Шахрезада Аскарова: «МЕНИН ЖАН ДҮЙНӨМ ЭМИ ЫРДАЙ АЛБАЙ КАЛДЫ»

"Тамаша айтсам күлөсүңбү,
Таарынып мага жүрөсүңбү?
Таарынба мага, жайдары кара,
Өзгөртчү эми мүнөзүңдү..." деген ыр саптарын укканда эле көз алдыңызга ырчы Шахрезада Аскарова тартылса керек. Элге эмгеги, ырлары сиңип бүткөнү менен, ырчы эжебизге мамлекеттик сыйлыктар эмгиче берилбеди. Албетте, бул өкүндүрөт.

«АЙЫЛДЫК КИТЕПКАНАДАГЫ КИТЕПТЕРДИН БААРЫН ОКУГАМ»
– Мен Чүй облусунун Сокулук районунда төрөлүп-өскөм. Биздин айылда украин улутунун өкүлдөрү абдан көп жашаар эле. Алар менен бирге ойноп жүрүп, кийин чогуу окуп калдым. Орус мектепке барганымдын да башкы себеби ошол болду окшойт. Бир үйдүн жалгыз кызымын. Энем эле бар. Атам экөө мен кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Активдүү окуучу болдум. Ал кезде гезит-журналдардын бирин калтырбай жазылар элек. Айылдагы китепканадагы китептердин баарын окуп чыккам. Энем кадимкидей эле барып китепканага арызданчу. "Менин кызым Шахрезада Аскаровага таптакыр китеп бербегиле. Ал жумуш кылбай калды. Картошкам үйүлбөй, үйүм жыйналбай жатат" деп. Мектепте болгон ийримдердин бирин калтырчу эмесмин. Анан да индия кинолорун ушунчалык сүйүп көрчүмүн. Киного барып кайра үйгө келатканда эле андагы ырларды жаттап алып, кыйкырып ырдап калар элем.

«АРХИВДЕ 3-4 ЭЛЕ ЫРЫМ КАЛЫПТЫР»
– Мектепти аяктагандан кийин Ленинградды көздөй жөнөдүм. Ал жактан Музыкалык педагогикалык училищенин оркестр бөлүмүндө балалайка жана баян аспаптарында ойноо жаатында окудум. Тилекке каршы, ал жактын нымдуу абасы ден соолугума жакпай, окууну таштап, кайтып келүүгө аргасыз болгом.
Бул жакка келгенден кийин бош жүрбөй, "Фрунзе" заводуна ишке орношуп алдым. Анда да музыкалык ийримдерине үзгүлтүксүз катышып турдум. Заводдун Мурат Маймылов жетектеген «Дастан» деген тобунда ырдадым. Кийин мени Финтехтин «Толкун» ансамблине чакырып калышып, ал жакка кеткем. Бир күнү эле "Улуттук филармониянын «Наристе» тобуна солистка керек" деген жарыяны угуп калдык. Үйдөн аябай даярданып барып өтүп кеттим. Андан бир жума өтпөй эле гастролго кеттик. Ошол кездеги ырларым тээ алыскы Алайда, Ат-Башыда, Лейлекте калды окшойт. Фонддо, болгону, жаздырылган 3-4 эле ырым бар экен.

«НАРИСТЕ» ТОБУНАН АТАГЫМ ЧЫККАН»
– Биздин убакта «Наристе» тобу абдан атагы чыккан топ болчу. Менин атагым ушул топто жүргөндө чыкты. Кай жерге барып концерт койбойлу, эл толтура. Аспаптарыбыз, костюмдарыбыз укмуш эле. Борборго койгон концерттик программабыз менен айылдарды кыдырчубуз. Эл кызылча чаап иштеп жүрсө, биз ошол талаага барып эле концертибизди коё берчүбүз. Гастролдон келгенде филармониядагылар «Наристе» келди, айлык алат экенбиз да" деп сүйүнүп калышчу.

«ШЕРКУЛ ЭКӨӨБҮЗДҮ КАЙНЕЖЕЛЕРИМ АЖЫРАТКАН»
– «Наристе» тобу жеке жашоомо да таасирин тийгизди. Топко жаңы барганда аскердик кызматын өтөп Шеркул Дүйшөналиев келип калды. Экөөбүз тең топко жаңы келгенбиз. Анан бири-бирибизге жардамдашып, сүйлөшүп жүрүп жакындашып кеттик. Кийинчерээк баш кошуп, бир уул, бир кыздын ата-энеси болдук. Бирок тагдыр бизди түбөлүккө кошпоптур, кийин ажырашууга туура келди. Чындыгын айтканда, эмне болуп ажырашып кеткенибизди Шеркул экөөбүз деле жакшы түшүнбөй калдык окшойт. Жер жамандап барбасын, бирок биздин ажырашарыбызды эки кайнежем чечип койгон. Кийин эки жакка бөлүп коюшту да, Шеркулду тез эле кайра үйлөнтүштү. А мен эки баламды кучактап жалгыз кала бердим.

«СЕМИЧКЕ САТКАН КҮНДӨРҮМ БОЛГОН»
– Ал кез 90-жылдар. Өлкөнүн кайра куруу жылдары менин жеке жашоомдун да кайра куруу жылдары болду. Балдарым менен жалгыз калганда аябай эле кыйналдым. Шеркул балдарды багууга таптакыр жардам берген жок.
Ар кайсы топторго кошулуп ырдап жүрдүм. Анан эгемендүүлүк менен кошо шоу-бизнес деген түшүнүк келди. Мен ал нерсеге таптакыр даярдыгы жок барыптырмын. Айла жок башка иштер менен алектенүүгө туура келди. Ал ортодо кызым ооруп калды. Дары-дармек, доктурдан доктурга дегендей. Акчанын айынан уюштуруу иштери менен да алектенип, той-топурга тамада болуп иштеп калдым. Эл демөөрчү издеп жаткан кезде, мен той издеп калгам. Андан тышкары да каражат табуу жаатында кандай гана иштерди жасабадым. Түнү менен камыр ачытып, таң атпай нан жаап, аны сатам. Манты, самса бышырып сатам. Бир ирет энем айылдан бир мүшөк семичке алып келген экен, аны кууруп саткан күндөрүм өттү.

«АКЧАМ БОЛГОНДО КЫЗЫМ АМАН КАЛАТ БЕЛЕ ДЕЙМ»
– Азыркы заманда баарын акча чечип калды. Илгери баарын аң-сезим, намыс, ички дүйнө чечет дечүбүз. Азыр андай эмес. Биз, Совет мезгилинде билим алгандар, 2ге 2ни кошсо 4 болот десек, азыр көрсө, 4 эмес, 5 же 6 кылсаң да болот экен. Мен бул нерсеге кызым ооруп реанимацияда жатканда карайлап акча таппай, курбуларыма жалдырап жүргөн күндөрү ынандым. Эгер ошол кезде менин акчам көп болгондо, балким, кызымды аман алып калат белем деп ойлойм. Жашоодогу бир арманым ушул болду. Кызым 5 жашынан оорукчан болуп, 25 жашка толгондо оорусу аны менден алып кетти.
Азыр кээ бирлер «колу-бутуң бошоду, эми чыгармачылыкка киришпейсиңби» деп айтып калышат. А менин жан дүйнөм эми ырдай албай калды. 20 жылда абдан көнүп бүтүптүрмүн. Азыр кыйналсам да кызымды карап, ага убагы менен тамагын, дарысын берип жүргөн күндөрүмдү сагынам.
Азыр, Кудайга шүгүр, энем, уул-келиним, 2 неберем бар. Уулум менен келиниме «мен барда, жардамым тийип турганда иштегиле, бутуңарга тургула. Заман кыйын, акчаңар болбосо тебелеп-тепсеп кетет» дедим. Алар азыр Астанада иштеп жатышат. Неберелерим менде. Бакчага барабыз, кайра келебиз, ойнойбуз дегендей.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
zuzu86
2013-01-14 11:50:31
Абдан сонун макала! Ш.Аскарова биз кичине кезде кандай жылдыз эле. Эмгиче бир сыйлык албаганы окундурот... Туура айтат азыр акча эле чечип калбадыбы. Сайкал Садыбакасова "Маданияттын мыкты кызматкерин" алып аткандан кийин баары тушунуктуу да... Эх заман, заман...
+9
jhanibek
2013-01-15 15:09:49
zuzu86, Эженин таланты бааланбай калды да,Сайкал маданияттын мыкты кызматкери,башканы билбейм менин лично кулкум келди
+6
Cyldyzka
2013-01-14 16:22:26
Tuura aytasız ece akçan bolso adamsın azırkı caşoodo
0
dicha80
2013-01-14 20:32:48
Ай эжеке!Бул макаланы окуп алып,аябай сизге боорум ооруду.90чу жылдары кимдер гана кыйналбады бирок сиздин кыйналганыныз ото оор болгон тура...Эми ал кыйынчылыктар.жамандык артта калсын.Ден соолугунуз чын болуп балдарыныздын неберелериниздин омурун берип убайын корунуз!Сиздин ырларыныз менен чоноюп сизди эжедей коргон эскиден Оштук куйорманыныз...
+1
zvezda...
2013-01-15 01:37:04
Даа,бул эже убагында сонун ырлары менен чыкчу.Эч кандай сыйлык ыйгарышпаганы мени да аябай окундурду((( Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет болуп,кыйынчылыктарды коп корупсуз.Эми уул-келиниздин,неберелериниздин жакшылыгын коруп,бактылуу омур сурушунузду каалаймын!
+4
kristall
2013-01-15 12:30:04
Шахрезада эжеге куч кубат каалайм. Убагында кандай ырчылардын эмгектери бааланбай калды. Озу айткандай кызылча талаасына гастролдоп барып ырдашып... Азыр 1 ыр ырдап, 1 клип тартып койсон мыкты кызматкерсин. Пулун болсо кулунмун деген заман да. Жашоодо кара тилке, ак тилке болот дегендей, эмки жашоонуз жалан ак тилке болсун, эже! Силердин ырларды ошол кездеги "поколение" билебиз.
+3
nurbek_posol
2013-01-15 14:37:40
"Шахрезада Аскарова ырдап жатат" деп, "Арноо концерти" беруусу болуп жатканда, телевизордун тушуна тизилип калчубуз. Бакыт каалайм эже сизге.
+1
Kantemir
2013-01-15 18:33:14
Шахрезада эже, азаматсыз мен сизди сыйлайм.Неберелердин жытына мас болуп журо бериниз.
+1
Narynbek
2013-01-15 22:21:50
Убагында ырларын жакшы көрүп укчубуз.Абдан жакшы ырдачу.Бактылуу болуңуз!Неберелердин сыйын көрүп,чебере көрүңүз.
+1
maha_zum
2013-01-16 00:08:37
Daa biz kichine chakta gezit betine da chikkani esimde kizi oorup jatat degenderi,jashoosu kiyin bolgonun da ukkan elem oshondo ele boorum oorugan ,sizge den sooluk kaalaym nebereleriniz menen jirgaap otura beriniz irdap emne kilasiz zato el bilet ,el baalayt sizdin kanday irchi bolgonunuzdu .
+1
Anisaydan
2013-01-16 02:50:23
Уул-келининиздин, неберелериниздин сый-урматын корунуз.Алла эки дуйно бактылуулугун насип кылсын!
+1
gvlqoro
2013-01-16 13:17:13
жаратка алла мындан ары сизге бекем денсооук жар кылсын !!! аткарган ырларыңыз бул күндөда бул (кытайда )жакда угуп жүрөбүз.
0
Begim8678
2013-01-16 14:14:37
Сиздин озгочо унунуз мага абдан жакчу
+1
Atamdynkyzymyn
2013-01-19 10:51:49
Unun abdan jagymduu,anan ukkuluktuu ele..
"Shay shay shay shay shay shay shay koinokchokchon,
Gul gul gul gul gul gul gul gul joolukchan"-
degen yry ozgocho jagaar ele.Kyzyna jaman boluptur.Abdan boorum ooruyt.Eje tuura aytat, oorukchan bolso da
0
kadam
2013-01-20 21:21:56
Туйшук менен мээнетти жакшы эле тарттыныз.Эми калган омурунуз эч нерсенеден кемибей,бакубат,доолоттуу болсун.бейиш сиздин таманынызда!
+2
noeli
2015-04-28 13:22:54
ээ менин эн биринчи суйгон ырчым.Эже семичке сатып отурганда менин атамдар оштон бишкекке шам сатканы келишет,анан тизилип семичке сатып отургандарга барып ,шам алыныздар деп атышса Шахрезада эже :акча жок шамга дептир,анан атам :сизге бекер деп бериптир.Ий рахмат мен байыганда келиниз деген экен эже.Ылайым бар болунуз бай болунуз.
+1
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан