр кээде Альбина десе катуу тийип, "мени томпок дебедиң" деп таарынып калам.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Шоу-бизнестин эрке келиндери
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
zoro21
2013-01-15 07:22:14
уууаауу Мурат аялын кукла го))) коз тийбесин.кызы да каппкара шоколад экен. аа Калганын тааныбайтам.
+2
007
2013-01-15 08:27:36
Расулдун тыкан жигит экендиги тушкон суротторунон эле корунуп турат. экоонор идеалдуу пара экенсинер, суйуунор бекем болсун. Молодцы!
0
altinim
2013-01-15 11:18:46
мырзатегиндин келинчеги аябай татынакай экен кореец кыздарына окшош
0
Malvina_01
2013-01-15 11:41:58
Мага да Расул Мырзатегиндин келинчеги жакты, суроттору абдан сонун, чын эле корей модель кыздардай тушуптур. Бактылуу болгула, чыгармачылык ийгилик силерге!
0
white_angel
2013-01-15 12:12:11
Кармашкан колунар бек болуп, бактылуу болгула!
0
atyrulan
2013-01-15 14:16:20
Суйуктун менен бир болсон. Жашоо ушундай таттуу.
0
Talastan
2013-01-15 16:37:37
Бактылуу болгула. Бирок булар кимдер озу
-1
SaLtY
2013-01-15 19:57:30
Махабат менен Айжамал татынакай келинчектер экен.Бактылуу болгула
0
gulzarali
2013-01-16 15:01:05
Мураттын келинчеги Айжамал,эмне гулчо(шаарында)тандырга нан жаппайбы? )))
0
aelinaaa
2013-01-17 16:34:27
gulzarali, Мен да тан калып жатам не алар тандырга нан жаппайт бекен аа?Гулчолуктор болсо жооп берип койгулачы?
0
Tynka
2013-01-17 17:15:46
aelinaaa, Мен Гулчодон болом тандырга эле нан жабышат, бирок Айжамалга тан калдымда кантип билбейт нан жабышты уят Айжамал.
0
lime_boy
2013-01-17 20:51:55
aelinaaa, Беш кол тен эмес этажда жашагандар бар,жер уйдо жашагандар бар дегендей.Менимче Айжамал этажда ата-энесинин эркеси болуп чонойгон кыз.Керек болсо Гулчонун "гламурная" кыздарын корсонор шилекейинер агат.
+1
AFRODITA-89
2013-01-26 00:18:59
gulzarali, нан жапканга шарты туура келбесе жаппагандыр же андан башка жаба тургандары бардыр сулуу кыз экен Мураттын вкусуна соз жок а калгандарына эч нерсе дей албайм...
0
altinim
2013-01-18 00:57:53
кошомат кылгыла экен ичинерден ит олсо дагы кыстап
0
zarina_88_chingiz
2013-01-18 22:23:02
Молодцы!Бирок менин аялыма эч ким жетпейт экен!
0
Ohna
2013-01-19 09:40:07
Myrzategindin ayaly surottogudoi tatynakai emes eken..... Rasuldu chon okuu jaida kundo korchumun. Typ-tykan, bilimduu bala bolchu! Baktyluu bolgula baarynar! Allahym koldosun!
0
Malvina_01
2013-01-21 12:33:23
Ohna, balkim bul jerde kamerany jakshi nastroit etpei kouyshkan je makiaj an4a bolboi kalgan. Bolboso bul jurnalist kyzdy men dayma ele KTR den korom, tatynakai kyz.
0
best-life
2013-01-19 22:55:23
maxima Мурат тууралуу менин пикирим жок,адамдык жакшы сапатка(инсандык касиети бар) ээ жигиттердин бири деп угам, а келинчегинин "Барби" экендиги корунуп турат.
0
Sydykova
2013-01-20 00:49:46
Аскаттын Альбинасы супер келинчек :)Адамгерчиликтуу,ичинде кири жок,дардандаган,ак конул кыз.Бактылуу болушсун
0
hottei
2013-01-24 12:39:13
Эркин Эгембердиев чын эле корозго окшош.Аялы татынакай экен
0
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан